КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада сизге шашканга таптакыр болбойт. Бардык ишти жасоодо алаксыткан нерселерге көңүл бурбай иштөө керек болот. Антпесе ката кетирип алуу коркунучу бар. Үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестик жаралып калышы мүмкүн.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сүйүктүүңүзгө сезимдерди билдирүүдө марттык кылып коюшуңуз керек. Жакшы көрөрүңүздү айтыңыз, белек бериңиз. Бардык букачарларды чарчаткан апта болмокчу. Болуп өткөн окуялардын арасында жакшысы да, жаманы да аралаш жүрөт. Эс алууга убакыт тапканга аракет жасаңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизди алдагысы келгендер чыгат. Чала тааныш адамдар менен алака түзүүдө сак болуңуз. Соода иштеринде акчага так болуп, кылдат санаңыз. Акчаны пайдасыз нерселерге жумшап алып бармак тиштеп калышыңыз мүмкүн. Жаман адаттарыңыз болсо таштоого мезгил келди.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бир нерседен улам сезимдериңиз жабыркап, көп адамга таарынасыз. Колдон келишинче маалыматтарды же бирөө жасаган мамилени жүрөккө жакын кабыл албаганга аракет жасаңыз. Жаңы максаттарды алдыга коюп, аларды ишке ашырчу жолдорду ойлоносуз. Түгөйүңүз ийгиликке жетелейт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Мурда кетирген каталарыңызды эстеп, аларды жоюуга аракет кыласыз. Жакын туугандар, достор менен болгон мамилелерди талдап чыгып, алардын ал-акыбалын сурап чыгыңыз. Бирөөгө убада берүүдөн мурун шартыңызга көз жүгүртүп алыңыз. Эс алуу күндөрү пайдалуу өтөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакынкы келечекте сизди кубандыруучу нерселер күтүп жатат. Бул үчүн сизден бир аз күч талап кылынат. Жакын досуңуздан жардам сурайсыз. Ата-эне, бала-чака менен болгон мамиле бир аз солгундап, үйдөн анча чоң эмес уруш чыгуусу күтүлүүдө.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акча-тыйын, акыл-эстин баарын ден соолук үчүн сарптаңыз. Ден соолукта маселе жаралбаса дагы профилактика үчүн текшерүүлөрдөн өтүп коюу сунушталат. Чоңураак долбоор, пландарды ишке ашырып баштабай туруңуз. Оор мезгилге туш болуп калышыңыз ыктымал.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта ичинде маанайыңыз көтөрүңкү жүрөсүз. Чакан жолугушууларга, жаңы кадамдарды жасоого ылайыктуу апта болот. Сүйүү жаатында да ийгилик жылоолой турган мезгил. Жуманын башында сизге пайда алып келе турган сунуш түшүп калышы мүмкүн, баш тартпаңыз.
Келечекке пландарды түзүүнү кийинкиге калтыра туруңуз. Учурдагы абалыңыз деле план түзүүдөн башка иштерге жык болот. Жумушта, бизнесте же башка кылган ишиңизде чоң жарыштар күтүүдө. Тер төккөнүңүздүн акыбети кайтып, жагымдуу жыйынтыкка ээ болосуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Туугандар менен болгон мамиледе чыңалган кырдаал жаралат. Позицияны, көз караштарды өзгөртүп, айрым принциптер менен коштошууга туура келет. Бирөөдөн карыз акча албаганга аракет кылыңыз. Кошумча жумуш иштөөнүн үстүнөн ойлонуңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жумушуңузда жагымсыз “сюрприздер” орун алат. Кесиптештерге сыр ачуудан этият болуңуз. Үй-бүлө мүчөлөрү сиздин камкордукка муктаж болуп жатканын сезесиз. Өткөн-кеткенди көзгө жаш алып да, кубанып да эскере турган эски таанышка же досуңузга кезигесиз.
Арыктоо үчүн тамак-ашты тарта жейм деп даярданып жүрсөңүз, артка жылдырыңыз. Ден соолук маанилүү экенин эске алыңыз. Ачка жүрүп ашказан, ичеги ооруларына чалдыгып калышыңыз мүмкүн. Апта ичинде сиздин жашооңузга бурулуш алып келчү адамга жолугасыз.