Аваз Акимов, ырчы: “АЙДАНА ЭКӨӨБҮЗ БИРИ-БИРИБИЗДИН КӨЛӨКӨБҮЗДӨ КАЛБАГАНГА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ”

Ырчылар Айдана Дека менен Аваз Акимов үйлөнүп, балалуу болуп, ата-энелер айткандай, очор-бачар болуп калышты. Апта каарманы менен үйлөнгөндөн кийин аял киши кантип өзгөрөрү, жубайы экөөнүн ортосундагы айырмачылыктар, учурдагы көйгөйлөр тууралуу маектештик.

– Аваз, азыр ден соолукту баалап калбадыкпы. Биринчи ден соолуктан баштайлы. Үй-бүлөң жакшыбы? Өзүң ооруган жоксуңбу?

– Шүгүр, ден соолук жакшы эле. Үй-бүлөм да жакшы. Бул пандемия ден соолуктун эле эмес, өмүрдүн, көңүлдүн, жашоонун баркын сездирип койду окшойт. Байлык да, бийлик да, атак-даңк да маанилүү эмес экенин билдирип койду. Иши кылып дүйнө жүзүн бир силкиндирди. Мурун көпчүлүк, анын ичинде мен да бармын, башка нерселерди бакыт деп санап калган экенбиз. Өзүмдү эле алсам, тойлор, концерт жана башка деп жүрүп жашоо мени жандап эле өтүп бараткан экен. Бош отуруп калганда көп нерседен ырахат алса болорун түшүндүм. Мурун чымчыктын сайраганына да көңүл бурбай калган экем. Азыр кайра жаралгандай болуп жатам. Бир сөз менен айтканда, жашоомду анализдегенге бир негиз болду. Менин оюмча, дүйнө эли оор уйкудан ойгонгондой болду окшойт. Бул абалдан тез чыгып кетсек деп тилек кылып жатам.

– Учурда эмне менен алексиң?

– Эми бош отуруп калганыбызга жарым жылдай болуп калбадыбы (күлүп). Үйдө эле, сыртка көп чыкпай, майда-барат иштерди бүтүрүп жатам. Айылга барып келдик. Анан эл оор абалда турганда эл өкүлдөрү эмес, ырчылар көп жардам берип жатышты. Сырттан карап тура албайт экенсиң, мен дагы колдон келген жардамымды берип жатам.

– “Каражат кантип табам?” деген ой баарынын эле башына келсе керек, сени да түйшөлттүбү?

– Мен деле “мындан ары кандай болот?” деп ойлондум. Эми Жараткан эч кимди ырыскысыз таштабайт экен, ага көп деле тынчсызданган жокмун.

– Үйлөнгөнүңө эки жыл болуп калды, кээде казан-аяк кагышып кетип жатабы?

– Бизде казан кагышпайт, кашыктар эле кагышат (күлүп). Биз андай нерседен өтүп кеттик окшойт. Азыр бири-бирибизди изилдеп бүттүк. Урушканда да алдын ала сүйлөшүп алсаң болот, “менин жиним келип жатканда сен минтип тур, сенин жиниң келип жатканда мен мындай кылам” деп. Бизде чоң пикир келишпестик жок. Бир уруш болгон жерден кырк күндүк ырыскы качат деген сөздү аябай мээге түйүп алганбыз. Тултуюшуп калсак “ий, ырыскыбыз качып кетпесин, кой, токтотолу” деп күлүп калабыз.

– “Аялды түшүнүү үчүн да психолог болуш керек” дешет...

– Айдананы түшүнгөнгө аракет кылам. Албетте, кээде түшүнүксүз нерселер болуп турат, анткени эркектер такыр башкача ойлонобуз, аялдар башкача ойлонот. Элдин баары эле билсе керек, Айдана шаарда өскөн кыз, мен айылдык жигитмин. Кээде түшүнүктөрүбүз ушул жерден кагылышып кетет. Анткени ал ачык, тайманбайт, оюндагысын айтып салат. Мен айылда чоңойгон үчүн тарбия башкача, “мындай болбош керек” деген нерселерим көп. Бирок ал этаптан да өттүк. Айдана эрке болчу, мен ага башында чоң ата болуп алгам (күлүп). Айылда кандай болуш керек, ата-энеге кандай келин болуш кажет, эркекке кантип мамиле жасаш керек, аркы-беркинин баарын үйрөттүм. Азыр сонун болуп калды. Көз тийбесин.

– Чыгармачылыкта күйөөсү аялынын көлөкөсүндө же аялы күйөөсүнүн көлөкөсүндө калып калат. Аваз Айдананын көлөкөсүндө калдыбы же Айдана Аваздынбы? Башка да варианты болушу мүмкүн, түгөйлөр экөө тең салмактуулукту сактаган...

– Бирибиз көлөкөдө калганда экинчибиз чыгып турабыз го (күлүп). Негизи экөөбүз тең көлөкөдө калбаганга аракет кылабыз. Биз бири-бирибизди колдоп, идеяларды берип турабыз. Айдана эне болгонго чейин такыр башкача болчу, таңкы алтыда туруп, түн жарымына чейин иштечү. Ага шоу чөйрөдө болуу аябай жакчу. Ырахат алчу, жасаган ишинен чарчачу эмес, тыпылдап эле чуркап жүрчү. Эне болгондон кийин башка Айдана болуп калды, кызыбыздын жанынан чыккысы келбейт. Мурункудай күйүп-жанып кетпейт, барыш керек болгон жерден көп учурда баш тартып коёт же бат эле барып келе калат. Бирок мен “кызыгууң тарап кетпесин, элдин алдында көп бол” деп жатам.

– Кызыңар кимге окшош?

– Мага, менин кичине кезиме окшош.

– Кел, эми чыгармачылык тууралуу сүйлөшөбүз. Ырчылар той ырларына ыктап, чыгармачылык калып калгандай болду эле. Эми чыныгы чыгармачылыкка басым жасоого убакыт келдиби?

– Патриоттук ырларга убакыт келгендей сезилип жатат. Эл кыйналып жатса, шаңдуу ыр чыгара алчудай эмессиң. Көкүрөгүң эл деп калат экен. Ошондой маанайда жүрөм, калганын убакыт көрсөтөт.

– Ыктыярчылардын тобунда ырчылар көп, жакшы иштерди жасап жатышат. Арасынан саясатка келе турган, ошондой өзөгү бекем адамдарды көрүп жатасыңбы?

– Мен Алтынай Нарбаева, Анжелика, Урмат Усенов жүрөгү менен эл үчүн күйүп-бышып жардам берип жатканын көрүп жатам. Дагы көп маданият өкүлдөрү чуркап жүрүшөт. Ыраазы болдум, ушул адамдар барам десе, чын дилден колдоп бермекмин.

– Өзүңдү бул жакка кошпойсуңбу?

– Жок, мен эч качан саясатка кызыккан эмесмин. Ырчы катары эле өз ишимди кылып жүрө бергим келет. Бирок жаран катары бийликтин мүчүлүштүктөрүн, элди оор абалда калтырып салышканын көрүп нааразы болуп турам. Жеке эле ырчылар эмес, сиз айткандай, өзөгү бекем, эл үчүн иш кыла турган кандай адам болсо да колдойт элем.

– Элибиз аман болсун, маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aranida
2020-07-21 02:46:31
Бактылуу болгула
+5
rola
2020-07-22 14:45:19
Коз тийбесин.
+2
rola
2020-07-22 14:45:41
Коз тийбесин.
+2
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан