ПАРЛАМЕНТ ЧУКУЛ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛАБЫ?

Коронавирус жайылып, өкмөт абалды жөндөй албай, вирус жүздөгөн жарандын өмүрүн алып жаткан кезде Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2 айга каникулга тарап кеткени коомчулукта кескин нааразычылыктарды жаратып, талкуулар “парламент тарасын” деген өңүткө өтүп баштады.

Парламентти чукул жыйынга чакырып, коронавируска каршы күрөштө өкмөттү “камчылап” иштетпесе, абал күн сайын оорлоп баратканын айткандар да көп.

Кезексиз жыйын өткөрүү зарылдыгын айтып айрым депутаттар төрага Дастан Жумабековдун атына кат жазышты. Буга Жогорку Кеңештин аппараты кезексиз жыйын 3 депутаттын кайрылуусу менен өтпөйт деп жооп узатып тим болду.

“Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, сессиялар аралык мезгилде спикер президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин сунушу боюнча гана кезексиз жыйын чакыра алат. Башкача айтканда, айрым депутаттардын сунушуна Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн бири кошулушу керек”,- деп айтылат маалыматта.

Бул чакырыктарга катар "эпидемиялык кырдаал жөнгө салынгыча келерки парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу керек" деген чакырыктар да басымдуу болууда. Депутат Наталья Никитенко медицина эпидемияга туруштук бере албай жаткан шартта миллиондорду коротуп шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирин айтты.

Дал ушундай коомчулуктун нааразы маанайына өлкө башчы да туш болду. Алсак, президенттин учурдагы абалга байланыштуу жарандарга кайрылуусуна жакты белгисин баскандардан жактырбай дизлайк баскандардын саны эселеп көп болду.

Белгилей кетсек, келерки парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан