Белгилүү аалым, мурдагы муфтий, Кыргыздын чыгаан уулу Чубак Жалилов 11-июлда вирустук пневмониядан көз жумду. Анын сөөгү 11-июлда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы өзү туулган айылда, миңдеген санаалаштарынын катышуусунда жерге берилди. Ал болгону 45 жашта болчу.
Чубак Жалилов 1975-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген. Күчтүү диний ишмер катары Кыргызга гана эмес, Орто Азия чөлкөмүнө таанымал инсан эле. Анын өлүмү миңдеген кыргызстандыктарды кайгыга салды.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Чубак Жалиловдун мезгилсиз көз жумганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg