Кубатбек Боронов: “АБАЛ ООР БОЙДОН КАЛУУДА”

Кыргыз жеринде коронавирус жараткан абалга каршы күрөштүн жыйынтыгы көңүл жылытарлык эмес. Муну 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда моюнга алды. “Өлкөбүздө кырдаал оор бойдон калууда. Жарандарыбыз күндө бул дүйнө менен кош айтышууда” дейт премьер. Бул эпидемия башталгандан тарта июнь айына чейин биринчи вице-премьер катары республикалык штабды, июндан тарта өкмөттү жетектеп жаткан негизги жооптуу чиновниктин сөзү.

Расмий маалыматка таянсак, ушул жылдын март айынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирустан 149, вирустук пневмониядан 497 адам кайтыш болду.

Боронов COVID-19 жана пневмонияга карата жакында Индия, Орусия, Иран өңдүү өлкөлөрдөн дары-дармектер сатып алынарын кошумчалады. Жаз айларында 3 айга чукул карантин жарыялап, эл үйдө камалып отурганда эл аралык каржы уюмдарынан жарым миллиард доллардан ашык кредит жана грант алган өкмөт эмне үчүн дары-дармекти эми сатып алганы жатат деген суроо жоопсуз калууда. Ооруканалар эбак толгон. Ишкерлердин, жарандык активисттердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын көмөгү менен стационарлар ачылып, ыктыярчы топтор жардамга келип, бейтаптарды кабыл алууда.

Коңшу казак ЖМКлары учурдагы социалдык жана экономикалык оор кырдаал Кыргыз бийлигин саясий туңгуюкка каптады, учурдагы бийликтин доору бүттү деп кыйыта башташты. Бул Кыргыз өлкөсүн жетектеп жаткандардын уйкусун буза турган көрүнүш.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан