Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев коронавируска каршы турууда дары-дармектин 3 айга жеткидей корун камдоо тапшырмасын берди. Маалыматты президенттик аппаратка таянуу менен коңшу өлкөнүн ЖМКлары жарыялашты.
“Канча акча керек болсо беребиз. Ал эми дары-дармектер кымбаттаса элдин нааразычылыгы жаралат. Биз муну катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Резервде жок дарыларды алып келебиз”,- дейт Мирзийоев. Ал азык-түлүктүн бааларын да катуу көзөмөлгө алуу керектигин билдирип, “кышка даярдыкты бүгүнтөн баштайбыз” деди.
Кыргыз өлкөсүнүн чамасын кышка чейинки эле күндөр сынап жатат. Дарыканаларда дарынын баалары асман чапчып, коомчулукта катуу нааразычылык жаралган соң гана өкмөт кыймылга келип, кампаларда катылып жаткан дефицит дарыларды таап чыгышты. Бирок аларды ким, кайсы чиновниктердин фирмалары катып жатканы айтылган жок. Вирустук пневмониядан каза тапкандардын саны күн санап өсүп баратат. Ал эми коңшу Өзбекстан эпидемиялык абалдан жыйынтык чыгарып, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды өз аймагында өндүрүүгө киришти.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg