Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун билдирүүсү делип интернетке тараган аудио текшерилет. УКМКнын маалыматына таянсак, аудиодо өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырык бар же жок экенин аныктоо үчүн экспертиза дайындалмакчы. Анын жыйынтыгына жараша билдирүү боюнча укуктук баа берилет.
Буга чейин интернеттеги социалдык түйүндөргө Максат Сабиров деп белгиленген кишинин үнү жазылган кайрылуу тараган. Кайрылуу жасаган адам айылдаштарына карата “мен азыркы бийликке каршымын. Эми баарын ачык айтам. Журт бузарларды араңардан кууп чыккыла” деген маанайдагы сөздөрдү айтат.
Сабиров өзү ЖМКларга комментарий берип, бийликке каршы чыгуу боюнча эч кандай сөз айтпаганын, жарыяланган билдирүүдөн кабары болбогонун, УКМКга чакырыла электигин билдирди.
Максат Сабиров Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат. Акыркы мезгилде парламент трибунасынан төрага Дастан Жумабековдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу кескин сындарды айтып жүрөт. Сабиров мүчө болгон "республикачылар" быйыл күздө өтүүчү парламенттик шайлоону артка жылдырууну да сунуштап жатышат.
Көпчүлүк аталган шектүү аудио боюнча экспертиза кандай жыйынтык чыгарарына, УКМКнын мындан аркы аракеттеринин кандай болоруна кызыгып турган учур.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg