Кыл кыякчы, ырчы Гүлнара Сыдыкбекова Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенет. Тагдырдын сыноосуна кабылып, ал 10 жылдан бери эмчек рагы менен күрөшүп келет. Каарманыбыз жардамга муктаж экенин, башынан өткөргөн оор учурларын көзүнө жаш алып айтып берди. Бул маектен кыл кыякчынын чыгармачылыгы менен да кенен тааныша аласыз.
– Саламатсызбы, Гүлнара айым? Рак илдети менен күрөшүп жүргөнүңүздү жарыяладыңыз. Бул илдетке качан кабылдыңыз, кандай чараларды көрдүңүз, ошол тууралуу айтып берсеңиз...
– Саламатчылык. Мен 1989-жылдары эки бөйрөгүм гломерулонефрит болуп, заарам чыкпай ооруп, андан айыккам. Андан кийин кант диабетине чалдыктым. Кант диабети вульванын лейкоплакиясы (ред: гинекологиялык оору) оорусун чакырды. Аталган оору ракка алып келди. Вульванын лейкоплакиясын дарылап жүрдүм. Бирок бул учурда маммологго да текшерилишим керек экенин билген эмесмин. Бир ирет медицина тармагында иштеген эжем эмчегимди карап көрүп, эки эмчегимде тең шишик бар экенин айтты. Эртеси эле онкологиялык ооруканага бардым. Дарыгерлер “операция жасаш керек” дешти. Операция болом деп даярданып жатсам кудагыйым чалып, “дарыгердин бир сөзү менен эле операция кылдырганы жатасызбы? Чөп менен дарылаган тамырчы кишини тааныйм. Барып көрбөйсүзбү?” деди. Барсам ал киши тамырымды кармап, “эки бөйрөгүң эптеп эле иштеп жатат. Азыр сенде метастаз бар. Операцияда эмчегиңди кескенде аба кирип кетсе, дароо метастаз жайылып кетет. Турбай каласың” деди. Чочулай түштүм. Ошол кишиден жарым мүшөк чөп сатып алып, вульванын лейкоплакиясын дарылай баштадым. 3 литр заараны кайнатып, клизма жасап, чистотел чөбүн демдеп, аны менен да клизма кылып жаттым. Пиязды эт туурагычтан өткөрүп ширесин чыгарып тампон кылчумун. Табарсыктын үстүнө пияз менен чеснокту койгондо чыдабай кыйкырып ыйлачумун. Ушундай запкы көрдүм. Үйдө жалаң эркек кишилер болгондуктан процедураларды түндө алар уктаганда жуунуучу бөлмөгө кирип алып жасачумун. Ошол жакта уктап калган күндөрүм болду. Ушул тамырчы киши вульванын лейкоплакиясы оорусунан айыктырды. Мындан кийин ал киши эмчегимди дарылап баштады. Ошол кезде диетага отуруп 30 килограммга арыктап, 45 килограмм болуп калдым. Онкологиялык ооруну айыктырам деп эч ким кепилдик бербейт. Операция деле ийгиликтүү өтөт деп эч ким айта албайт да. Тамырчыда дарыланып жүрүп, метастаз көбөйүп кетти. Ошол кезде тааныштарым Алматыдан келген табыпка көрсөтүштү. Ошентип Алматыга каттап, дарыландым. Карантиндин айынан азыр Алматыга бара албай калып, эмчегим 5-6 жеринен жарылып, оору күчөп кетти. – Эми эмне кыласыз?
– Азыр операциядан башка жол жок экенин түшүнүп турам. Ошол себептүү операция жасатууга макул болуп, даярданып жатам. Эмчегимдеги тешиктер бүтөлүп, ириң, кан акпай калганда гана операция жасашат экен. Андыктан качан операция жасашат, канча каражат керек азырынча билбейм. Карантин башталгандан бери жолдошумдун жумушу жакшы болбой, дарылануу, операция үчүн жардамга муктаж болуп отурам.
– Акча топтолуп, айыгып кетиңиз. Психологдор рак илдети таарынычтан улам пайда болот деп айтышат. Сиздин жашооңузда чоң таарыныч болгон беле?
– Мен атамды аябай жакшы көрчүмүн. Анын 14 жашымда дүйнөдөн өтүп кеткени мага чоң сокку болду. Ал рактан каза болгон, башында шишик бар болчу. Атам каза болгондон кийин ар бир окуяда “атам бар болсо башкача болот эле” деп ойлой берчүмүн. Андан тышкары өзүм сезимтал адаммын. Ошол мүнөзүм өзүмө жакпайт. Бирөө жаман сөз айтса деле капа болуп, ал сөз жүрөгүмдө жүрө берет.– Эми чыгармачылыгыңыз тууралуу сүйлөшөлү. Чыгармачыл чөйрөдө сизди Чардаш эже деп коюшат экен?
– Ооба. “Чардаш” италиялык композитор Витторио Монтинин чыгармасы. Ооруп жүргөндө позитивдүү жашоо образын түзөйүн деп ырдап, клип тарттырып иштеп калдым. 2013-жылы “Чардаш” классикалык чыгармасын 4 кылдуу кыякта ойноп, ага Кыргызстанда биринчи жолу клип тарттым. Ошондон кийин Чардаш эже деп кайрылып калышкан. Бул мактаныч эмес. Ооруганда адам "эмне жасадым?" деп ойлонот экен. Ошол себептүү жасаган эмгектеримди айтып турууну чечтим. Дагы бир өзүм ыраазы болгон эмгегим – Жумамүдүн Шералиевдин “Түшүмдө” чыгармасын төрт кылдуу кыякка салып ойнодум. Мен бир ишти жасасам, мыкты деңгээлде жасашым керек. Болбосо жасабашым керек. Бул чыгарманын үстүндө 2 жыл иштедим. Жаздырып бүткөндөн кийин Жумамүдүн Шералиевдин кыздары Нарынкүл жана Турдугүл Шералиеваларга жөнөттүм. Нарынкүл эже “Гүлнара, керемет ойноптурсуң. Музыканы угуп алып көзүмө жаш алдым” деди. – “Өмүрлүк жарыма” аттуу ырыңыздын клибине үй-бүлөңүздү тарткан экенсиз...
– Мен ооруп калганда дайыма жанымда болуп, колдоо көрсөткөн жолдошума ыраазымын. Ал менин клиптеримдин да демөөрчүсү. Ыраазычылыгымды билдирейин деп Надырбек Алымбековдун “Өмүрлүк жарыма” аттуу ырына обон жаздырып, ырдап чыктым. Пендебиз да, алдыда эмне болуп кетерин билбейбиз, бул ыр эстеликке калсын деп ойлондум. Ошондуктан клипке жолдошум, 3 баламды, неберелеримди да кошуп тарттырдым.
– Чыгармачылыкка кантип аралашып калгансыз?
– Нарын облусунун Ат-Башы районунун кызымын. Учурда 57 жаштамын. Кичинемде атам Ат-Башы районунда "Жеңиш жолу" гезитинде редактор болуп иштечү. Айылга чыгармачыл адамдар келсе, атам мончосун жагып үйгө чакырчу. Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шакеева, Жамал Сейдакматова келишчү. Алар мени ырдатып, атама “ушул кызыңдан бир нерсе чыгат, музыкалык мектепке алып бар” дешчү. Атам алардын кеңеши менен мени музыкалык мектептин комуз бөлүмүндө окутту. Кийин 1979-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыяк бөлүмүнө тапшырдым. 1981-жылы 2-курста окуп жатканда КПССтин 26-съездинде Кремлге барып, Атай Огомбаевдин “Маш ботоюн” ойноп келгем. 1988-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырдым. Окуп жүрүп эле 1986-жылдан тартып филармониянын астындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде иштей баштадым. Ошол күндөн ушул убакка чейин ошол оркестрде иштеп келем. Эмгегим бааланып, 2018-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Ага чейин "Маданияттын мыкты кызматкерин" алгам. Мындан башка да көп сыйлыктарым бар.
– Ооруп жатсаңыз, оркестрде кантип иштеп жатасыз?
– Ооруп калганда жумуштан суранам. Жакшы болгондо барам. Мени колдоп келген кесиптештериме ыраазымын.
– Маегиңизге рахмат. Тезирээк сакайып кетиңиз. Дагы далай чыгармаларды элге тартуу кылыңыз.
Гүлнара Сыдыкбековага жардам берүүнү каалагандар үчүн: Элсом: 0772 148 886
Перизат Музуратбекова
star@super.kg