АСЕЛ КАДЫРБЕКОВАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

Жол кырсыгына кабылып, ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

– Асел Кадырбекованын акырегине 9-июлда операция жасалган. Ал алгачкы кадамдарды жасап, кыймылдай баштады. Учурда жандандыруу бөлүмүндө, жанында апасы бар. Абалы аз-аздан жакшырууда,- деди ал.

Ал эми ырчынын жолдошу Нурлан Насип Инстаграм баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазды:

– Кудайым чоң кырсыктан сактап, дарыгерлердин жардамы, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыз менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык. "Асел кандай болуп калды?" деп сурагандар көп. Кыскача айта кетейин. Алдыга жылыш бар. Бирок калыбына келишине көп убакыт керек экен. Кудай буюрса, убакыт баарын дарылайт.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан улам жалпы 3 адам жаракат алган.

Ырчы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эс-учун билбеген абалда бир аптадай жаткан.

“Жол кырсыгын жараткан” деп шектелген жаранга иш козголуп, Бишкектин Свердлов райондук соту шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган. Шектелген жаран ооруканадан Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына которулганы маалым болду.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан