– Ырдын тексти, обону Чубак ажы каза болгонго чейин эле жазылган. Негизи кыргыздын залкар инсандарына арналган ыр болчу. Обонун аябай жактыргам. Чубак ажы каза болду дегенди укканда эки күн бою ыйлап жүрдүм. Агам Мажит Кабылов “ушу ырды Чубак ажыга эле арнабайсыңбы?” деп калды. Жүрөгүмдөгү бук ушуну менен чыгып кеткендей болду. Сөзү да, обону да ал адамдын басып өткөн жолуна дал келгендей. Буюрса, жакында даяр болот.
Мен Чубак Жалилов менен тааныш элем. Мени көп учурда колдочу. Сахнага кайтып ырдап баштаганда “кааласаң ырдай бер, бирок суранарым, жоолугуңду чечпе. Тарбияга чакырган ырларды ырдаганга болот” деген. Аялдардын укугун аябай коргочу. Мен ажырашып, оор кырдаалды башымдан өткөрүп жатканда укугумду коргоп берген. Бул асыл адам кыргыздын жүрөгүндө жашай берет.
Чубак Жалиловдун элесине арналган ырдын аты “Атыңыз жашайт жүрөктө” деп аталат. Обонун Ильяз Абдыразаков жазган, ал эми сөзү акын Жылдызбек Турсунбаевге таандык.