– Бул коммерциялык тасма эмес. Өспүрүм балдарга арналып тартылууда. Маалым болгондой, өспүрүм балдар арасында суицид көп болуп кетти. Ошол нерсенин алдын алуу максатында жасалып жаткан эмгек. Билим берүү министрлигинин буйругу менен тартылып жаткан тасмада мен башкы ролдордун бирин ойнойм. Фильм тартылып бүткөндөн кийин мектептердин баарында көрсөтүлөт. Жок дегенде бир баланы ошол жаман ойдон сактап калсак, бул биздин жеңиш болот. Тасма өспүрүмдөрдүн көп көйгөйүн ачып берет. Кыргыз элине белгилүү актриса Жамал Сейдакматова да бул тасмага тартылат. Тартуу иштери аяктап калды. Фильмдин саундтрегинин музыкасын мен жазгам. Тасмабыз көпчүлүккө жагат деп ишенебиз.