Бул куудулду көпчүлүк Владимир Ильич Ленинге, өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаевге окшоштурушат. Ал аталган инсандарды туурап, алар тууралуу тамашаларды аткарганы менен белгилүү. 30 жылдан ашык сахнада жүрсө да, эч кандай мамлекеттик наам ыйгарылбаган куудул, актёр Жамбыл Камчиевдин чыгармачылыгы, атактуулукка карай жолу тууралуу кеп курабыз.
«МАМЛЕКЕТТЕН АЛГАН БАРАК ТИБИНДЕГИ БАТИРДЕ ЖАШАЙМ»
Мектепте театралдык ийримге катыштым. Кийин Ош педагогикалык институтунда окуп жүргөндө биз окуган филология факультетинин деканы, профессор Сүйүнтбек Ибрагимов деген киши ыр кеселерге, КВН, түрдүү салтанаттарга мени катыштырып, дайыма колдоп турду. Ошондо эле сахнада өзүмдү алып жүрүүнү үйрөнүп, куудулдук өнөрүм өркүндөптүр. Институтту бүтүп жатканымда иш-чараларды алып барып жүргөнүмдү көргөн Шамшыбек Өтөбаев «Назик» эстрадалык тобунун иш-чараларына алпаруучу болосуң» деп институтка лаборант кылып алып калды. Бир жылдан кийин топ тарап кетти. Мен Оштогу Маданият үйүнө методист болуп жумушка кирдим. Ошол жакта концерт уюштуруп, концерттерге катышып жүрдүм. Маданият үйүнүн директору Кадыр Кубатов деген киши да мени колдоп, командировкаларга жиберип, концерттерге катыштырчу. Маданият үйүндө иштеп жүргөндө Владислав Еремеев деген директор келип калды. Ал «жумушчулардын өздөрүнүн батири болушу керек» деп мэрияга чуркап жүрүп, батири жок мамлекеттик кызматкерлерге кезек менен батир берилүүсүн жөнгө салган. Ага чейин баш аламан эле иштеп жүрүшкөн экен. Документтеримди топтоп барсам, 111-кезекте болуп калдым. Кийин 1990-1991-жылдары орустар Орусияга көчүп кете башташканда шаарда батирлер бошой баштады. Ошондо мага Ош шаарынан барак тибиндеги батир тийген. Ошол кезден азыркыга чейин ошол батирде жашайм. «КОНЦЕРТ КОЮП, МАНАС МЕНЕН РАХМАНДЫН КАРЫЗДАРЫНАН КУТУЛЧУБУЗ»
1989-жылы Жаныбек Алыкулов «3 жылдан бери түштүктө жүрөсүңөр. Фрунзеге барып концерт койсоңор жакшы болмок» деп калды. Фрунзеге барып, Кыргыз улуттук филармониясында 4 күн концерт бердик. Биринчи күнү залдын жарымы толду. Экинчи күнү партер толду. 3-күнү балкон толду. 4-күнү аншлаг болду. Филармониянын жетекчилиги "концертти дагы 4 күнгө созолу" деди эле, мен көнбөй койдум. Анткени кирешенин көбүрөөгү аларга тиет да. Аларды «биз гастролго чыгабыз» деп алдадык да, 10 күн Орус драма театрында концерт бердик. Ошондо журналистмин, чыгармачыл адаммын дегендин баарына чакыруу билеттерин бердим. Билеттерди элге көчөдөн өзүбүз саттык. Ошол концерттен кийин кыргыз элине таанымал болдук десем жаңылышпайм. Анткени бардык редакциялар, чыгармачыл адамдар концертибизге күбө болушту. Алар элге биз тууралуу маалымат таратышты.
1989-жылдын аягында КТРде режиссёр болуп иштеген Нуралы Тураповдун чакыруусу менен жаңы жылдык «Мыскыл жана тамашага» тартылдык. Ошондон кийин атыбыз дүңгүрөдү. Ошентип бул долбоорго дайыма тартылып жүрдүк. Өзүнчө концерттерди коюп жүрдүк. 1999-жылы «Жамбылдын жарманкеси» деген 10 күндүк концерт коюп, андан түшкөн каражатка Бишкектен 2 бөлмөлүү үй, унаа (бусик) алгам. Үйдү 2 жылдан кийин сатып, Ошко келе бердим. Бусик болсо бузулуп, 7-8 жылдан бери үйдө жатат. Популярдуулуктун аягы ушул.
«МАНАС МЕНЕН ДӨӨЛӨТТҮН БИЗДИН ТОПТОН ЧЫГЫП КЕТИШИНЕ БУЗУКУЛАР СЕБЕПЧИ БОЛДУ»
Биз ошентип атактуулукка жеткенбиз. Азыр мен Ошто жашайм. Билесиздер, өткөн жылы байбичем каза болуп калды. Учурда неберелеримди карап үйдөмүн. 5 айдан бери Жалал-Абадда филармонияда иштеп жатам. Ал жакка бир жумада бир жолу барып келем. Экинчи аялым кызым менен Жалал-Абадда жашашат. Барганда алардан кабар алып турам.
Мындан тышкары «Атилла» деген кино тартуучу продюсердик борбор ачып жатам. Анда буюрса, көркөм, тарыхый тасмаларды тартабыз. Мен тасма талаасын да жакшы түшүнөм да. Баш-аягы 20 тасмага тартылдым.
Азыр менде Жамбыл Камчиев деген гана наам бар. Мамлекеттик наам алуу үчүн 2 ирет документтеримди жибергем, каралган жок. Наам берүүнүн эрежеси мындай болбошу керек. Көрсө, наам алыш үчүн документтериң менен кошо 100 миң сом же 3 миң доллар беришиң керек экен. Бул кепилдик экен. Наам бербейт деп өкүнбөйм. Аны бербегени деле жакшы. Анткени канча Эмгек сиңирген артист, Эл артисттери бар. Алардын жүзүн, атын эл тааныбайт. Менин атымды, жүзүмдү эл тааныйт. Коргоол ырчы менен Токтогул ырчы деле Эмгек сиңирген артисттер эмес да. Бирок алардын атын унутпай турган эл бар.
Чыгармачылык жолумда колдоо көрсөткөндөр – Шамшыбек Өтөбаев, Жолдошбек Мамажанов, Келдибек Ниязов, журналисттер, кесиптештерим Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Манас Бердибеков, Күмөндөр Абыловдор. Куудул досторум ар бир тамашасына мени кошо беришип, популярдуу кылып жатышпайбы.
Рахман Разыков, куудул: «ЖАМБЫЛГА ӨЗҮНҮН ПАРОДИЯЛАРЫН АР БИРИН 5 СОМДОН САТКАМ»
– Бизди ыраматылык Жолдошбек Мамажанов сахнага алып чыгып тааныткан. Башында Мамажановдун концерттерине катышчубуз. Ал кезде заман башкача болчу. Биз ал кишинин үйүндө жылдап деле жашай берчүбүз. Анда пенсия, жөлөк пул жашоого жетчү. Ошондуктан үй-бүлөбүз эмне жеп жатат деп ойлончу эмеспиз. 1986-жылы Кадамжай районундагы Халмион деген айылга концерт койгону калдык. Эл Жолдошбек Мамажановдун концертине чогулган. Бирок Мамажановду достору тойго алып кетип калышып, концертке барбай калды. Жамбыл “барып концерт коюп келе бербейлиби?” дейт. Мен “Эл Жолдош акеге келип жатса, биз кантип коёбуз?” деп корком. “Дайыма эле бир жарым саат концертти биз коюп жатабыз го. Жолдош аке 2 жолу ортосунан чыгып ырдап коёт” дейт Жамбыл. Мен ага чейин ошондой болуп жатканын байкабаптырмын. Макул болуп барып, концерт коймой болдук. Чыгып "сиздер Жолдошбек Мамажановду укканы келдиңиздер. Ал киши келе албай калды. Концертти биз коёбуз. Жакпаса кассага билетиңерди тапшырып, акчаңарды алып кете берсеңер болот” дедим. Ошондо биринчи жолу өзүбүзчө концерт койгонбуз. Эл күлө берип, акырында күлө албай калышты. Эч бир адам билетин тапшырган жок. Ошондон кийин "өзүбүзчө концерт койсок болот турбайбы" деп ойлоп калдык.
Жамбыл элден башкача идеясы бар, эксперимент кылгандан коркпогон киши. Кээде башы иштеп кетет. Ошондо жакшы идеялар чыгып калат. Кээде "бул баштан кантип ушундай идеялар чыккан?" деп ойлонуп калам. Анткени азыр башы жакшы иштебей калды (күлүп). Анан өзүнүкү туура эмес болсо деле көгөрүп, "меники туура" деп тура бермей жайы бар.
Бир жолу экөөбүз сөз талашып кеттик. Утулуп калды эле, "мен сени менен сүйлөшпөйм" дейт. "Эмнеге?" десем, "сенин гезитиң жок" дейт. Жамбыл бир кезде гезит чыгарган. Мен гезит ачып алдына алып барып койдум да "Эми менин да гезитим бар. Кел, сүйлөшөбүз" десем, "Сенин жогорку билимиң жок, меники бар" дейт. Анан Айыл чарба академиясын бүткөндө барып, "мына, жогорку билимим да бар. Кел, сүйлөшөбүз" дедим. Анан бир күнү ага "мен сени менен эч нерсе талашпайм. Ойлосом, сенин деңгээлиң меникине жетпейт экен. Менин китептерим бар, Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн, маданиятка эмгек сиңирген ишмермин, президенттин грамотасын алгам. Сен көчөдө темселеп жүргөн бирөөсүң. Баланча сатира жазгам, сценарий жазгам. Болду, башымды оорутпа" дедим. Ушинтип дайыма талаша беребиз (күлүп). Биз аткарган сатиралардын 80-90 пайызын мен жазгам. Жамбыл мурда пародия жазчу. Бир жолу концертке пародия жазган кагазын унутуп барып алыптыр. "Концерт болбойт, пародияларым калып калыптыр" дейт. Мен "ар бир пародияңды 5 сомдон сатам" дедим. Мен анын пародияларын жаттап алгам. Ал өзү жаттай алчу эмес. Ошентип өзүнүн пародияларын ар бирин 5 сомдон сатып алган. Ал кезде 5 сом чоң акча болчу.
Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
«ТАЛАНТЫ БААЛАНБАЙ ЖАТАТ»
- Жамбыл билимдүү, башкача ой жүгүрткөн, чынчылдыкты бийик кармаган, алдым-жуттуму жок жигит. Бетке айтмай сапаты бар. Бир ирет Ошко концерт коюп барсак, Жамбылдар келип «Келдибек аке, жаңы чыгып жатабыз. Кеңеш айтып койбойсузбу» деп номер ойноп беришти. Таланттуу жигиттер экен, тамашалары жакты. Кеңешибизди айтып, батабызды бердик. Андан кийин Ошко барган сайын жолугуп жүрдүк. Жамбыл «жалгыз эле монолог айтып элди күлдүрсө боло турганын Келдибек акени көрүп билгем» деп айтып калат. Өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийин чогуу концерттерди берип калдык. Жамбыл жакшы тамашаларды таап алчу. Күмөндөр, Абдылдалар Жамбылдын тамашаларын ойношчу. Мисалы, бир ирет Жамбыл Күмөндөргө «салык менен пенсия боюнча жакшы тамаша ойлондум» деп оюн айтып берсе, Күмөндөр «жакшы экен, көрөлү» деп коёт да, ары жакка барып Абдылданы чакырып, «Жамбыл мындай ой айтып жатат. Азыр сахнадан аткарып салбайлыбы?» дейт. Экөө бат эле даярдана калып, ошол жерден сахнага чыгып Жамбылдын тамашасын аткарып салышат. Эл жакшы кабыл алат. Жамбыл ары жакта «мен бул ойду жаңы эле айтпадым беле. Же булар мурдатан ойлоп жүрүшкөнбү?» деп ойлоп, аңырайып карап турат. Сахнадан чыгып келатып Жамбылга Күмөндөр «Жамбыл, кичине изденсең боло, жаңы номур алып чыгып. Карачы, биз изденип жатабыз» деп коёт.
Бир жолу Кара-Балтага барып концерт коймой болушат. Эл аз келип калат. Абдылда менен Күмөндөр «мынча кишиге койбойбуз» деп айнышат. Эл коё бербей койгондо Күмөндөр «3 күндөн кийин келели. Залды толтуруп бергиле, концерт коёбуз» дейт. Жамбыл «коюп койсок болмок. 100 киши эл эмеспи? Адамдын көңүлүн деле ойлобойсуңарбы» деп капа болот. 3 күндөн кийин барышса, эл көп чогулган болот. Анан концерт коюшат. Интермедияга чыгып, оңбогон Күмөндөр ал жагынан мастер да. Жамбыл сүйлөйүн десе эле «а» деп оозуңду ачпачы. Сен ит элең. «А» десең эле оозуңдан «отмена» деген сөз чыгат экен. Ушунча кишини каратып туруп концертти «отмена» кылганы жатасыңбы? Сен болбогондо бая күнү эле концерт коюп кетмекпиз» деп тамашалайт. Эл Жамбыл күнөөлүү экен деп ойлоп калат. Жамбыл өтө көтөрүмдүү. Бул учурда анын ордунда Абдылда, Рахман же Күмөндөр өзү болсо, уруша кетмек. Жамбылдын наамы жок, таланты бааланбай жатат. Азыр жубайынан айрылып, кыйын күндө турганда маанайын көтөрүп, наам берип коюшса болмок деп көп ойлоном.
Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЖАМБЫЛ БИЛИМДҮҮ, ЮМОРДУ ЖАКШЫ ТҮШҮНГӨН, ЖҮРӨГҮ ТАЗА КИШИ»
– Жамбылды 1987-88-жылдардан бери тааныйм. Адегенде алыскы мектептин тарых мугалими тууралуу «Империализм» деген сатирасын жазган. Ошону Өсөр Абдылдаев деген Ош драма театрынын актёру аткарып чыккан. Ошол тамашадан улам тааныгам. Кийин жакындан таанышып, иштешип калдык. Жамбыл билимдүү, юморду жакшы түшүнгөн, жүрөгү таза киши. Адабият, тарых менен тааныштыгы тыгыз. Актёрдук билим албай калганы эле болбосо, өтө күчтүү сатирик. Актёрлукту окубай, режиссёрлор менен иштешпегени үчүн сахнанын, драматургиянын мыйзамдарын жакшы билбей, партнёр менен ойноодо бир аз аксайт. Бирок философиялык ой жүгүртүүсү, сатирага болгон мамилеси күчтүү. Кыргыз үчүн күйүп-бышкан жигит.
Наам албаган себеби – ал мамлекеттик маданий мекемеде такай иштеген жок. Аны кайсы мекеме наамга көрсөтөт? Өкмөттөгүлөр Жамбыл, Рахман, Абдылдаларды, дегеле өзүнчө иштеп жүргөн артисттерди "көчөнүн артисттери" деп коюшат. Өздөрү мекеме түзүп, жумушка албаганы аз келгенсип, "көчөнүн артисти" дешет. Бирок тойлордон же унаа айдап баратканда ошол ырчылардын ырын угуп, ошол куудулдардын тамашасына күлүшөт. Негизи артисттерди көчөдө калтырып койгону өкмөттүн кемчилиги.
Орозбек Бөрүгулов, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, сатирик: «ЖАМБЫЛ ТУУРАЛУУ КҮЛКҮЛҮҮ ОКУЯЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАП ТУРАМ»
– Мен «Кыргызстан маданияты» гезитине сатира жазып турчумун. Бир кезде сатираларымды «Аралаш» тобу аткарып чыкты. 1989-жылы Орус драма театрында концерт беришти. Ошондо көшөгө артына өтүп барып таанышкам. Алар да мени издеп жүрүшкөнүн айтышты. Андан кийин анда-санда тамаша жазып беримиш болдум. Менин эмгегимди баалап, гонорар төлөп беришкен жок. Бирок нааразы эмесмин, мен аларды түшүнөм. Алар өз киндиктерин өздөрү кесип жүрүштү. Жамбылдын чындыкты айткан, чымчып сүйлөгөн жагы бар. Анын айрым монологдору үчүн «Мыскыл жана тамашадан» кийин «эмнеге муну экранга коё бересиңер?» деп ызы-чуу чыгып турганын билем.
Жамбыл изденип, репертуарды туура тандай билгени, элдин табитин таба билгени менен мыкты. Азыр интернеттеги жеке баракчама Жамбыл тууралуу күлкүлүү окуяларды жарыялап турам.
Жамбыл Камчиев: «Мен элимди, жеримди, мекенимди, улутумду сүйөм. Дайыма эл тарапта болдум, элдин кызыкчылыгын ойлодум. Мени атактуулукка жетелеген ушул сүйүү болду».
Перизат Музуратбекова
star@super.kg