Назарбек Дөөлөтбеков, 5 жашта: “АДАМДАР ООРУБАСЫН ДЕП “КЫРГЫЗЫМ” ДЕГЕН ЫРДЫ ЫРДАДЫМ”

“Ыйлаба, кыргызым, кемибейт ырысың. Азап күндөн алып чыгат, буюрса, уул-кызың...» Кыйын кырдаалда адамга ыр дагы дем берери талашсыз. Жакында интернет желесине тараган кичинекей бөбөктүн аккордеондун коштоосунда бериле ырдап жаткан видеосу сиздин да көңүлүңүздү бурса керек? Атасы Жаныбек Турганов жана интернет жылдызына айланган Назарбек Дөөлөтбеков менен маектештик.

– Саламатсызбы, Жаныбек мырза, алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.

– Саламатчылык! Бишкекте жашайбыз. Өзүм Ысык-Көлдүн кулуну болом, тагыраагы, Тоң районунун Дөң-Талаа айылында 1987-жылы туулгам. Караколдо Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөм. Комузда ойнойм, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсүмүн. Өзүм негизи ырдап жүрөм, ырларым бар.

– Уулуңузду интернет жылдызына айландырган видео кандайча тартылып калды эле?

– Карантинден бери элдин акыбалы оорлободубу. Азыркы кырдаалга байланыштуу ыр менен болсо да элибизге дем берели деп балама “Кыргызым” деген ырды жаттаткам. Видео сапатсыз болсо деле мейли деп Фейсбуктагы баракчама жүктөп койгом. Ошондон элге тарап кетти.

– Элдин жакшы кабыл алуусу сиздерди дагы да шыктандырса керек?

– Буюрса, уулум экөөбүз дуэт ырдайлы деп жатабыз. Мурда баламдын ырга шыктуу экенин деле билчү эмесмин. Мен үйдөн ырдап жатканда жаныма туруп алып эле кыңылдай берчү. Бара-бара кошулуп ырдай баштады. Ошондон тартып ырларды жаттатып, көңүл бура баштадым.

– Ден соолукта болуңуздар, сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Эми Назарбек менен сүйлөшөлү.

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык. Назарбек, кандайсың, ден соолук жакшыбы?

– Ооба, жакшы.

– Эмне кылып жатасың?

– Үйдөн чыкпайбыз. Ойнойм, телевизор көрөм. Кичинекей баланы карайм. Мен аны жакшы көрөм. Ал жаңы эле төрөлгөн. Апам “карап тур” дегенде карап турам. “Киндиги түшкөндө көтөрөсүң” деп көтөртпөй жатышат. Киндиги деле түшкөн бирок.

– Канча жаштасың?

– 5 жаштамын.

– Ырдаганды жакшы көрөсүңбү?

– Ырдаган жагат. Ырчы болгум келет. Ырдагандан кийин мени баары көрүп жатышыптыр го. “Сенин ырдаганыңды көрүп адамдар оорубайт” деген да атам. Адамдар оорубасын деп желектин тоосуна барып алып “Ыйлаба, кыргызымды” ырдагам. Ошол жактан тоголонуп кеттим. Ал жакта таш, кум болуп тайгалак экен да. Колум ооруп, кийимдерим, калпагым кир болуп калды. Суусабайлы деп жаныбызга суу ала кеткенбиз. Ошону менен жуубадыкпы.

– Сага ырды ким жаттатты?

– Мага ырларды атам үйрөтөт. Ал каалаган ырын ырдай берет. “Кыргызымды" көп эле күндө жаттадым. Алты күндө го (ойлонуп).

– “Кыргызымдан” башка дагы кайсы ырды ырдайсың?

– Аттарын деле билбейм, көп эле ырларды ырдай берем.

– Анда ырдап берчи.

Кадырын билем эненин,

Кадырлап сыйлап келемин.

Ак сүтүн акташ кыйын го,

Ушул ыр сизге белегим.

Энекем, менин байлыгым,

Кечпегин суусун кайгынын.

Алпарам сизге ак жоолук,

Колума тийсе айлыгым...

– Азамат, сонун ырдайт турбайсыңбы. Бала бакчага барганды сагындыңбы?

– Ооба, сагындым. Адамдар ооруп жатпайбы. Бизди да көчөгө чыгарбайт, бирок короого чыгып ойнойбуз. Чоң балдар тээп жатып самокатым сынып калды, велосипедим сынык эмес. Бирок дөңгөлөгүн үйлөткөндө бат жүрүп калат.

– Телефондон оюн ойнойсуңбу же мультфильм көрөсүңбү?

– Ойноюн десем бербей жатышпайбы. Интернети жок телефонду берип коюшат. “Фри фаер” ойномокмун. Бул атыш оюн, мен бүт баарын пистолеттер менен атып коём. Машиналар жөнүндөгү “Тачки” деген мультик жагат, анан дагы күчүктөр жагат. Күчүгүм болсо ага Актөш деп ат коём.

– Сага кыздар жагабы?

– Айназик бар, ал бирок айылда жашайт. Чоң энемдикине барганда Айназикке жолугам. Аны сагынгам, бирок атамдан алардын номерин билеби же билбейби, сурап көрө элекмин.

– Атаңдан сурап көрбөйсүңбү.

– Айназиктин номери барбы, мени сүйлөштүрүңүз...

...Ушуну менен байланышыбыз үзүлдү. Биз атасы менен коштошуп, кичинекей Назарбекке кең келечек кааладык.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-07-27 09:55:36
Ии жаным десе
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан