Өкмөт коронавирустун жайылышы жана өлүмдүн кескин өсүшүн элге шылтоодо. 21-июлда брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов “биздин анализге ылайык, өлүмдүн көп катталышы бейтаптар ооруканага кеч кайрылуусунда болуп жатат. Ошондуктан оорунун алгачкы белгилери байкалганда эле ооруканага кайрылып, медициналык кеп-кеңеш алыңыздар” деп билдирди.
3 айга жакын күчүндө турган карантин алынганда ооругандар кескин өсүп, аларды кабыл алууга ооруканада орундар жетишпей, кеп-кеңеш берүүчү 118 кызматы, “Тез жардам” кызматы жеткиликтүү болбой, айтор, эл өзү менен өзү калган оор шартты Боронов “биз дагы кээде жетишпей калып жатабыз” деп үстүртөн гана атап өттү. Карантин маалында ооруканалар, кошумча орундар жана медицина кызматкерлери даярдалып, керектүү дары-дармекти камдап, иш бир системге салынып калганда коронавирустан каза болгондор мынчалык көп болбойт эле дегендер көп. Өмүрүн тобокелге салган ыктыярчы топтор жардамга келбесе, Кыргыз медицинасы абалды жөндөп кетиши чоң күмөн эле.
Буга чейин Кубатбек Бороновдун “жарандар айтылган эскертүүлөрдү укпай койгону үчүн илдет жайылып кетти” деп да айтканы бар. Оор учурда кетирген кемчиликтерин моюнга албай, жоопкерчиликти элге түртө салуу бийликти жакшылыкка алып барбасы анык.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg