ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ЭЛДИ ТОПТОП КОНЦЕРТ БЕРИП, ҮГҮТ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Эпидемиялык кырдаалда шайлоо, ага чейинки үгүт иштери кандай шартта өтөрү саясий партияларды да ойлондуруп турган кези. Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери боюнча атайын эреже иштелип чыгарын билдирди.

– Азырынча шайлоо кандай тартипте өтөрү БШК тарабынан толук чечиле элек. Учурдагы эпидемиялык кырдаалга жараша сунуштар каралып жатат. Ал эми үгүт жүргүзүүгө эреже бар. Саясий партияларга 3-сентябрдан баштап онлайн форматта үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Элди топтоп, үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Съезддерге жана түрдүү жыйындарга чакырылган делегаттардын саны максималдуу түрдө кыскарат. Ал эми БШКда партия өкүлдөрү катышкан айрым жыйындарды, мисалы, чүчү кулак кармоону онлайн өткөрүүгө мүмкүн эмес болгондуктан, коопсуздук үчүн ал жыйындарга ар бир партиядан бирден гана өкүл чакырылат. Шайлоо санитардык эрежелерди так сактоо менен өткөрүлөт. Шайлоо тилкелеринде маал-маалы менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, бардык нормалар туура сакталат,- деп билдиришти БШКнын маалымат кызматынан.

“Супер-Инфо” гезити шайлоого катышуучу саясий партиялар менен үгүт кампаниясында кызматташууга даяр.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан