МОСКВАДАН ОШКО КЕЛГЕН ЫКТЫЯРЧЫ ДАРЫГЕРЛЕРДИ “ИСМАИЛ МАТРАИМОВ” АТЫНДАГЫ ФОНД КАРЖЫЛАЙТ

“Исмаил Матраимов” атындагы кайрымдуулук фонд Орусиядан Ош шаарына келген дарыгерлер тобун каржылайт. Бул тууралуу 19-июлда парламент депутаты Искендер Матраимов интернеттеги жеке баракчасына жарыялады. Анда айтылгандарга таянсак, Москвадан Ошко 15 дарыгер келген. Алардын жол кире чыгымы, маяналары аталган фонд тарабынан төлөнөрү айтылды. Ыктыярчы дарыгерлер тобу “Андрос Ош” убактылуу стационарында жана башка ооруканаларда бейтаптарга кам көрөт. Ошондой эле аймактарга чыгып, портативдик рентген менен жарандардын ден соолугун текшеришмекчи. Ош шаарындагы “Андрос Ош” стационары өткөн аптада жогоруда аталган фонд тарабынан ачылып, пайдаланууга берилген.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан