ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-ИЮЛДАН 2-АВГУСТКА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Каржы жаатын иретке келтирем деп убара болбоңуз. Андан маанилүүрөөк келечек тууралуу ойлонуу шарт. Бир нече ай алдыга план түзүп, алып иштеп баштоо керек. Ден соолукту чыңдап, дене-бойду тонуста кармаңыз. Сизге көп энергия сарптоого туура келет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жаңы жумушка киришүү үчүн ылайыктуу апта. Чет өлкөдөгү бирөөлөр менен бизнес жаатында иш башташыңыз мүмкүн. Эгер колуңузга көп акча тийип калса, дароо кыймылсыз мүлккө, унаага же техника сатып алууга сарптаңыз. Антпесе бөөдө пайдасыз нерсеге жумшалып кетет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жасаган аракетиңиздин акыбети кайта турган апта. Акча алып келчү же жумуш орду менен камсыздоочу сунуштар түшөт. Стресске кабылткан кырдаалдардан алаксып, позитивдүү маалыматтар менен мээни азыктандырыңыз. Азыр жан дүйнөнүн тынчтыгы маанилүү.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сизге тынч уйку бербей келе жаткан маселелерди чечүүгө убакыт келди. Аласа-береседен кутулуп, эски маселелерден куйрук үзүңүз. Достор менен жолугуп, табият коюнунда эс алуу сизге чыгармачылык эргүү тартууламакчы. Айлык маяна тууралуу жетекчилик менен сүйлөшүүлөр жүрөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чыңалган апта болот, бирок бул чыңалуу сизди чыйралтат. Сиз үчүн маанилүү деп саналган адамдар менен мамиле талкуулоого туура келет. Кызматташуу боюнча сунуштар түшөт. Эски жумуштарды бүтүргөн соң гана жаңы сунуш боюнча иштешүүнү ойлонгон оң.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

“Акча артынан акча чакырат” деп коёт эмеспи. Колуңуздагы каражаттын баарын коротуп салбаңыз. Тапкан айлыгыңыздын бир бөлүгүн өзүңүзгө жумшаңыз. Денеге кам көрүү, массаж алуу сунушталат. Социалдык аралык, техникалык коопсуздук эрежелерин сактаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Тобокелдикке салып көп ишти бүтүрүүгө ылайыктуу апта. Ар бир кадамыңызды таразалай бербей, интуицияга таянып иш кылыңыз. Ишке ашпай калган кадамдарды жакшылыкка жоруп коюңуз. Айтор, бул апта позитивге жараша ийгилик алып келет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Мурда баштап туруп аягына чыкпай калган долбоорлорду ишке ашырууга учур келди. Жумуш боюнча жолугушууларга чакыруу болсо баш тартпаңыз. Көп ишти үйдөн бүтүрүү сунушталат. Өнөкөт оорулардын күч алышынын алдын алып, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Тер төгүп иштөөгө ылайыктуу апта. Максатка жетүү үчүн күүлөнүп, ылдамдык менен алдыга умтулуңуз. Апта соңунда жээкте же жаратылыш коюнунда эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Апта бою жан үрөп иштегениңиздин акыбети кайтат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кыймылсыз мүлк сатууга же сатып алууга, турак жайга оңдоп-түзөө жүргүзүүгө ылайыктуу апта. Маанилүү документтерге кол коёрдон мурун тыкыр таанышып чыгыңыз. Шылуундар тузак салат. Эски таанышыңыз байланышка чыгып, сизге жаккан сунуш айтат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Юридикалык кагаздар, документтер менен иштеп, айрымдарын иретке келтириңиз. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын ичинен түгөйүңүзгө көбүрөөк көңүл буруңуз. Аптанын ортосунда үй-бүлөлүк майда иштер убактыңызды алат. Сүйүктүүңүздөн жардам же кеңеш сураңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Каржылык абалыңыз жакшы жакка өзгөрөт. Бирок дал ушул акча маселесине байланыштуу үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралат. Каражатты ортого коюп, эң зарыл деген нерсеге жумшоо сунушталат. Бойдоктор баш кошуу, никени расмий каттоо жөнүндө ойлонушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан