БИШКЕКТЕГИ МОРГДОН СӨӨКТҮ БЕРҮҮ ҮЧҮН ПАРА ТАЛАП КЫЛУУ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

Бишкекте өлүк сактоочу жайда маркумдун жакындарынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматты 22-июлда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) ырастады. Маалыматка таянсак, жарандардын бири тууганынын сөөгүн Республикалык Патологиялык жана анатомиялык бюросунан сойбой чыгарып берүү үчүн ал жерде иштегендер пара талап кылып жатат деп арызданган. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Айта кетсек, коронавирустан каза тапкандардын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, ал жерден дене союлуп, өлүмдүн себептери иликтенет. Маркумду туугандарына сойбой өткөрүп берүү үчүн 800 долларга чейин пара сурап жатышканы ЖМКларда айтылууда. Ал эми аталган бюронун жетекчиси Валентина Пахман бул маалыматты четке какты. “Маалымат жалган, Сovid-19дан каза болгондорду паталог-анотомдор эмес, башка жайда соттук-медициналык эксперттер союшат” деп билдирди ал айрым басылмаларга.

Интернеттеги социалдык тармактарда өлүк сактоочу жайда маркумду сойдурбоо үчүн пара талап кылган көрүнүш Ош шаарында да болуп жатканы тууралуу айтылып, жазылууда.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан