Укук коргоочулар 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыккан Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү чыгарган чечимге нааразы.
“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун өкүлдөрү “Аскаровдун абалы начар. Ал тамак ичүүдөн да баш тартууда, бирок анын бул абалы Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн корутундусунда жазылган эмес” дешүүдө.
Жакында Аскаровдун адвокаты кардарында пневмониянын симптомдору байкалып жатканын айтып чыккан. Акыйкатчы институтунун эксперттери ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №19 абакка барып, сүйлөшүп чыгышкан. Эксперттер Аскаров абакта дарыланып жатканын, ал №47 абакта дарылануудан баш тартканын билдиришкен.
Азимжан Аскаров 2010-жылдагы кандуу Июнь окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg