БИР БҮРКҮМ. 31-ИЮЛЬ КУРМАН АЙТ...

  • 20-июлдан тарта абитуриенттерди ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу башталды.
  • БШК быйыл парламенттик шайлоого кетчү чыгымды 446 миллион 900 миң сом деп бекитти.
  • Өлкөдө 22-июлга карата коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 2478ди түздү.
  • Курман айт майрамы быйыл 31-июлда белгиленет, көп элди чогултуучу Айт намазы окулары же окулбай турганы чечиле элек.
  • Бишкек мэриясы: “Шаарда убактылуу стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда”.
  • 22-июлда Стамбулдан Бишкекке 341 Кыргыз жараны кайтып келди.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: “Сентябрда мектептер кадимкидей иштей баштайт деген маалымат жалган”.
  • Сузак районунда 15 жашар кыз бир тууган агасынан көз жарды.
  • Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен көз жумду.
  • Саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Каныбек Ташиев дүйнө салды.
  • Чек ара кызматкери, өзү иштеген мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан Талант Аланов 21-июлда жүрөк оорусунан каза болду.
  • 21-июлда Кара-Суу районунда 13 жаштагы өспүрүм жигитке чагылган тийип, ал каза болду.
  • Ушул жылдын 6 айында республикалык бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү пландагыдан 14 миллиард сомго аз түштү.
  • Өкмөт: "Ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керек".
  • Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүндө Cоvid-19 илдетине чалдыккан 55 эне дарыланууда.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан