Жамбаш сөөгүн кокустатып алып жарым жылдан бери төшөктө жаткан ырчы Малик Аликеевге кезектеги операция жасалды. Бул тууралуу анын жубайы Жаңыл Темирканова айтып берди:
– Июнь айынын аягында Маликтин биринчи бутуна операция жасалган. 15-июлда экинчи бутуна операция жасалды. Операция кандай жасалды, эмне аппарат койду жана ага канча акча кетти, мен билбейм. Аны врачтар менен Малик өзү сүйлөшүп жатат. Элден канча акча чогулду, аны кандай жумшады, бул тууралуу да Малик жакшы болуп калганда өзү маалымат берет. Азыр анын абалы жакшы. Ал врачтардын көзөмөлүндө ооруканада. Дарыларын ичип бүтүп, операция жасалган жери жакшы болуп калганда басуу үчүн көнүгүүлөрдү жасап баштайт. Негизгиси басып кетсе экен.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ооруканага барып, ырчынын ден соолугунан кабар алганы тууралуу социалдык баракчасында билдирди. Ал: "Малик агабыздын абалы эки жолку операциядан кийин жакшы. Жакынкы арада ооруканадан чыкканы турат. Колдоо көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз, өзгөчө операция жасаган Сабырбек Жумабеков агабызга. Жакында арабызда болуп, чыгармалары менен элди кубантат деген үмүттөбүз",- деп жарыялады.