Урмат Усенов, ырчы: “МЕН БИЙЛИККЕ АЗЫР СЫН АЙТПАЙМ”

– Урмат, учурда кыйналган элге жардам берүү менен алексиз...

– Ооба, жардам берип жаткан учурубуз. Жай турмушта эл бизди кубаттап, кол чаап, алдыга сүрөп турса, элдин башына күн түшкөндө бизге эл үчүн чуркачу маал келди. Бул милдетибиз деп ойлойм.

– Каражат жагы кантип жатат?

– Каражат кайдан келип жатат деп кээде өзүм да таң калам. Башында 4-5 күн өзүбүздүн чөнтөктөгү акчадан баштаганбыз. Кийин эл чогулта баштады. Карасам жардам берип жаткандардын көпчүлүгү колунда бар адамдар эмес, орточо, кийими бүтүн, курсагы ток, маяна менен жашагандар. Бир күнү жаш кыз чалды, “Урмат байке, мен да салымымды кошот элем, жүк ташый турган жумуш болсо ташып берем, өзүмдүн жүк ташый турган машинам бар” дейт. Обсервациялар жаңы ачылып, керебеттерди ташуу керек эле. Бирок жардамынан баш тарттым. Бул учурда аялзаты өзүн жана балдарынын ден соолугун коргоп берсе эле болду, ошол чоң салым. ”Сиз жөн эле коюңуз, үй-бүлөңүздү багып жаткан болсоңуз абайлаңыз, бул жакта мырзалар бар” деп рахматымды айттым. “Жардам берем” деп эки нанынын бирин көтөрүп келгендер бар. Бир апа чалып, “этим жок эле, бирок картошканы жакшы буулап бышырып берем, жардамым болсун” дейт. Бир ата пенсиясын салам деп чалды, ага “жөн эле коюңуз” дедим. Кыргыздын бул сапатына баа бердим. Ансайын жүрөк эзилип, дагы күчтөнүп калат экенсиң.

– Карылар пенсиясын, жаш балдар чогулткан акчасын беришүүдө, эл өкүлдөрүнөн жардам бергендер болдубу?

– Эл өкүлдөрүнөн жардам бергендер болду, мен алардын да акчасын башкардым. Башкарганда кандай? Алардын акчасына бир топ аппараттар, дары-дармектер алынды.

– Сырттан караганга системдүү иштеп жаткандай болдуңар, жаңылыштыктар болдубу?

– Башында жаңылып жаттык, акчаны туура эмес жакка жумшап алгандан корктук. Катачылыктар туура нерсеге багыт берет экен, азыр системдүү иш алып барып калдык.

– Бир топ ырчылар чогуу аткарган “Адамга адам керек” деген ыр жакшы чыкты, азыркы учурда элге дем берди десек да болот. Демилгени ким көтөрдү?

– Карантин учурунда маданият министри Азамат Жаманкулов ушундай идеяны айтып калды. “Элге дем берсек, патриоттук ыр жаздырсаңар” деди. Ал уюштуруучу, демилгечи адам, жеке мен үчүн. Мен Мирбек Атабековго чалдым, ал макул болду, обонун жаратты, бирок жарыялаганга жетишпей калдык. Катаал карантин жолтоо болуп жолугуша албай, ишке ашпай калды. Карантин бүтүп, жайыраак абалга өткөндө бул демилгени кайра баштадык. Анда даяр ыр бар экен, ошону ырдап чыгалы дедик. Топ түзүп, ырчыларга сунуш кылып, телефондорго жаздырып, бир күндө ырды бүтүрүп чыгарып элге жарыя кылдык. Ал “Дарыгерлерге таазим” деген ыр. Анан Султан Садыралиев мага “Адамга адам керек” деген ырды жөнөтүп калды. Дароо жактырып, WhatsApp`тагы ошол эле группага ыргыттым. Жапа тырмак колдошту, бул жолу сапаттуу жасай турган болдук. Элге жарыя кылдык. Жыйынтыгы биз күткөндөн да жакшы болду. Бул ыр элдин бошоп турган көкүрөгүнө барып отурду окшойт. Ырда көбүнүн деми, үмүтү, кубанычы, айрымдардын ыйы да болушу мүмкүн. Ушуну менен биз кымындай болсо да жоопкерчиликти аткардык. Муну бир эрдик деп баалаганга болбойт, ишибизди кылдык.

– Кечээ бир сөз окудум, “жүдөмүш келинди сындай берген кайын журтка окшоп эле бийликке асылып жатабыз” деген. Сиздин оюңуз...

– Дал ушул акыбалда мен бийликке, эл башчыларына, депутаттарга сын айткан жокмун. Айтпайм дагы. Мамлекеттин калдайып турганынын өзү чоң күч. Ооруган адамдарга деле мамлекеттин алсыздыгын айта берсек, анын үмүтү өчөт. Учурда күнөөлүү-күнөөсүздү териштирип отурганга убакыт да, энергия да жок. Илдет күтпөйт, күчөп кетиши да мүмкүн, ага караганда бир катарга туруп, өлкөнүн саламаттыгы үчүн колдон келген салымды кошуш керек деп ойлойм. Биз көргүбүз келбесе да бул күрөштө мамлекет башчыларынын салымы бар. Бирок элге жардам кылган ыктыярчылардын иштерин мамлекет башчылары баалашы керек. Бул илдетте ар ким өзү үчүн бир нерсе үйрөндү. Бир убакта кесир сүйлөп калганбыз. Асылып, той болбосо эле баары жайына келчүдөй, экономиканы жалгыз тойлор артка тартып жаткандай сүйлөп калганбыз. Азыр тойканалар обсервацияга айланды. Кыргыздын жакшы сөзү бар, “жакшылыкта кезигишели” деген. Элибиздин мындан чоң сыноолордон аман чыккан тарыхы бар. Мындан да чыгабыз, бирок сыноону эстен чыгарбаш керек. Көп нерсенин баркын билдик, балдарыбыз үйдөн окуп, мугалимдин баркын билдик, ооруганда дарыгерлердин баркын билдик, күйөөсү аялынын, атасы баласынын, эжеси сиңдисинин баркын билди. Бул илдеттен кийин биз эле эмес, бүтүндөй адамзатта бурулуш сөзсүз болот.

– Шайлоо үгүтүндө ырдабайм деген ырчыларга кошуласызбы же...

– Мен ошол үгүт иштерине ырдоого эмес, үгүттө ырчылардын болушуна каршымын. Концерт менен коштолгон үгүттөрдө ырчылар курал катары колдонулбашы керек. Биз эски эле саясий маданият менен келе жатабыз, өзгөрүү керек. Жаңылануу керек. Жаңы ыкма колдонулушу керек. Тандап алган депутаттарды сындоодон мурун өзүбүз ошолорду алып келгенибизди билишибиз керек. Биз шайлабасак, алар ошол жерге барбайт эле. Медалдын дайым эки жагы бар.

– Маданият министринин кеңешчисисиз, маданият өкүлдөрүнүн маселелерин жакындан билип калсаңыз керек? Чечүү жолу бар бекен?

– 2020-жылдын эсебинен секирик жасай турган пландарыбыз бар эле. 2030-жылга чейин стратегиялык багыттарды иштеп чыкканбыз. Ичине наамдан баштап, маянага чейинки маселелер камтылган. Идеялар, долбоорлор ишке ашмак. Тилекке каршы, алты айдан бери илдет менен алышып жатабыз. Бардыгы өз ордуна келсе, ишке ашырабыз.

– Үй-бүлө тууралуу сүйлөшпөйлүбү? Балдарыңыз чоңоюп калса керек? Алар Урмат Усеновдун балдары экенин кандай кабыл алышат? Адатта ырчыны баласы, депутаттын баласы деген стереотип бар эмеспи?

– Алар каникул башталгандан бери айылда. Андан кийин жубайым айылга кеткен. Ушундай обочолонуп турганды туура көрдүк, азыр шаарда жалгызмын. Балдарым Урмат Усеновдун балдары экенин жай эле кабыл алышат. Анткени бул темада өтө сейрек сүйлөшөбүз, көбүнчө биздин чөйрөдөн оолак жүрүшөт. Көп убакыттарын окууга арнашат. Аларды эч ким тааныбайт, жеке баракчалары жок, биз да балдарды жарыялабайбыз.

– Азыр балдарыбызга башка тилдерди окутуп жатабыз, балдарды улутун сүйүүгө кантип үйрөтө алабыз деп ойлойсуз?

– Биз кыргыз тилинде сүйлөшөбүз, бул мактана турган деле нерсе эмес. Анан жай бою жайлоодо, айылда болушат. Көп көкүрөк каккан патриот жигиттер бар, балдары орусча сүйлөшөт. Бул туура эмес, тарбияны үй-бүлөдөн баштоо керек. Кыргыздын баалуулуктарын, тарыхын үйрөтүшүбүз керек. Өзгөчө эркек балага жеткинчек кезинен мекенин сүйүүгө үйрөтүү керек. Кыз балага көп милдет артпаш керек деп ойлойм, анткени тагдыры колубузда эмес, башка улутка да турмушка чыгып калышы мүмкүн, анда алар ошол жакка өтүп кетет. Бирок эркек баланы сөзсүз мекенчилдикке үйрөтүү, аны сактоо зарыл.

– "Чубак ажы, Зайырбек Ажыматов каза болгон досторуна күйүп кетип, көзү өтүп кетти" деп көп айтылып жатты. Эркектерде дос деген маселе биз ойлогондон да күчтүү окшойт?

– Дос жылдыз сыяктуу. Аны караңгыда көрөсүң. Кыйынчылыкта, оорчулукта тирек болуп турат. Бул бир туугандык, жакындык. Эми баарына эле бул энчиленген шыбага эмес, ар ким өзүнө жараша, жүрөгүнө жараша дос күтөт.

– Сизде барбы ушундай дос?

– Бар, атын айтыштын кереги жок. Мен аны купуя сыйлайм, ал да менде эмне болуп жатканын айттырбай түшүнөт.

– Достук жакшы нерсе тура, маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Nina.alex
2020-07-27 09:43:06
Сын айта албвйсын.анткени Ошо акырдан жем жеп атасын. Балык чиновник болдун сен дагы
+9
Kona8631
2020-07-27 10:30:44
Оа..айтпа эртен сени уволят)))
+4
ainura220888
2020-07-27 10:34:14
Жанар акаевда бийлике баргыча только шывайт эле. Азыр аты эмес жыты да жокго. Карга карганын козун кантип чукуйт
+11
kushu_bek
2020-07-27 16:11:48
Тууру кыласыз айтпай.
Кичине кочугунузду батырып алыптанан айтын ошол жердин Демин жен дегендей
+4
Bakbai
2020-07-28 00:06:35
Билим денгеели жогору ырчы .сыйлайм уй булосу менен
0
Araika
2020-07-29 19:39:47
Негизи сыйлайм. Билими, тушунугу, маданияты жана чыныгы эркектик мунозу бар мырза. Бирок интервьюдагы тойлор жонундогу создоруно кошулбайм! Акыркы убакта ушул тойлор аша чаап кеткен. Канчалаган кырсыктар, ысрапкерчиликтер, зынакорлор, шайтандын оюндары жада калса чон эле апа аталарыбызды шерменде кылган видеолор кобойуп кетпедиби?! Бир той откоруш учун бир адам мигрант болуп бир жылын коротуп жатат. Биздин тупкулугубуз жоголуп ички дуйнобузду дуйного бошотуп бергендейбиз.
+2
nurhan2702
2020-07-30 18:40:18
Качан айтасын сынды, же шайлоодо мумкун ырдатып калабы деген умутун барбы?
+1
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан