Айганыш Абдиева, ырчы: “ЖҮРӨГҮМ КАЙГЫЛУУ ЫРЛАРГА ТАРТАТ”

“Коё бер”, “Өтөр-кетер”, “Жалгызымсың”, Зарлык Камбаралиев менен “Сен менде ганасың”, “Биз бакытты издедик”, “Коштошуу” деген ырларды аткарган ырчы Айганыш Абдиева кезектеги маектешим. Күйөрмандары тарабынан дээрлик сынга кабылбаган таланттуу ырчы менен чыгармачылыгы тууралуу кенен кеп курдук.

– Салам, Айганыш! Акыркы убакта "өзүмдү жаман сезип жатам” деген постторду көп жазып калдың...

– Бул чыгармачыл адамдарга тиешелүү болсо керек, кээде жан дүйнөм кыйналып, стресске кабылам. Мен музыка менен жашап көнүп алыптырмын. Коронавирустун айынан биздин жумуш да токтоп калбадыбы, ошого жүрөгүм кысылды. Негизи эле азыр күлүп жайнап жүргөн адам жок болуш керек. Учурда ырларды жаздырып, клип тарттырып баштадым. Ошон үчүн ал абалдан чыгып келатам.

– Каверлерди аткарып жүрөсүң. Канчалык деңгээлде жеткире аткарам деп ойлойсуң, өзүңө кандай баа бересиң?

– Ооба, кавер көп ырдайбыз. Командабыз менен акылдашып, бизге жаккан ырларды ырдайбыз. Мен өзүмө баа бере албайм. Өзүмө баа бере турган деңгээлге жете элекмин. Жөн гана чын жүрөгүмдөн ырды сезип ырдаганга аракет кылам.

– Команда деп калдың. Командаң тууралуу айтып берсең...

– Алтынбек Сооров деген досум, кесиптешим бар. Ырларымды ошол адамга жаздырып жүрчүмүн. Зарлык Камбаралиевге ыр, обон жаздырчумун. Анан эле алар чогуу иштешип калышты. 2019-жылы кайгылуу ыр ырдагым келип, Зарлыкка кайрылдым. Ырдын кандай болушу керек экендигин түшүндүрүп коюп кеткем.

2 күндөн кийин “Өтөр-кетер” ырынын сөзү, обону, аранжировкасы даяр болуп калыптыр. Мага баары жакты. Ошол күнү жаздырдык. Карасак үчөөбүздүн табитибиз, ойлорубуз бир чыгат экен, бири-бирибизди жакшы түшүнөт экенбиз. Сүйлөшүп отуруп, бир команда болуп иштөөнү туура көрдүк. Ушул жылдан баштап 2 жылдык келишимдин негизинде бир команда катары иштеп баштадык. Алтынбек Сооров биздин продюсерибиз. Ал ырларды жаздырат, аранжировкасын жасайт.

Ырлардын сөзүн, обонун Зарлык жазат. Кудай сактасын, иштешип баштагандан бери бир да жолу пикир келишпестик боло элек.

– Ошондо Зарлыктан башка эч ким менен дуэт ырдабайсыңбы?

– Ооба, келишим боюнча башка ырчылар менен дуэт ырдабашым керек. Зарлык экөөбүз өзүнчө ырдай беребиз. Эгер ыр дуэтке ылайык болуп калса, анда экөөбүз ырдайбыз.

– Зарлык экөөңөрдүн дуэт, иштешүүңөрдү жолдошуң кандай кабыл алат?

– Ушул суроо түшкө кирчү болду. Биз маалымат иретинде “Сен менде ганасың” ырына клип тартуу учурундагы сүрөттөрдү чыгарсак эле ушундай сөз болуп кетти. Биз мындай сөз чыгат деп такыр ойлогон эмеспиз. Ар кандай суроолор берилип, комментарийлер жазылып жатат. Мен башынан эле айтып келем, үй-бүлөмдү, жакындарымды чыгармачылыгыма аралаштыргым келбейт. Жеке жашоом тууралуу айтпайм. Азыр кайда барсак эле“кандайсың?” дегенден мурун “Зарлык экөөңөр сүйлөшүп жатасыңарбы?” деп сурап жатышат. Буга чейин эч ким менен бирге клипке тартылган эмесмин. Балким, ошондуктан ушундай сөздөр чыкты. Зарлык экөөбүз кесиптешпиз, бир командабыз деп гана айта алам. Клипке экөөбүз тартылышыбыз керек болуп калды. Ошондуктан тартылдык. Ортобузда сиздер ойлогондой мамиле жок.

– Бул суроолор ачууңду келтирип жатабы?

– Жок. Мен бардыгын позитивдүү кабыл алганга аракет кылам. Хейтерлер жазса деле өзүнө жараша жооп берип коём. Мен мындайга даяр болчумун. “Эл эмне дейт?” деп жашаган адам эмесмин. Көңүлүмө алган жокмун.

– Жакшы. Уулуң кандай чоңоюп жатат, кандай эне болуп жатасың?

– Уулума 2 жаш 8 ай болду. Жакшы чоңоюп жатат. Мен идеалдуу апамын деп айта албайм. 24 саат жанында эмесмин. Жумушка кеткенде жакындарыма таштап кетем. 12 жашымдан иштеп көнүп калган экенмин. Үйдө отура албайм. Канчалык мүмкүнчүлүк болсо, ошончолук уулумдун жанында болуп, жакшы эне болгонго аракет кылып жатам. Уулумду жакшы көрүп, эркелетем. Бирок ашыкча эркелеп баратса катуу айтып, урушуп коём.

Анткени чыныгы эркек кылып чоңойткум келет. Ошондуктан азыртадан чоң адамга мамиле кылгандай мамиле жасайм. “Сен эркексиң да, күчтүүсүң да” деп турам. Жыгылып кетсе да өөп, “сен эркексиң да, эч нерсе болбойт, жакшы болуп калат” дейм. Ал да көнүп калган. “Апа, эч нерсе болбойт, мен эркекмин да” деп калат.

– Байкашымча, көп ырларың кыз-жигиттин көйгөйлүү мамилелери тууралуу экен. Буга эмне себеп?

– Былтыр жашоомдо бир топ көйгөйлөр болду. Ден соолугум да начарлады. Депрессияга түштүм. Андайда мен элден алыстап, эч ким менен сүйлөшкүм келбей калат. Абалың ушундай болуп турса, шаңдуу ыр ырдай албайт экенсиң. Ошондо кайгылуу ырларды ырдасам, баары ошону менен чыгып кетчүдөй туюлду. Ошол себептүү катары менен кайгылуу ырларым чыкты. Ошондон жеңилдедим. Мен негизи эле кайгылуу ырларды ырдаганды жакшы көрөм. Жүрөгүм кайгылуу ырларга тартат.

Зарлык да кабагы ачылбай, кайгылуу ырлардан башы чыкпай жүрөт. Анан экөөбүз “аябай кайгырып кеттик окшойт. Шаңдуу ыр ырдайлычы” деп “Сен менде ганасың” деген ырыбызды ырдап чыктык.

Экөөбүз тең кайгылуу ырдай берип, ошол образга кирип кетиптирбиз. Бул ырды ырдаарда ал образыбыздан араң чыктык. Кийинки ырым бийге ылайыктуу ыр. Бирок кайра эле келип сөздөрү кайгыга такалып калды. Болгонум ушул экен, эмне кылайын? (күлүп)

– Сени Сайкал Садыбакасовага көп окшоштурушат...

- Ушинтип жаза беришет. Сайкал экөөбүздүн бетибиздеги уячабыз эле окшош деп ойлойм. Айрымдар, балким, үнүбүздү окшоштурашат? Бирок менин үнүм жоонураак.

– Азыр сени ойлондурган маселе кайсы?

– Өлкөдөгү азыркы абал. Канчалаган мекендештердин көзү өтүп кетти, жүрөгүм ооруйт. Алдын ала даярдансак болбойт беле? “Эми мурдагы жашообузга кайтабызбы?” деген ойлор кетпейт. Кээде жаманды ойлоп коркуп да кетем.Болбой эле үмүт жашай берет экен. Жакшы ниет кылып жатам. Кудай деген адамдарбыз, сураганыбызды. Жараткан берет. Мен чын жүрөгүмдөн сурансам, Кудай каалаганымды дайыма берет. Кудайдан жашообуз калыбына келсе экен деп тиленип жатам. Убагында айрымдар “тойлор тажатты” деп сүйлөшчү. Сөздөн жаңылат экенбиз. Көрсө, тойлоп, күлүп-жайнап жүргөн убактан өтөрү жок экен.

- Баары жакшы болот деп ишенебиз. Маегиңе рахмат.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
assanov97
2020-07-27 13:07:01
Бул канчада
+1
Jamalym
2020-07-28 22:56:34
"Биз мындай соз чыгат деп такыр ойлогон эмеспиз"дейсинер да кучакташып эле тушкон суротунорду коруп соз чыгат да анан.Бирок экоо тен жакшы ырдашат.Ийгилик.
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан