Анжелика, ырчы: «ӨЗҮМ ООРУП ЖҮРГӨН ҮЧҮН ООРУГАНДАРДЫ ТҮШҮНӨМ»

Анжелика айым дайыма элдин талкуусунда. Бул жолу ажого жолуккандагы сезимдери, талкуу болгон темалар тууралуу сүйлөштүк.

– Салам, Анжелика! Жакында пандемия маалында элге жардам берген ыктыярчыларды президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, алардын катарында барып келдиң, жолугушуу кандай болду?

– Саламатсыздарбы? Чакырылган ыктыярчылардын кимиси тизмеде бар экенин билген эмесмин. Биздин чөйрөдөн Эркин Рыскулбеков, Айзада Жамгырчиева анан мен бардым. Мен Абдрахман Муртазалиев деген жигиттин барышына кызыкдар элем, анткени өзү башка улуттан болсо да, «кыргыз» деп күйгөн жигит экен. Өзү врачтарга бет кап таратып, кайра барып "тегиз таратылып жатабы?" деп текшерип жүргөнү аябай таасирленткен эле. Тегерек столдо атын угуп, бирок өзүн биринчи жолу көргөн жаш ыктыярчылар отурду. Биринчи жолу ушундай жолугушууга бардым. Үч саат отуруп, пандемиянын күйүп турган учурундагы туш болгон маселелерди айттык. Укканыбызды эмес, өз көзүбүз менен көргөндөрүбүздү айтып бердик.

– Кайсы маселелерди айтып бердиң?

– Кээ бир доктурлардын туура эмес иш алып барганы, респираторлорду таратып берсе аны иштеп жаткандарга таратпай, кампага катып койгону боюнча маселе көтөрүлдү. Мен мамлекеттик дарыканаларды ачуу керек экенин айттым. Дарыларды бизнесмендердин дарыканаларына эмес, эл үчүн арзан баада алып келип, ошол дарыканаларга коёлу дедим. Ал үчүн имарат керек. Ыктыярчылар элге аны бекер эле таратып бермекпиз. Бишкектин дарыканаларындагы 800 сомдук дарыны мен 300 сомдон Москвадан заводдон алдырып тараттым. Дары менен он беш күндөй иштеп эле кайсынысын кайсы жерден арзан баада алса болорун билдим.

– Жеке баракчаңда бийликке сын айтып жаттың эле, аны президенттин өзүнө айта алдыңбы?

– Өзүм дагы күткөн эмесмин, ыктыярчылар тараптан сын аябай катуу айтылды, эл арасында жүрүп айтайын деген сөздөрү топтолуп калган экен. «Сиз эч нерсе кылбай жатасыз, эл сизди жек көрүп жатат» деп эле бетке айткан учурлар болду. Сооронбай Шарипович баарын сабырдуулук менен угуп отурду. Ал дагы Кудай деген адам, «мындан аркы шарттарда чогуу иштешели» деп көп сунуштарын айтты. Эми күнөөлүү издей бербей, абалдан чыгып кетүү жолун издесек демекчимин.

– Ыктыярчы катары иштөө учурунда кандай мүчүлүштүктөргө күбө болдуң?

– Азыр жардам бергендер көп болуп, дары-дармектер, аппараттар бир аймакка көбүрөөк кетип, экинчи аймакка аз болуп калган учурлар болууда. Ушунун баарын жөнгө салуу үчүн биз штаб менен чогуу иш алып баруубуз керек. Көзөмөлдөй турган координаторлор керек. Штаб менен чогуу WhatsApp группа ачылды, биз ошол жерге болгон маселелерди жазып, элдин үнүн жеткирип турмай болдук. Анан эл катуу дүрбөлөңгө түшүп, иштөөгө жолтоо болду. Кээ бирөө оорубай туруп деле бекер дары экен деп алып алган учурлар бар. Медалдын эки жагы болот экен. Албетте, дарыгерлер азаматтар, жанын тобокелге салып иштеп жатышат. Бирок арасында дары-дармекти катып коюп, башка жолдор менен чыгарып сатып жаткандар да жок эмес. Ооруп жаткандарга кереги жок эле дарыны сатып ал деп зордогондор да бар. Палатанын баары бош экенин көрдүк да, бирок орун жок деп жазып алган учурларды кезиктирдик.

– Көмөк көрсөтүү жеке сен үчүн эмнеден улам башталды?

– Мен 5 жылдан бери кайрымдуулук иштерин жасап келем. Карантин учурунда азык-түлүк ташып, эки ай бою дем алышсыз иштедим. Карантин бүтүп, өз иштерибиз менен алек бололу деп жатканда кайра абал оорлошуп кетти. Мен деле аялмын, энемин, коркуу сезимдерим бар. Кыздарымды кучактап үйдөн чыкпай эле отургам. Анан Мирбек Атабековдун баракчасынан жардам берип жатканын көрүп калдым. Дем ала турган эки аппаратты сатып бергенин көрдүм. Мирбек эки аппарат алып берсе, мен беш аппарат беришим керек, эл оор абалда калганда жардам беришибиз зарыл деп демилгени улантып кеттим. Эл ишеним көрсөтүп каражат чогулта баштады. «Болгону сатып алган нерселерге чек көрсөтүп койсоңуз болду» деп ишенип, чоң суммадагы акча которгондор болду. 500 доллар берип туруп жүзүн көрсөтпөй, качып кеткен балдар болду. Жаш балдар акчасын көтөрүп келип жатышты. Ушул арада 5 миллион сомго дары-дармек алып, элге тараттым.

– Саясатка аралашуу оюңда барбы?

– Саясатка да барыш керек окшойт деп калдым. Кайсы бир партиянын идеясы, программасы, лидери жагып калса эмнеге барбаш керек? Эл үчүн кызмат кыла бериш керек. Бирок кыялымда элчи болгум келчү. Кыргыздын маданиятын көрсөткөн элчи болмокмун. Мунун баары алдыда. Азыр тажрыйба топтоп, эл үчүн иштей берем, калганын убакыт көрсөтөт.

– Азамат кызсың, бул арада ырчы Асема экөөңөр урушуп, кайра табышканга үлгүрдүңөр?

– Ортобузда түшүнбөстүк болгон, бирок сүйлөшүп, чечкендей болгонбуз. Карасам өзүн алып жүрүүсү дагы деле баягы. Бул жолкусуна чын эле жиндендим. Таш менин эле чарбагыма түшкөн жок, жалпы жалгыз бой энелердин атына түштү. «Эри жоктор» эмнеге унчукпай калышыбыз керек? Биз аялдын да, эркектин да жумушун аткарып, балдарыбызды багып жатабыз. «Сага эмес» деди, бирок ал менин атым турган комментарийге жооп берип жатат. Айтор, ортого курбу-курдаш, чыгармачыл инсандар түшүп сүйлөштүк. Бири-бирибизден кечирим сураштык. Анын да дарегине жаман сөздөр жазылды, жүрөгү да ооруп калды. Менин да маанайым түштү. Анын кимге кереги бар? Асема да акылдуу кыз, бизге кошулуп жардам бере баштады. Ошентип элдешип алдык.

– Айтмакчы, үйүң кут болсун, эл арасында баасы катуу талкуу болду...

– Жаңы кийим алсам деле талкуу боло берем (күлүп). Жер үйдө жашай албайм го деп ойлочумун, бирок тегерегинин баары көзөмөлдө, коркпой калдым. Бул үй менин кыялым болчу, кокустан келип калды десем да болот. Ооба, башында бир аз жашап туруп сатып жиберсемби деп ойлогом, бирок көнүп калдым, ошол жакта эле жашай турган болуп калдык. Талкуу болгондой, бир канча миллионду чапчыган үй эмес.

– Өзүңдүн ден соолугуң боюнча да сурай кетпесем болбос, коргонуу чараларын көрүп жатасыңбы?

– Эл катары эле аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, сарымсак жеп, витаминдерди ичүү менен коргонуп жатам. Кудай сактасын, ооруган жокмун. Менин ыктыярчы катары чыкканымдын себеби да өзүмдүн ден соолугум. Эки жылдан бери ден соолугум үчүн күрөшүп келе жатам. Бардыгы стресстен келип чыгат экен. Ырдап жатканда тамагым кысылып, кыйналып кетем. Өзүм ооруп жүргөн үчүн ооругандарды жакшы түшүнөм. Бир секунд дагы маанилүү экенин билем. Ошондуктан моюнума ушу милдетти жүктөп, ыктыярчы катары жардам берип жүрөм.

– Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
PeRa
2020-08-03 10:16:11
Молодец, элчи бол, депутат бол. Билими жок дегендерге айтаар элем, билими барлар деле азыркы тапта кыйратышкан жок. Ага караганда Анжеликанын көбүрөөк пайдасы тийип жатат.
-7
assanov97
2020-08-03 11:17:03
Андан коро журо бер ырдап койупле
+7
Nursul
2020-08-03 13:01:08
Саясатка аралашпай эле койгулачы адам баласы өмүр бою жакшылык кылганыңды акыркы бир жамандыгын менен жаман көрүп калышат. Азыркы бийликтеги адамдар баары түп тамыры менен жок болбойун бир жакшы адам аралашканы менен колунан иш келбейт алда аларга кошулуп кетет
+12
Baktyluumun98
2020-08-03 22:01:37
"Депутаттар артист болгонун көрдүңөр,эми артисттер депутат болбой эле койгулачы.
Биз оокат кылабызбы же концерт көрүп эле отурабызбы?"-деп фейсбукта жазып атышты эле. Даа, корсо артистер дагы ойлоно башташкан тура.
+4
gulzat878
2020-08-04 14:21:01
Бирөөнү эч жамандагым келбейт, бирок, Анжеликанын "Мирбек 2 аппарат алып берсе, мен 5ти алып беришим керек деп ойлодум" дегенине жакамды кармандым. Мирбектен өзүн өйдөмүн дегениби ошондо?! Хайп жагынан өйдөсүңдүр, бирок, ага теңелем деген түшүңө деле кирбей эле койсунчу жан болгур.
+1
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан