«Чоңойгондо кандай адам болуп калыптанарың бала чагыңда алган тарбияңдан, кичине кезиңде башыңдан өткөн окуялардан көз каранды» дешет психологдор. Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы шайыр-шатман, ачык-айрым, өзүнө ишенимдүү болуп чоңойгонун айтат. Ырчы бул ирет бактылуу көз ирмемдерге толгон балалыгын, айылын эскерди.
«ГҮЛНАЗ ЫРДАП, БИЙЛЕП, КҮЛҮП, ЖЕ ЖОК ДЕГЕНДЕ ЫЙЛАП ТУРУШУ КЕРЕК»
– Балалыгым Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке деген керемет айылында өткөн. Кичине кезимди эстегенде ата-энем, бир туугандарымдын жанында өткөн бактылуу балалыгым эсиме келет. Бала чагымдан эле ырдап-бийлегенди жакшы көрөм. Бир туугандарымды тизип алып, аларга концерт коюп берчүмүн. Такыр тынч турчу эмесмин. Ыраматылык чоң энем «Гүлназ ырдап, бийлеп, күлүп, же жок дегенде ыйлап турушу керек» деп айтып калчу. Азыр да ошондоймун.
Мектепте жакшы окуган, активдүү, уюштуруучу кыз болчумун. "Маданият министри" элем. Дискотекаларды, концерттерди уюштурчумун.
Танапис учурунда Айнаш деген классташым экөөбүз кыйкырып ырдай берчүбүз. Мен көбүнчө Гүлнур Сатылганованын ырларын ырдачумун. Гүлнур эженин чоң фанаты элем. Гезиттерден сүрөттөрүн кыркып алып топтоп жүрдүм. Теледен Гүлнур эже ырдап чыкса, үйдөгүлөр мени кайдан болсо да таап чакырышчу. Эшикте жумуш кылып жатсам үйгө чуркап келип ырдаганын угуп, бүткөндө кайра чыгып жумушту улантчумун. Атам «Гүлнур Сатылганова биз жакка концерт коюп келсе, үйгө чакырып коноктоп, кызым менен тааныштырам» деп жүрдү. Бирок мен чоңойгончо Гүлнур эже айылыбызга келген жок. Классташтарым азыр да мени «биздин Гүлнур Сатылганова» деп айтышат. Ырдаганым менен, бийлегенден уялчумун. Анткени эжелерим бий ийримине барып, кароо-сынактарга катышып жүрүштү. Мен бий ийрими жок мектепте окуп калдым. Бийлесем эжелерим «столбадайсың» дей бергенден улам бийлей албайт экем деп ойлоп калгам. Кийин студент кезде дискотекаларда бийлесем, ал жердегилер «жакшы бийлейт турбайсыңбы» деп калышты. Өзүмө ишенимим өсүп, уялбай бийлей баштадым. Аны менен токтоп калбай, жатаканада жашаган жакшы бийлеген кыздарды чогултуп бий тобун түзгөм.
Атам менен апам кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагынан мугалимдер. Атамдын мектептин директору болуп иштеп жатканына 30 жылдан ашты. Мугалимдердин айлыгы аз да. Алардын ошол айлык менен алтообузду кантип багып чоңойтуп, ЖОЖдорго окутканын азыр да түшүнбөйм. «Эжелүү кызга эски тон» демекчи, кичүүбүз улууларыбыздын эски кийимдерин кийип чоңойдук.
Биздин үйдө тоок сойгон күн да чоң майрам болчу. Тооктун этинен шорпо жасап, этти апам чоң табакка салып келип ортого коёт эле. Ыраматылык чоң энем тооктун этин улуулата бөлүштүрчү. Азыр ал учурларды эстесек жагымдуу. Пандемия учурунда кыйналып калган үй-бүлөлөргө жардам берип жатабыз да. Көп балалуу үй-бүлөлөргө барганда биздин үй-бүлөнү эстейм. Балдардын апасына «кыжалат болбоңуз. Балдар чоңойгондо сиздерди багат. Жакшы күндөр алдыда» деп дем-күч берип калам.
Атам менен апам бизди эркелетиш керек болгон кезде эркелетип, урушуш керек болгон кезде урушушту. Ашыкча эркелетип коюшса чалчактап кетмек болушубуз керек. Атам психологиялык китептерди көп окуйт. Бизге да «психологияны окугула» деп кеңеш берет. Ошондон улам атам бизди өзүбүзгө ишенүүгө үйрөтө алды окшойт. Ал «дайыма үйдөн чыгып баратканда күзгүнүн алдына токтоп, мен дүйнөдөгү эң бактылуу, эң сулуу адаммын деп өзүңөргө суктанып, өзүңөргө дем бергиле» деп айтат. Ошол адат бизге чын эле дем-күч берет.
Апам сулуу аял, атам жылдыздуу киши. Мен атама окшошмун. Атам кичине кезимден бери мени «эң сулуу кызым» дей берет. Кичинемде чын эле сулуу экенмин деп ойлочумун. Чоңойгондо карасам эл катары эле экенмин (күлүп).«АЛ КЫЗДЫ ЖЕРГЕ ЖЫГЫП, ӨЗҮМ ҮСТҮНӨ ОТУРУП АЛЫП САБАГАМ»
– Мен конфликтти жактырбайм. Бардык маселени сүйлөшүү жолу аркылуу чечкенге аракет кылам. Айла жок болгон учурда гана мушташам. Бир жолу 7-классымда уй кайтарып жүрүп оюнга алаксып кетиптирмин. Анан уй бирөөнүн тамекисине кирип кетиптир. Тамекини кайтарып жүргөн мен курактуу кыз «уюңду карабайсыңбы?» деп урушту баштады. «Көрбөй калыптырмын» десем түшүнбөйт. Анан экөөбүз мушташып кеттик. Ал кызды жерге жыгып, өзүм үстүнө отуруп алып сабап жатканым эсимде. Кийимим айрылып, кир болуп үйгө келгем.
Кичинемде түз эмес тиштеримден уялып, өзүм каалагандай оозумду кенен ачып күлө алчу эмесмин. Чоңоюп калганда байкасам оозумду кыйшайтып алып күлүп жүрүптүрмүн. Кийин уялбай, өзүмдүн тиштерим кандай болсо, ошондой кабыл алдым. Эл да мени ушул бойдон кабыл алды. Комментарийлерге тишим тууралуу жазгандар бар. Аларга көңүл бурбайм.
Кыялкечмин. Азыр чоң ийгиликке жеттим деп айта албайм. Кичине болсо да жаратып жаткан ийгиликтериме кыялкечтигим жетелеп келди. Бир нерсени чын жүрөгүмдөн аябай каалап кыялдансам, Кудай мага ошол нерсени берет.
«АТА-ЭНЕМ АЗЫР ДЕЛЕ МЕНИ ЭРКЕЛЕТИШЕТ»
– Ата-энеме барганда өзүмдү кичинекей кыз сезем, ал үйдөн кетким келбейт. Ата-энем азыр деле мени эркелетишет. Бир туугандарымдын баары үй-бүлөлүү. Ата-энем менин да турмуш куруп, бактылуу болушумду тилейт. Апам «сен ушул эшиктен ийгиликтериң менен жалгыз кирип келгенден көрө түгөйүң менен чогуу күлүп кирип келгениң биз үчүн башкача бакыт тартууламак» деп калат.
Туулуп өскөн айылым Мырза-Акеге тез-тез барып турам. Барган сайын улам жаңыланууну байкап кубанам. Айылда «Мырза-Аке жаштар биримдиги» деген айылдагы жаштардан түзүлгөн коом бар. Бул коом аялдамаларды куруп, таштанды салчу урналарды орнотушуп, айылдын өнүгүшү үчүн жакшы иштерди жасап келишет. Айылыбыздан чыккан чыгаан мырзалар аларды колдоп турушат. Учурдагы Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын президенти Канат Маматов агабыз да ошол долбоорлордун ишке ашуусуна демөөрчүлүк кылып келе жатат. Азыр өлкөбүз парламенттик шайлоо алдында турат эмеспи, эгер Канат байке депутаттыкка талапкерлигин койчу болсо, шайланса, албетте, кубанмакпыз. Ал айылыбызга жана жалпы эле өлкөбүзгө көп иштерди жасайт деп ишенем. Ушундай жердештерим менен сыймыктанам. Агаларыбыздын үлгүсүндө мен дагы колдон келген жардамымды аябайм. Жакында эле айылдагы агалар баш болгон жаштар
1 000 000 сомдой каражат чогултуп, айылдагы ооруканага керектүү медициналык жабдыктарды, дары-дармектерди алып бердик. Буюрса, "ааламга жол айылдан башталат" дегендей, Мырза-Акебиздин келечеги кең.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg