реклама
Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: «АТАМ ЭКӨӨБҮЗ ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВАНЫ КҮТҮП ЖҮРДҮК»

№921 30-июль - 5-август, 2020-ж.


«Чоңойгондо кандай адам болуп калыптанарың бала чагыңда алган тарбияңдан, кичине кезиңде башыңдан өткөн окуялардан көз каранды» дешет психологдор. Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы шайыр-шатман, ачык-айрым, өзүнө ишенимдүү болуп чоңойгонун айтат. Ырчы бул ирет бактылуу көз ирмемдерге толгон балалыгын, айылын эскерди.

«ГҮЛНАЗ ЫРДАП, БИЙЛЕП, КҮЛҮП, ЖЕ ЖОК ДЕГЕНДЕ ЫЙЛАП ТУРУШУ КЕРЕК»

– Балалыгым Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке деген керемет айылында өткөн. Кичине кезимди эстегенде ата-энем, бир туугандарымдын жанында өткөн бактылуу балалыгым эсиме келет. Бала чагымдан эле ырдап-бийлегенди жакшы көрөм. Бир туугандарымды тизип алып, аларга концерт коюп берчүмүн. Такыр тынч турчу эмесмин. Ыраматылык чоң энем «Гүлназ ырдап, бийлеп, күлүп, же жок дегенде ыйлап турушу керек» деп айтып калчу. Азыр да ошондоймун.

Мектепте жакшы окуган, активдүү, уюштуруучу кыз болчумун. "Маданият министри" элем. Дискотекаларды, концерттерди уюштурчумун.

Танапис учурунда Айнаш деген классташым экөөбүз кыйкырып ырдай берчүбүз. Мен көбүнчө Гүлнур Сатылганованын ырларын ырдачумун. Гүлнур эженин чоң фанаты элем. Гезиттерден сүрөттөрүн кыркып алып топтоп жүрдүм. Теледен Гүлнур эже ырдап чыкса, үйдөгүлөр мени кайдан болсо да таап чакырышчу. Эшикте жумуш кылып жатсам үйгө чуркап келип ырдаганын угуп, бүткөндө кайра чыгып жумушту улантчумун. Атам «Гүлнур Сатылганова биз жакка концерт коюп келсе, үйгө чакырып коноктоп, кызым менен тааныштырам» деп жүрдү. Бирок мен чоңойгончо Гүлнур эже айылыбызга келген жок. Классташтарым азыр да мени «биздин Гүлнур Сатылганова» деп айтышат. Ырдаганым менен, бийлегенден уялчумун. Анткени эжелерим бий ийримине барып, кароо-сынактарга катышып жүрүштү. Мен бий ийрими жок мектепте окуп калдым. Бийлесем эжелерим «столбадайсың» дей бергенден улам бийлей албайт экем деп ойлоп калгам. Кийин студент кезде дискотекаларда бийлесем, ал жердегилер «жакшы бийлейт турбайсыңбы» деп калышты. Өзүмө ишенимим өсүп, уялбай бийлей баштадым. Аны менен токтоп калбай, жатаканада жашаган жакшы бийлеген кыздарды чогултуп бий тобун түзгөм.

Атам менен апам кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагынан мугалимдер. Атамдын мектептин директору болуп иштеп жатканына 30 жылдан ашты. Мугалимдердин айлыгы аз да. Алардын ошол айлык менен алтообузду кантип багып чоңойтуп, ЖОЖдорго окутканын азыр да түшүнбөйм. «Эжелүү кызга эски тон» демекчи, кичүүбүз улууларыбыздын эски кийимдерин кийип чоңойдук.

Биздин үйдө тоок сойгон күн да чоң майрам болчу. Тооктун этинен шорпо жасап, этти апам чоң табакка салып келип ортого коёт эле. Ыраматылык чоң энем тооктун этин улуулата бөлүштүрчү. Азыр ал учурларды эстесек жагымдуу. Пандемия учурунда кыйналып калган үй-бүлөлөргө жардам берип жатабыз да. Көп балалуу үй-бүлөлөргө барганда биздин үй-бүлөнү эстейм. Балдардын апасына «кыжалат болбоңуз. Балдар чоңойгондо сиздерди багат. Жакшы күндөр алдыда» деп дем-күч берип калам.

Атам менен апам бизди эркелетиш керек болгон кезде эркелетип, урушуш керек болгон кезде урушушту. Ашыкча эркелетип коюшса чалчактап кетмек болушубуз керек. Атам психологиялык китептерди көп окуйт. Бизге да «психологияны окугула» деп кеңеш берет. Ошондон улам атам бизди өзүбүзгө ишенүүгө үйрөтө алды окшойт. Ал «дайыма үйдөн чыгып баратканда күзгүнүн алдына токтоп, мен дүйнөдөгү эң бактылуу, эң сулуу адаммын деп өзүңөргө суктанып, өзүңөргө дем бергиле» деп айтат. Ошол адат бизге чын эле дем-күч берет.

Апам сулуу аял, атам жылдыздуу киши. Мен атама окшошмун. Атам кичине кезимден бери мени «эң сулуу кызым» дей берет. Кичинемде чын эле сулуу экенмин деп ойлочумун. Чоңойгондо карасам эл катары эле экенмин (күлүп).

«АЛ КЫЗДЫ ЖЕРГЕ ЖЫГЫП, ӨЗҮМ ҮСТҮНӨ ОТУРУП АЛЫП САБАГАМ»

– Мен конфликтти жактырбайм. Бардык маселени сүйлөшүү жолу аркылуу чечкенге аракет кылам. Айла жок болгон учурда гана мушташам. Бир жолу 7-классымда уй кайтарып жүрүп оюнга алаксып кетиптирмин. Анан уй бирөөнүн тамекисине кирип кетиптир. Тамекини кайтарып жүргөн мен курактуу кыз «уюңду карабайсыңбы?» деп урушту баштады. «Көрбөй калыптырмын» десем түшүнбөйт. Анан экөөбүз мушташып кеттик. Ал кызды жерге жыгып, өзүм үстүнө отуруп алып сабап жатканым эсимде. Кийимим айрылып, кир болуп үйгө келгем.

Кичинемде түз эмес тиштеримден уялып, өзүм каалагандай оозумду кенен ачып күлө алчу эмесмин. Чоңоюп калганда байкасам оозумду кыйшайтып алып күлүп жүрүптүрмүн. Кийин уялбай, өзүмдүн тиштерим кандай болсо, ошондой кабыл алдым. Эл да мени ушул бойдон кабыл алды. Комментарийлерге тишим тууралуу жазгандар бар. Аларга көңүл бурбайм.

Кыялкечмин. Азыр чоң ийгиликке жеттим деп айта албайм. Кичине болсо да жаратып жаткан ийгиликтериме кыялкечтигим жетелеп келди. Бир нерсени чын жүрөгүмдөн аябай каалап кыялдансам, Кудай мага ошол нерсени берет.

«АТА-ЭНЕМ АЗЫР ДЕЛЕ МЕНИ ЭРКЕЛЕТИШЕТ»

– Ата-энеме барганда өзүмдү кичинекей кыз сезем, ал үйдөн кетким келбейт. Ата-энем азыр деле мени эркелетишет. Бир туугандарымдын баары үй-бүлөлүү. Ата-энем менин да турмуш куруп, бактылуу болушумду тилейт. Апам «сен ушул эшиктен ийгиликтериң менен жалгыз кирип келгенден көрө түгөйүң менен чогуу күлүп кирип келгениң биз үчүн башкача бакыт тартууламак» деп калат.

Туулуп өскөн айылым Мырза-Акеге тез-тез барып турам. Барган сайын улам жаңыланууну байкап кубанам. Айылда «Мырза-Аке жаштар биримдиги» деген айылдагы жаштардан түзүлгөн коом бар. Бул коом аялдамаларды куруп, таштанды салчу урналарды орнотушуп, айылдын өнүгүшү үчүн жакшы иштерди жасап келишет. Айылыбыздан чыккан чыгаан мырзалар аларды колдоп турушат. Учурдагы Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын президенти Канат Маматов агабыз да ошол долбоорлордун ишке ашуусуна демөөрчүлүк кылып келе жатат. Азыр өлкөбүз парламенттик шайлоо алдында турат эмеспи, эгер Канат байке депутаттыкка талапкерлигин койчу болсо, шайланса, албетте, кубанмакпыз. Ал айылыбызга жана жалпы эле өлкөбүзгө көп иштерди жасайт деп ишенем. Ушундай жердештерим менен сыймыктанам. Агаларыбыздын үлгүсүндө мен дагы колдон келген жардамымды аябайм. Жакында эле айылдагы агалар баш болгон жаштар
1 000 000 сомдой каражат чогултуп, айылдагы ооруканага керектүү медициналык жабдыктарды, дары-дармектерди алып бердик. Буюрса, "ааламга жол айылдан башталат" дегендей, Мырза-Акебиздин келечеги кең.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg




"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(20)
03.08.2020. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-05-2019
Соӊку аракети:
23-09-2020 12:54
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баарынын берген маегинен карасаң,ырдап балдар-кыздарды чогултуп концерт койчумун дешет.Баарынын маеги окшош ырчылардын.
03.08.2020. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
25-05-2020
Соӊку аракети:
23-09-2020 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен ырчы эмесмин бирок биз деле кичинекейибизде балдарды чогултуп концерт койчу элек.
03.08.2020. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
23-09-2020 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+13
Ariz0112,биз да ошентээр элек,,,,уйгактан гул жасап алып
03.08.2020. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
23-09-2020 19:30
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тортоонун кайсынысы Гулназ?
03.08.2020. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
23-09-2020 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мурунку куйосу туралу сурасанар
03.08.2020. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
23-09-2020 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+7
Казактын бир ырын ырдап алып танылды.озунун тузук ыры жок
03.08.2020. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
23-09-2020 20:46
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бирде кызмын деди еле го куйоосу барбы.)))))
03.08.2020. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
19-01-2016
Соӊку аракети:
23-09-2020 16:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
munira-tilen,күйөөсү жок экен, сени күтүп жатат.
03.08.2020. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-03-2018
Соӊку аракети:
10-08-2020 05:37
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ырчынын баары эле мушташкан, уруп койгон болот ээ?)
03.08.2020. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
12-09-2020 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен дагы балалыгымда концерт койчумун. Кыздар менен мушташкамын. Ырчылар эле эмес, биз деле ушинтип чонойгонбуз. Балалыкты эстеп корсонор.
03.08.2020. 23:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
01-09-2020 17:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Активдуу,мектептин мотору болчу.Каткырып эле журчу...Позитивная.Бироо менен урущуп,жаман айтышканын коргон жокпуз.Улуу-кичуу менен озу биринчи саламдашат эле.
04.08.2020. 02:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
19-10-2010
Соӊку аракети:
23-09-2020 11:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+7
Тажатты Анжелика, Самара бутуп ушул кайра кайра эле чыгып калды
04.08.2020. 03:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-03-2014
Соӊку аракети:
02-09-2020 20:53
Жынысы:
Белгисиз
-5
DANI Эми сага жакпаса эмне убактынды коротуп коментарии жазасын,Эн жонокой ырчы мен учун
06.08.2020. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
22-09-2020 12:34
Жынысы:
Белгисиз
-7
dilya81,ошону айтам муну ким кирип окуп ком жаз деди экен.
04.08.2020. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-02-2020
Соӊку аракети:
29-08-2020 15:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
Неге баардык эле ырчыларга жаман жаза бересинер дем куч бернендин ордуна жакшы соз жазсанар не силерден пул сурайбы озубузду озубуз колдобосок башка улуттагылар колдой беле. Бири бирибизди сыйлап озубузду озубуз колдойлучу менин алакандай болгон Кыргыз элим...Куч биримдикте
04.08.2020. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
25-10-2019
Соӊку аракети:
23-09-2020 20:02
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмнеге балдарын айтпайт сыймыктанбайт!
05.08.2020. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
04-06-2017
Соӊку аракети:
21-09-2020 21:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лондон
-2
Kona8631,мен кайдан билейин
06.08.2020. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
22-09-2020 12:34
Жынысы:
Белгисиз
-7
Kona8631,айткысы келеби келбейби биздин ишибиз эмне ага эмес башкасына көңүл бура берсеңер
06.08.2020. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
22-09-2020 12:34
Жынысы:
Белгисиз
-8
Урматтуу өзүн кыйын сезип тажатты деп жаткан чириктер силерди эч ким зордогон жок көргүлө жаман созунорду жазгыла деп кирип окусан да жаман сөзүңдү жазбай чыгып кеткилечи тоба пайдан тийбесе зыян бербей дегендей пейилинер бузулуп мазактап үй бүлөсүн айтып чукуп баштайсынар.Урматтуу идеалдуулар жашооңорду оңдоп алып жашай бергилечи өзүңөр да бактылуу эмес бирөөнү да бактылуу кылбасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24493;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: