Миллиондогон күйөрмандардын аудиториясын багынткан түштүк кореялык «BTS» тобу. Сахнада ырдап, бийлеп көпчүлүккө музыкалык ырахат тартуулаган жигиттер жашоодо кандай кыйынчылыктарды көрүп жатышат, үй-бүлөсү менен мамилеси кандай, жан дүйнөсү тынчпы, бактылуубу? Дал ушул суроолордун жообун атактуу топтун мүчөсү, рэпер Мин Юнгинин жашоосунан издеп көрдүк.
Аты-жөнү: Мин Юнги
Псевдоними: Шуга, Agust D
Туулган жылы: 1993-жыл, 9-март
Туулган жери: Түштүк Корея, Тэгу шаары
Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар
Бою: 176 сантиметр
Жылдыз белгиси: Балык
«BTS» тобунун рэпери, музыкант, продюсер
Лейбл: Big Hit Entertainment
КАТУУ ТАРТИПТЕ ЧОҢОЙГОН
Юнги Түштүк Кореядагы ири шаарлардын бири Тэгуда жарык дүйнөгө келген. Балалыгындагы бир катар кыйынчылыктар аны күчтүү, чыдамкай болууга үйрөткөн. «Окуучу курагымда 3 мектеп алмаштырдым. Улам жаңы мектеп, бейтааныш окуучулар, жаңы мугалимдерге көнүп кетиш үчүн убакыт керек болду. Өспүрүм бала үчүн оор эле болот экен»,- дейт ал. Атасы олуттуу, тарбияны бекем кармаган киши. «Атамдын катуу тарбиясын мен мектепте да колдондум. Классташтарым тартип бузса мугалимге айтып койчумун. Мунун айынан алар менен урушкан учурлар болду». Юнги атасынан көп нерсени үйрөнгөн. Учурда деле сантехник, электриктин жумуштарын өзү эле жасап коёт.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ КОЛДОГОН ЭМЕС
Юнгинин үй-бүлөсү бай адамдар эмес эле, андыктан ашыкча акча коротуу деген болчу эмес. Андыктан Юнги кичинесинен эле ар кайсы жумушта иштеп акча тапканга көнгөн. Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу 12 жашынан башталган өспүрүм 13 жашында алына жараша ыр жазып, музыка чыгара баштаган. Ошол чыгарган ырына аранжировка жасоо анын кыялы эле.
17 жашында үн жаздыруучу студияга жумушка орношуп, кыялын ишке ашырууга өткөн. Ушул студиядан профессионалдык деңгээлде кантип аранжировка жасалары, сапаттуу үн жаздыруу кандай болорун үйрөнгөн. Рэпер катары эң алгачкы ырын да ушул студиядан жаздырган. Музыкага болгон кызыгуусу күчөгөн жигит келечегин чыгармачылыкка арноону чечет. Бирок анын каалоосуна үй-бүлөсү каршы чыккан. Баары бир чыгармачылык менен алектенем деген Мин Юнгинин көк беттиги жеңип, учурда үй-бүлөсү негизги колдоочулары.
КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК
Юнги көп убакыт депрессияда жүргөн. Бир четинен чыгармачылыгын ата-энеси колдобой койгону болсо, экинчи тараптан өзү күткөндөй ийгиликке жете албай койгон. Студияда иштеп тапкан акчасы жол кире менен тамагына эле жетчү. «Жазган ырларымды сатчумун, болбогон эле акчага алышат. Студиянын жанында эки ашкана бар эле. Бирине кирип тамак ичсем 2000 вон кетет. Экинчисине кирсем 1000 вон төлөйм. 2000дик ашканадан тамак ичкен күндөрү автобуска жол киреге акча калбай, үйгө 2 саат жөө басып барчумун»,- дейт ал.
Алгач Gloss псевдоними менен рэпер катары чыккан, андан кийин «D-Town» аттуу хип-хоп тобунун курамына кошулган Юнги дагы деле элге алына алган эмес. Бирок ал ар кайсы музыкалык сынактарга катышууну уланта берген. Акыры ошондой сынактардын биринде 2-орунга татып, анын талантын байкаган «Big Hit» агенттиги аны кабыл алып, «BTS’тин» курамына кошулган. Азыр ал кыялындагыдай Кореяга эле белгилүү ырчы болбостон, дүйнө жүзүнө тааныла алды.
ШУГА+AGUST D
Топтун ар бир ийгилигине өз салымын кошуп келе жаткан Юнги 2016-жылы 10 ырдан турган микстейп чыгарды. Бул анын жеке ырчы катары карьерасынын башталышы эле. Топто Шуга аты менен белгилүү рэпер жеке ырчы катары Agust D псевдоними менен чыккан. Ал альбомунда көбүнчө социалдык темаларга, башкача айтканда, социофобия, депрессия, өспүрүмдөргө кайсы учурда кысым болот деген сыяктуу маселелерге кайрылган. «Big Hit» менин жеке альбомума чоң колдоо көрсөттү. Анан да мага ыр чыгаруудагы темаларга эркиндик беришти. Оюмда эмне болсо, эмнеге кыжалат болуп жатсам ошонун баарын ырга коштум. Эркиндик үчүн рахмат»,- дейт ал.AGUST D’ден ЭКИНЧИ АЛЬБОМ
Ушул жылдын май айында Agust D’нин экинчи альбому – «D-2» чыгып, башкы «Daechwita» ырына клип да тартылды. 10 ырдан турган альбомдон Agust D менен чогуу RM, NiiHWA, King Jong Wan сындуу белгилүү ырчы, рэперлердин үндөрүн уга аласыз. «Негизи планымда мындан көп артисттер менен иштешмекмин. Бирок айрым себептерге байланыштуу ишке ашпай калды»,- дейт музыкант. Альбомдо рэпер мурдагыга караганда өзүн кандай сезип жатат, дүйнө таанымы кандай болуп өзгөргөнүн чагылдырганын айтат.
«Көпчүлүк ырларыңыздын текстинен улам сизди «депрессияда жүрөт, кайгылуу, агрессивдүү ырларды көп ырдайт» дешет» деген журналисттин суроосуна: «Мен ырларым аркылуу ойлорумду бөлүшөм. Ал жалгыз мага тиешелүү деген нерсе эмес. Коомдогу маселелерди ыр менен суроо катары берем десем болот. Ал суроого бири «жок, мындай эмес деп, дагы бири «ооба, менде ушундай маселе бар» деп жооп бериши ыктымал»,- деп жооп берген. Шуга катары да, Agust D катары да күйөрман топтой алган Мин Юнгиге ийгилик каалайбыз.
Мин Юнги тууралуу кыскача...
Асыл Орозбекова
star@super.kg