“Үнүм жетпей чоңдорго,
Кайра элге кайрылам.
Оңолбоду төбөлдөр,
Акча жасап кайгыдан...” деп бийликке сын айтып, элдин азыркы абалын ырдаган ырчы Алмаз Шаадаев бүгүнкү сандын коногу. Кеп ушул ыр тууралуу башталсын.
– Алмаз, кандайсың? “Кыргызстанды сүйөлү” деген ырың чыгып, элдин көңүлүн бурду. Муну менен катар “ырдын сөзү курч жазылыптыр” деп сен үчүн кабатырланган күйөрмандарың да көп экен. Мындай ырды ырдап чыгууга эмне түрткү болду?
– Жакшы, рахмат. Мен буга чейин “Жаркырасын Кыргызстан” деген ырымда элдин көйгөйүн, өлкөнүн абалы, тышкы карыздар, коррупция, адилетсиздик жана башка өлкөдөгү бир катар маселелер тууралуу ырдагам. “Кыргызстанды сүйөлү” ошол ырга үндөш же анын экинчи версиясы болду. Ырдын сөзүн Кудрет Тайчабаров жазды. Чындыгында, сөзү былтыр эле жазылган. Убакыт-сааты чыкпай, ырдалбай жүргөн. Бул жылы элдин башына түшкөн мүшкүлдү, мындайда бийликте отургандардын кылыктарын көрүп жөн отургум келген жок. Ырым менен болсо да элдин үнүн жеткиргим келди. Жазылган текстти оңдоп-түздөп ырдап чыктым. Адегенде карап көрүп, бир топ сабын алып салдык. Анткени Кудрет дагы ичинен күйүп-бышып, эмоцияга алдырып жазган экен, бийликтегилерди каргаган саптар бар эле. “Бирөөнүн өлүмүн тилегенче өзүңдүн өмүрүңдү тиле” деген сөз бар эмеспи, бирөөнү каргап ырдагым келген жок. Жыйынтык өзүмө жакты. Ырдын ар бир сабы маанилүү, азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдү камтыйт, ачуу чындык айтылат.
– Эл кандай кабыл алды?
– Ырым Youtube’да 10 күндүн ичинде жарым миллионго жакын көрүлдү, 5 миңден ашык комментарий жазылды. Комментарийлерде “ар бирибиздин оюбузду айтыптырсың” деп жазып жатышат. Арасында мага кабатырлангандар көп, “сага кол салышпасын”, “ырдап алып эртең кечирим сурап калба” деп жазгандар бар. Эл минтип жазып, мага кандай чара көрсө болору тууралуу идея берип, мени салып бергендей сезилет экен. Тынч эле угуп коюшса жакшы болмок. Мен баарына даяр болуп ырдап чыктым. Эч нерседен корккон жокмун. Эмне кылышса да кечирим сурабайм. Бийлик тараптан реакция болгон жок.
– Сизди патриот жигиттердин катарына кошсо болобу?
– Ооба. Мекен үчүн күйүш керек. Мекениңе пайдаң тийбей жатса, жок дегенде зыяның тийбеши керек. Мен өз жолумда өлкөмө пайдалуу болууга аракет жасап келем. Мен ырчымын. Ырларым аркылуу элдин көйгөйүн айтып турушум кажет. Ырчылар, акындар айтпаганда ким айтат? Айрымдар “саясаттан алысмын, ага аралашкым келбейт” деши мүмкүн. Менимче, эч нерсеге кайдыгер карабай, өлкөдө болуп жаткан бардык окуядан кабардар болуп, ал тууралуу ойлоно жүрүш керек.
– Айрым ырчылар “буга чейинки шайлоолордо үгүт иштерине катышканыбыз үчүн уялабыз” деп чыгышты. Бул жылы позицияларын өзгөртүшүп, кайсы партия үчүн ырдоону дыкат ойлонушарын айтышты же такыр эле үгүт кампаниясына катышпайбыз деп жатышат. Сен кайсы партияга ырдайсың?
– Ооба, мен да буга чейинки шайлоолордо акча төлөгөн партия үчүн ырдап келгем. Бирок алар чын эле элдин үмүтүн акташкан жок. Андыктан мен дагы аябай ойлонуп жатам. “Кыргызстанды сүйөлү” ырын ырдап чыккандан кийин мага көп партиялардан сунуштар түшүп жатат. Эртең жемеленип калгым келбейт. “Кечээ патриот болуп төш кагып жатып бүгүн баланча партияны колдоп жүрөт” деген сөзгө калгым келбейт. Бирок баары бир кайсы бир партияны колдогонго туура келет. Анткени бир партия болбосо, экинчиси баары бир парламентке өтөт. Кыргыз жараны катары көңүлүмө жакканын колдогонго укугум бар. Мен ар бир партиядагы адамдардын буга чейин иштегендерин изилдеп, ким кандай иштей алат деп ойлонуп жатам. Элди да жакшы ойлонуп кадам таштоого чакырам. Ар бир адам өзүнө жооп берип, добуштарын сатышпаса. Ооба, азыр баарын акча чечип жатат. Бирок күнүмдүк акчага алданбай, Кыргызстандын келечегин ойлосок жакшы болмок.
– Азыр дүйнөнү каптап жаткан оору адамдардын оюн, баалуулуктарын өзгөрттү. Сенин да баалуулуктарың өзгөрдүбү?
– Бул чындыгында чоң сыноо болду. Күнүмдүк жашоо менен алпурушуп, адам адамды тааныбай калган заман келген. Азыр адамдар бири-бирибизге керек экенибизди, адамдын көңүлү маанилүү экенин түшүндүк. Элдин ниетине жараша болду. Мисалы, “тойду токтотуш керек” деп тойлорду жаман көрүп көп сүйлөп баштаганбыз. Мына, азыр тойканалар оорукана болуп калды. Сөздүн күчү бар дейт го. Ойлонуп, абайлап сүйлөшүбүз керек, ниетибизди түздөшүбүз зарыл. Мен ата-энеме, бир туугандарыма көп көңүл бурушум керек экенин түшүндүм. Мен үчүн эң кымбат адамдар ошолор. Ошол адамдардын көңүлүн оорутпаганга көбүрөөк аракет кылып калдым. Бүгүн бар, эртең жок экенбиз.
– “Тойлор болбой калды” деп калдың. Азыр киреше булагың эмне болуп жатат?
– Инстаграм. Инстаграмдан акча табайын деген оюм жок болчу. Азыр иштетип баштадым.
– Ырчылардын көпчүлүгү элге жардам берип чуркап жүрүшөт. Сен да жардам берип жаткандай болдуң...
– Мен дары көтөрүп ооруканага барган жокмун, муктаж адамдардын үйүнө барып азык-түлүк тапшырган жокмун. Анткени өзүм көп убакыт ооруп, үйдө болдум. Бирок колумдан келишинче акча которуп жаттым.
– Жашоодо өкүнгөнүң барбы?
– Жок. Жашоомдо баары мен ойлогондой, мен кыялдангандай болуп келе жатат. “Жаштын тилегин берет” дейт. Кенедейимден элге таанылсам, ырдасам дечүмүн. Ырдап күйөрман топтодум. Чыгармачылыгым өз жолунда баратат, Кудайга шүгүр. Негизи 30 жашка чейин тырышып иштөө мезгили экен. 30га чейин бир нерсеге жетсең, жеттиң. Эгер бул жашка чейин эч нерсе кыла албасаң, андан ары да кыла албайт экенсиң. Мен 30га келдим. Карьерамды тургуздум. Болгону ушул экен. Мындан ары кандай ыр жазсам да, ошол эле Алмаз Шаадаевмин. Карьерамдын жеткен чеги ушул деп билем. Эми жеке жашоомо олуттуу көңүл буруп, үй-бүлө куруп, балалуу болууга аракет кылам.
– Ошондо жеке жашоодо жаңылык болчу учур жакындап калдыбы?
– Азырынча тынч эле. Сааты чыга элек окшойт. Маңдайыма жазылган бирөө тургандыр.
– Жашооңдогу эң романтикалуу учурду эстеп айтып берчи...
– 2012-жылы болсо керек эле, 14-февралда сүйлөшкөн кызымды үйгө чакырып, столдун үстүнө эки шамды жагып коюп, өз колум менен жумуртка кууруп бергем. Ошол мен жасаган эң романтикалуу кадам. Өзүм романтик эмесмин. Гүл көтөрүп бара калып сюрприз жасоо меники эмес, андайды көп жактыра бербейм.
– Маегиңе рахмат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg