Бекназ Алмазбеков, футболчу: “ЧЕЛСИ”, “ЛИВЕРПУЛЬ” СЫЯКТУУ КЛУБДАРДА ОЙНОГУМ КЕЛЕТ”

Бекназ Алмазбеков жыл башында АФКнын кароосу боюнча Азиядагы мыкты 7 жаш футболчунун катарына кирди. Түркиянын алдыңкы футболдук клубдарынын бири болгон “Галатасарайда” оюн көрсөтүп келет. 2019-жылы 16 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз улуттук курама командасына чакырылып, алгачкы оюнда гол жаратып үлгүргөн. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш футболчу менен маектештик.

ФУТБОЛЧУ ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы – 2005-жыл, 23-июнь

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 172 сантиметр

Салмагы – 71 килограмм

Амплуасы – чабуулчу

Ойногон клубу – “Галатасарай”

Катар саны – 11

Учурда – 16 жашка чейинкилер арасында Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу

– Салам, Бекназ, ден соолук жакшыбы? Качантан бери Бишкектесиң?

– Жакшы, рахмат. Пандемияга байланыштуу машыгуулар токтотулган. 13-марттан бери бул жактамын.

– Келгениңе 4 айдай болуптур, клубдаш досторуңду, оюн талаасын, Стамбулду сагындыңбы?

– Албетте, ал жактагы досторуңду, жашаган жериңди, машыгууларды сагынат экенсиң. Өзүнчө машыгып жатсаң деле команда менен машыккандай болбойт. Кудай буюрса, бул оору бүтүп, оюндар жанданат деп ишенем.

– Чет өлкөдө ийгиликтүү оюн көрсөтүп келесиң. Футболго болгон алгачкы кадамдар качан башталган?

– Кичинекей кезимден эле футболго болгон кызыгуум күч болчу. Үйдө атам, агам, баарыбыз чогуу отуруп алып футбол көрчүбүз. Ошондон улам да футболго болгон кызыгуум арткан. 9 жашымда атам мени футболго алып барган. “Алга” менин алгачкы клубум. Марат Израилов деген агайдын кол алдында машыгууларды жүргүзгөм. Менин футболчу болуп калыптанышым үчүн ал кишинин эмгеги абдан чоң, мага көп нерсени үйрөттү. Казакстан, Литва, Орусия, айтор, канчалаган турнирлерге барып командабыз менен биргеликте көптөгөн ийгиликтерди жараттык. “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” деген наамдарды алып жаттым. Менин биринчи жолку спорттук кийимим “Барселонанын” формасы болчу. Кичинекейимден эле ушул клубга жан тартам. Келечекте Англия Премьер-Лигасындагы “Челси”, “Ливерпуль” сыяктуу чоң клубдарда ойногум келет.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең? Үйдө сенден башка да футбол ойногондор барбы?

– Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. Атам жеке ишкер, апам үй кожойкеси. Үйдө баарыбыз эле футбол ойнойбуз. Менден улуу агам Кыргыз Премьер-Лигасынын “Илбирс” командасында ойнойт. Иним дагы футболчу, жаштар арасында ойноп келет. Аракети күчтүү, келечекте көптөгөн ийгиликтерге жетет деп ойлойм.

– Баарыңар футболчу экенсиңер, атаң өзү футболго кызыгат окшойт, ээ?

– Өзү футбол ойнобойт, бирок футболго аябай кызыгат. Достору менен чогулуп футбол көрөт, көп командага күйөрмандык кылат. Негизи оюндарды калтырбай көрөт.

– “Галатасарайда” кантип ойноп калдың?

– “Галатасарайда” ойноп калуум үчүн, албетте, атамдын салымы чоң. Атамдын Түркиядагы досторунун жардамы менен 2017-жылы Стамбулга барып “Галатасарайдын” сынагына катышкам. Бир жумага созулган сынакта машыгууларды жасап, эки ирет достук беттеш өткөрүп, өзүмдү көрсөткөм. Ошонун жыйынтыгында өз күчүм менен клубга кабыл алынгам. Анан документтеримди даярдап алып, бир айдан кийин Түркияга кеттим. Ошондон тартып “Галатасарайда” ойноп келем. Азыр командада вице-капитанмын. Капитан болуу деле оңой эмес, өзүңдүн лидерлик сапаттарыңды көрсөтүп, жүрүм-турумуңду оңдоп, жакшы ойношуң керек. Ушул жактарың менен командага үлгү боло алсаң гана капитандык кыла аласың.

– Башында Түркияга көнө албай, кыйналган учурлар болдубу?

– Албетте, кыйналган учурлар болбой койгон жок. Биринчи барганда көнө албай, ата-энемди, бир туугандарымды, Бишкекте бирге ойногон досторумду сагынып жүрдүм. Кийинчерээк балдар менен аралашып тил үйрөнүп, ал жактын программасы менен окуп баштаганда көнүп калдым. Эмне максатта бул жакка келдим, мындан ары ошол максат менен кетишим керек деп ойлодум.

– Стамбулда сен билим алып жаткан мектеп академияга карайбы? Ал жактагы жашооң тууралуу айта кетсең.

– Ал жактагы жашоом футболго ыңгайлашкан. Мамлекеттик эле мектепте окуйм. Академиянын атайын базасында турам. Күн окуу, машыгуулар менен өтөт. Туура тамактанууга басым жасайбыз. Эртең менен сабакка барабыз, түштө сабактан келип бир аз эс алабыз. Анан машыгуулар башталат.

– Өткөн жылы "Галатасарай"-"Истанбулспор" беттешинде пенальти жасап командага упай алып келем дебестен, топту атайылап дарбазадан сыртка тээп салдың. Оюн учурунда тартылган видеону дүйнөнүн булуң-бурчу көрүп, сенин бул кадамыңды эрдик деп баалашты... Ошол учурда кандай эмоцияда элең?

– Ал оюнда мен топ менен кетип жаткам. Тең салмактуулугумду жоготуп тайып кетип жыгылып кеттим. Симуляция деп эсептебейм. Пенальти кылуунун кажети жок болчу. Бирок башкы калыс пенальтини көрсөттү. Мен башкы калыска барып пенальти абалы жаралбаганын айтсам, болбой койду. Антип гол жараткым келген жок. Мен топту тескери тээп салдым. Оюн бүткөндөн кийин машыктыруучулар “туура кылдың” деп макташты. Бул кадамымдан кийин көпчүлүк мени таанып, оюндарымды көрө башташты. Көптөгөн наамдарга татыдым.

– 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн 16 жашка чейинкилер арасында улуттук курама командасына чакыруу алдың. Сезимдер кандай болду?

– Абдан кубандым. Улуттук курамда ойноо мен үчүн чоң сыймык. Курамдын формасын кийгенден кийин өлкөң үчүн гана ойногуң келет экен.

Оюн талаасында курама команда менен чыкканда толкундоолор болду. Толкундоолорду жеңип, командага дем-күч берип жакшы оюн көргөзүүгө аракет кылдым.

Алгачкы оюн Ливан менен ойноп жатканда утулуп жатканбыз, 1-тайм бүткөндө “биз ута алабыз” деп балдарга айттым. Себеби утарыбызга ишенип тургам. 2-таймда жакшы оюн көрсөттүк. Менин голум командага дем берди окшойт. Андан кийин удаасы менен голдор жаралды, ошентип бул беттеште 3-2 эсебинде жеңишке жетишкенбиз.

Кийинки оюндарда утулуп, финалдык этапка чыга албай калганыбызда бардык эле оюнчу өзүнүн милдетин сезди окшойт. Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарына аябай даярдык көргөнбүз. Командадагы бардык оюнчу өз милдетин так аткарса жакшы жыйынтыкка жетишмекпиз деп ойлойм. Бизде бул нерсе жетишсиз болгондуктан ийгилик жарата албай калдык. Адам биринчи орунда командадагы милдетин сезиши керек. Азияга чыга албай калганыбызга мен себеп болдумбу деп да ойлодум. Кыргыз элимден кечирим сурап Инстаграмга пост жазууга туура келди.

– Футболдук карьераңды башка клубдарда өнүктүрүү пландарың барбы?

– 3 жылдан бери “Галатасарайда” ойноп жатам. Ар бир оюндан кийин жаңы максат пайда болуп турат. Азыркы максатым – “Галатасарайдын” биринчи командасына чыгуу. Андан соң Европада чоң клубдарга ойносом дейм. Ошондой эле биринчи улуттук курама командага чакырылып, “Акшумкарлардын” катарында ойногум келет. Кыргыз элинин алдында улуттук курам менен мыкты оюн көрсөткөн кандай жакшы.

– “Алгада” ойноп жаткан учурда жакынкы жылдары Түркияда ойноп калам деп ойлодуң беле?

– Ал кезде Орусияда же башка чет элдик чоң клубдарда ойноону кыялданчумун. Кыялым орундалып Түркиянын алдыңкы клубунда ойноп жатканыма Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

– Кыргыз футболу менен Түркия футболунун ортосунда кандай айырмачылык байкай алдың?

– Айырмачылык бар. Кыргыз футболу жаман эмес, өнүгүп келе жатат. 2019-жылкы Азия чемпиондугунан кийин жаштардын футболго болгон кызыгуусу дагы артты деп ойлойм. Түркияда деле футбол Европанын деңгээлинде. Бирок Германия, Италия, Испания, Англиядагы футболдун деңгээли такыр башка.

– Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндарын көрүп турасыңбы? Кыргыз футболчуларына күйөрмандык кыласыңбы?

– Чынын айтсам, КПЛдин оюндарын көп деле көрбөйм. Курама команданын оюндарын өткөрбөй дайыма көрүп турам. Оюнчулардан Гүлжигит Алыкулов, Валерий Кичин, Эдгар Бернхарддын оюндарын баалайм.

– Өзүңө чабуулчулук позицияда ойногон жагабы?

– Ооба, оюнда чабуулчулук кылган мага абдан жагат. Бул позицияда өзүмдүн жөндөмүмдү жакшы көрсөтө алам деп ойлойм.

– Сен үчүн мыкты команда жана мыкты футболчу?

– Дүйнөдөгү эң мыкты команда – “Ливерпуль”, ал эми мыкты оюнчу, албетте, Лионель Месси.

– Футболдон башка эмнеге кызыгасың?

– Сууда сүзүүгө, стол теннисине кызыгам. Кээде сүрөт тартам. Балдар менен Play Station ойнойм, сериал көргөндү жакшы көрөм.

– Түрк сериалдарын көрөт экенсиң да?

– Ооба.

– Маегиңе рахмат. Ой-максаттарың орундалсын.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
muku.85
2020-08-03 12:59:28
Кыргыздын Мбабпеси ийгилик сага бул буйурса башталышы Чемпиондор лигасында ойноо насип кылсын
+2
mariolan
2020-08-03 16:33:01
Бекназ сенин u15 мачтарынды коруп турам, талыкпай эмгектен, умутубуз коп сенден, анан Түркиянын эн чон Жана мыкты клубу Фенербахче экендигин эсинден чыгарба ) ийгилик
+2
Айдай
2020-08-07 14:18:19
Бекназ азаматсын!!! Оркунун оссун, ар дайым ийгиликтерди жарата бер!!! Тилектерин ойго ашсын!!!
+1
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан