27-июлда эпидемиялык кырдаалда дарыгерлерге жардамдашып жаткан айрым ыктыярчылар “дарыгерлер медициналык жабдыктарды, дары-дармектерди жана тамак-ашты жардам катары ыктыярчылардан алуудан баш тартып жатышат” деп айтып чыгышты. Тагыраагы, дарыгерлерге жетекчилиги демөөрчүлөрдөн жардам алууга тыюу салыптыр деп чыгышты.
Бул арада интернет желесине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Осмоналиевдин колу коюлуп, Жалал-Абаддагы дарыгерлерге жолдонгон документтин сүрөтү жарыяланды. Документте “эгерде оорукана жетекчилери демөөрчүлөргө жардам сурап кайрылууну уланта берсе, жекече жоопкерчиликке тартылат” деп жазылат. Көпчүлүк бул каттын маңызын оор кырдаалда Кыргыз медицинасына жасалган кыянаттык катары баалады. Көп өтпөй аталган фонд жарыяланган кат тууралуу түшүндүрмө берип, кечирим сурады. Мекеме аталган катты “дарыгерлерге туура эмес стилде кайрылуу” деп актанды.
28-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова “ооруканалардын демөөрчүлөрдөн жардам алуусуна министрлик тарабынан эч кандай тыюу салынган эмес” деп жарыялоого аргасыз болду.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg