1-АВГУСТТАН ТАРТА 4 ӨЛКӨ МЕНЕН АВИАКАТТАМДАР ЖАНДАНАБЫ?

Кыргыз өлкөсү 1-августтан тарта 4 мамлекет менен аба каттамдарын жандандырууну көздөөдө. Бул тууралуу 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

“Азыркы тапта Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абал туруктуу болуп турса, эл аралык каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк алабыз”,- дейт өкмөт башчы.

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин ЖМКларга айткандарына таянсак, өлкө аба каттамдарын жандандырууну көздөгөн мамлекеттер Кыргыз тараптын тийиштүү сунушуна жооп бере элек.

"1-августтан тарта Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен туруктуу негизде каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок так жооп боло элек. Баары шартка жараша болот. Мисалы, Орусия 1-августта ача албай калышы мүмкүн. Түркия “макулбуз” дегендей жооп берди, бирок сүйлөшүү аяктай элек. Казакстан макул болот деп турабыз. Эмираттардан да жооп боло элек",- деди Акышев.

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды ушул жылдын март айында пандемиялык кырдаалдан улам убактылуу токтоткон. Расмий маалыматка таянсак, 20-марттан 22-июлга чейин жалпысынан 113 чартердик каттам менен 18 миң Кыргыз жараны мекенине кайтып келди.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан