Коронавирус эпидемиясына байланыштуу аймактарда абал оор бойдон калууда. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, жалпы өлкөдө илдеттин көрсөткүчтөрү басаңдаганы менен, кырдаал дагы деле кооптуу.
“Аймактарда абал дагы деле курч бойдон турат. Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында илдетти жуктургандар басымдуулук кылууда. Ал эми Ысык-Көл облусунда жайкы эс алуу мезгилине байланыштуу ооруну жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Анткени ички эс алуучулардын саны көбөйдү. Адамдар илдетти эс алуу учурунда жуктуруп алганы катталууда. Аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалдын курчушунун алдын алуу боюнча өкмөт тыкыр иш алып барып жатат. Стационарларды ачып, жабдыктар менен жабдуу жана башка иштер жүргүзүлүүдө”,- дейт өкмөт башчы.
Коомчулукта жарандарды эл көп чогулган жерлерге, анын ичинде Ысык-Көлгө эс алганы барбай туруу чакырыктары байма-бай айтылууда. Бишкек-Каракол жолун эс алуучулар үчүн жабуу талаптары да орундалган жок. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдүн жергиликтүү бийлигин эс алуучуларга шарт түзүүгө, дезинфекциялоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө чакырды.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg