“ШООПУР” КАЙМАНА АТТУУ ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВ ЖАТАК АБАККА КОТОРУЛДУ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы айдоочусу, учурунда Ак үйдөгү “серый кардинал” аталып да жүргөн Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду. Мындай чечимди 21-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Ал жазасынын калган мөөнөтүн №47 абактан эмес, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №26 жатак абакта өтөмөкчү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Илмияновдун жатак абакка которулганы тууралуу буларды билдирди:

“19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, Илмияновдун жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан. Мындан тышкары эки мунапыс колдонулган. 21-июлда ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечими менен ал жатак абакка которулган”.

Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2017-жылкы президенттик шайлоодо “Дизель комплект” деген компаниядан сый акы жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган деп айыпталып, 2019-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Ага 160 миң сом айып салынып, үй мүлкүн конфискациялоо чечими чыккан. Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Илмияновго иштеген мунапыс, жаза мөөнөтүн кыскартуу өңдүү процедуралар абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго карата иштебей келе жатат.

Кошумчалай кетсек, Икрамжан Илмиянов 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы, 2011-2012-жылдары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, 2012-жылдын октябрынан 2015-жылдын апрелине чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.

2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген.

2017-жылы Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп эмгектенген.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан