МЕЧИТТЕ АТЫЛГАН ОК ЖЕ РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮ

КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНЫ

Рысбек Акматбаев 1960-жылы 6-июлда Ысыккөлдүн Чолпоната шаарында төрөлгөн. Советтик Армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктагандан соң ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинет. Ал эми 1988-жылы рэкетчилик менен алектенди деген айып тагылып камакка алынат. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышат.
Анын эркиндикке чыгышы Кыргызстандын эгемендик алган мезгилине төп келет. 90-жылдардын башында ал өз командасын топтоп, ошол учурдагы башка адамдар сыяктуу бизнес тармагын өздөштүрө баштайт. Иши ийгиликтүү жүрүп, 1995-96-жылдары туулуп-өскөн Чолпоната шаарына шаардын негиздөөчүсү болгон Чолпон Атанын эстелигин орноттурат. Ошол кездерде анын ийгиликтүү бизнесине мурдагы ажобуздун баласы көз арта баштаганы тууралуу жана Рысбектин ага моюн сунбай жатканы тууралуу имиштер айтыла баштайт. Көп өтпөй Рысбек кайрадан укук коргоо органдарынын "каарына калат". 2001-жылы уюшулган кылмыш тобун түздү деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана 2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар деп айыпталат. 2004-жылдын 5-майындагы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү да Рысбектин мойнуна илинет.
Былтыркы март окуясынан кийин бийлик алмашып, акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен башкы прокуратурага кайрылат. Ал эми Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыгат. Ушул жылдын 9-апрелинде Балыкчы округундагы депутаттык шайлоодо 80 пайыз добуш менен жеңишке жетишет. Бирок, депутаттык мандатты алалек жатып, 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза табат.
Рысбек Акматбаевдин өмүрүнө буга чейин эки ирет кол салуу уюштурулуп, бирок, аман калган эле. 1996-жылы каршылаштары аны гранатомёттун жардамы менен жок кылууга аракет жасашса, төрт жыл илгери автомат менен аткылашкан. Бирок, ичээр суусу бүтпө­гөн­дүктөн, мөндүрдөй жааган октун ичинен да аман чыккан болчу.
Мындан бир жыл мурун анын бүтүрүүчү класста окуган уулу белгисиз себептерден улам каза болгон. Анын денеси асынып турган жеринен табылган. Ал эми жарым жыл мурун бир тууган иниси депутат Тынычбек Акматбаев колониядагы иш сапарынын үстүндө кылмышкерлер тарабынан өлүмгө кириптер болгон...

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ МЕНЕН БОЛГОН АКЫРКЫ МАЕК
(«Лица» 11.05.06, Лейла Саралаева.
Маек орусчадан которулуп жана кыскартылып берилди)

– Сиз бир тууганыңыздын өлүмү болбогондо депутаттыкка барбайт белеңиз?
– Саясатчылардын баары инимди өлтүргөндөр бир жумада табылат деп сөз беришкен. Бирок, бул кылмыштын артында ким турганы баарына белгилүү болуп турса да, кылмыштын бети ачылган жок. Мен депутаттыкка бардык нерсени мыйзам чегинде такташ үчүн барып жатам. Бул мен үчүн абийир иши. Инимди жырткычтык менен өлтүрүп жатышса, менин унчукпай отура бергеним кантип болсун? Мен мындайга чыдай алмак эмесмин. Депутаттар 15 жылдан бери эч нерсе жасабай эле бирин-бири ушакташып, бири-бирине асылып эле отурушат. Мен депутат болуп калсам, алардын иштей башташы үчүн аракет кылам жана ага ишенем. Алтурсун, министрлер да иштей башташат.
– Адамдар сизден коркоорун сезесизби?
– (күлүп) Мени сыйлашаарын сезем. Коркуу өзү сезимге келтирет. 5-6 депутат жана бирин-экин министр коркот. Калгандары мени сыйлашат, мен да аларды сыйлайм. Мен коргоосуз, бронежилетсиз эле тоодо болобу, көлдөбү, Ошто, Баткенде, Нарындабы, каалаган жеримде тынч уктайм.
– 24-мартта кимдин тарабында болдуңуз?
– Эл тарапта, демек, өзүм тарапта болдум. 15 жыл ичинде мени кубалашты, бизнесимди тартып алышты, дүйнө боюнча издөө салышты. Бирок, мен дайым эле шаарда, тоолордо, тагыраак айтканда, Кыргызстандамын.
– Акаев жана анын айланасындагылар менен мамилеңиз кандай эле?
– Мен үчүн ал жакшы киши эмес, ал мени дайыма алдачу. Биз Акаевге шайлоодо чоң жардам бергенбиз. Ошто, Ысыккөлдө, Нарында аны көрөйүн деген көздөрү жок болчу. Биз ага дайыма жардам берчүбүз, эл бизге ишенчү. Биз Акаевдин айынан элге кичине уят болуп калдык. Биз элге жардам берүүгө сөз берүү менен ага добуш берүүлөрүн өтүнгөн элек. Бирок, Акаев бизге эч кандай жумуш бербегендиктен, элге да жардам бере алган жокпуз. Элдин бизге ишенип келгенине рахмат, алар бизге ушул күнгө чейин толугу менен ишенишет, биз да аларга ишенебиз.
– Акаевдин эң чоң катасы эмнеде?
– Ал азыраак ичип, аялы менен балдарын тарбиялашы керек эле.
– Акаевдин баласы менен байланышыңыз бар беле?
– Кандай байланыш? Алар менин болгон бизнесимди тартып алып, куугунтукташкан. Генерал Субанбеков да алардын кызыкчылыгын көздөчү.
– Кандай бизнесиңизди тартып алышты эле?
– Бензин, кант. Союз таркагандан кийин мен алгачкылардан болуп жеке бизнес менен алектене баштагам. Омскийлик досторум мага бензин алып келишчү. Алар муну менен жакшы акча тапса болоорун көрүп алышып, менден баарын тартып алышты.
– Сиз Акаевге жардам берген болсоңуз, ал эмнеге бизнесиңизди тартып алды?
– Билбейм. Менимче, бул анын тобунун интригасы болду окшойт. Алар мени келечекте чоң атаандаш катары көрдү окшойт. Бирок, биз ал убакта саясатка барууну ойлогон да эмеспиз.
– Курманбек Бакиев менен мамилеңиз кандай?
– Кыргызстандын башка атуулдарындай эле мамиледемин.
– Ал президенттиктин бир жылы ичинде эмне жасады?
– Биз аны шайладык, бирок, ага иштегенге айланасындагы интригалар мүмкүндүк бербей жатат. Алтурсун, башкарманы шайлаганда деле ал колхозго бирдеме эгип, анын түшүмүн алыш үчүн ага убакыт беришет. Ага иштегенге убакыт бериш керек деп ойлойм.
– Сиз түндүк-түштүк маселесин көрүп жатасызбы? Көпчүлүк эл жогорку кызматтардын көбүндө түштүктөн чыккандар болгондуктан, бийликте тең салмаксыздык болуп жатат деп жатышат. Буга сиздин оюңуз кандай?
– Эч кандай тең салмаксыздык жок. Бул тең салмаксыздыкты министрлер кабинети кылып жатат, төмөн жактагылар болсо алардын иштешин, убадаларды аткарышын күтүп отурушат. Бир дагы убада аткарыла элек. Мен түндүк-түштүк маселесин байкай элекмин. Ар бир кызматка адистер келиш керек. Мисалы, уста усталыгын билиш керек, чабан койду карышкыр жеп кетпеш үчүн, мал ачкадан кырылбашы үчүн кой кайтарганды билиш керек. Ошондой эле ар бир губернаторго иштеши үчүн убакыт бериш керек.
– Сиздин криминалдагы авторитетиңиз жөнүндө көп имиш кептер айтылып жүрөт. Сиздин "такка отургузулбаган" мыйзамдагы ууру экениңизди айтып жүрүшөт. Биз бул системаны абдан эле начар билебиз. Статусуңузду бизге түшүн­дүрүп бере аласызбы?
– Ооба, ошондой. Мени Союздагы мамлекеттер гана эмес, дүйнөдөгү мамлекеттер ушундай деп билишет. Бирок, мени катуулугум үчүн эмес, адилеттүүлүгүм, башкаларды да түшүнгөнүм үчүн ушинтип айтышат. Бизде мыйзамдагы уурулар жок. Мени 1992-жылы "такка отургузгулары" келишти, бирок, мен баш тарттым. Мыйзамдагы ууру армияда кызмат өтөбөш керек, пионер, комсомол да болбош керек. Мен пионер, комсомол болгом, институтту бүтүргөм, эң жакшы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөм. Мен СССРдин эң жашыруун аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөм, башкача айтканда, ВДВнын диверсиялык чалгынында. Көптөгөн коркунучтуу жерлерде болгом. Ошол кезде ИИМ биз менен күрөшө баштаган. Себеби, биз спорттун жашырын түрү менен машыга баштаган элек. Баары ушундан башталган. Ошол кезде эле мен буйруктарды укчу эмесмин. Эгер бирөө "муну жасаба" десе, мен аны жасаганга аракет кылчумун. Жасачумун да, көрсөтчүмүн.
– Ошентип, "такка отурууңуз" советтик доордогу тарыхыңыздын айынан болбой калдыбы?
– Анын айынан эле эмес. Мага көбүнчө Азиз Батукаевди каршы коюшат, бирок, ал эч качан мыйзамдагы ууру болгон эмес. Аны ИИМ мага каршы коюш үчүн мыйзамдагы ууру кылышты. Биз мындайларды "сухарь" деп коёбуз. Эгер ал лагерге түшкөн болсо, аны каалаган эле өзүн сыйлаган бирөө өлтүрүп кетмек жана аны эч жакка чыгарышмак эмес. Ал "зордуктоо" беренеси боюнча отурган. Анткени, Токмоктон 14 жашар кызды зордуктап, өлтүрүп койгон. Бул үчүн аны лагерде өлтүрүш керек эле. Аны эмнеге өлтүрбөгөнүн баарыңар эле билип жатсаңар керек. Ал биринчи күндөн баштап эле милиционерлер менен иштеген.
– Жашооңуздагы чукул өзгөрүш качан болгон? Башкача айтканда, түз жолдон качан чыккансыз?
– Баары 1986-жылдын декабрында Алматыдагы митинг жана көтөрүлүштөн кийин башталды. Ушул окуядан кийин СССРдин атайын кызматы ушундай окуя болуп кетпесин деп Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстандын бардык аймактарында иштей баштады. Биз баарыбыз ушуга туш болдук, себеби, баарыбыз адис, дене түзүлүшүбүз даярдыктан өткөн, эч кимибиз чекчү, иччү эмеспиз. Эч кимиси урушка аралашпаган, тынч жашаган балдар эле. Бир жагынан ушул да себеп болду. Мени түрмөгө отургузушту. Мында интригалар болуп кетти.
– Сизди ким түрмөгө отургузду?
– Кылмыш дүйнөсүнүн "сухарлары". Алар өз жанын сакташ үчүн баарын жасашат.
– Сизге кандай айыптарды коюшту?
– Мени СССР боюнча биринчи рэкет деп күнөөлөштү. Бул чуулгандуу процесс эле. Мен ал кезде "рэкет" деген сөздүн өзүн да түшүнчү эмесмин. Мага "Берёзка" тармагындагы бардык ири валюта дүкөндөрүнө салык салат жана бардык жаңы баштаган бизнесмендерге күн көрсөтпөйт, көзөмөлдөйт деген айып тагылган. Бул 1988-жылы болду.
– Сизди бул күнөөлөр менен байланышыңыз бар беле?
– Жок, биз спорт менен гана машыкчубуз. Баарыбыз жарыбаган айлыкка эле 70-100 рубль алып иштечүбүз. Мен бокс боюнча тренер элем.
– Лагерде эмнеге туш болдуңуз?
– Биринчи күндөн баштап эле мени сындыргылары келишти жана пресс-хатага тыгып салышты. Ал жакта машыгуудан өткөн 6-8 бала мени ур-токмокко алышчу. Максат – мага өзүмдү улутчулмун жана орус тилдүүлөрдү гана тонойм деп моюнга алдырыш эле. Бардык беренелер ойдон чыгарылган эле. Прокурор 12 жыл сурады, мага 6 жыл күчөтүлгөн режим беришти. Мени бир да лагерде кабыл алышкан жок, себеби, тергөө кагазымда менин эркиндикке умтулганым, дене түзүлүшүм айтып тургандай кол салуудан тайманбастыгым жазылган эле. Ошондуктан, күчө­түлгөн көзөмөлдө болдум. Алтурсун, уктап жатканда мөөнөттөгү сакчылар келип, ордумда экенимди текшерип турушчу. СССРдин бардык лагеринде болуп келдим. Бирок, акыркы жерим – "Белая лебедь" лагери болгон. Азыр ал өлүм жазасына тартылгандар үчүн. Мурда ал мыйзамдагы уурулар жана рэкеттер үчүн болчу. Ал жакта абдан мыкаачылык менен кыйнашчу. Зэктерди зэктер кайтарчу. Өлтүрүшчү, кыйнашчу. Шарттары эле кандай катаал, эгер көчөдө 30 градус ысык болсо, камерада 60 градус болчу. Терезенин ордундагы темир торлордун калыңдыгы бир нече сантиметр эле. Ушундай шартта бир жыл жашадым. Орус лагерлеринде 6 жыл болдум. Акыркы жарым жылы Беловодскийде отуруп, ошол жактан бошодум.
– Бошогондон кийин эмне менен алектене баштадыңыз?
– Кыргызстанда жасалган кылмыштардын баарына мени күнөөлөй башташты. Мен эркиндикти толук деле сезген жокмун, мени спортсмендердин лидери деп аташкандан бери бардык адам өлтүрүү жана адам тоноолорду мага оодара башташты. Башкача айтканда, милиция ушинтип иштеди.
– Сиз "такка отургандан" баш тартканыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?
– Мен туура кылдым. Азыр көбү милицияда иштеп, "такка отуруп" жатышат. Бирок, мен акыркы "Ууру" Вася Бриллиантты көргөм, аны "Лебедде" өлтүрүштү. Ошондо бардык "уурулар" бир ооздон: "Бүттү, акыркы ууру да көз жумду" дешкен. Мен кылмыш дүйнө­сүндөгү эч кимди таарынткым келбейт...
– Азыр мектепте окуучуларга кичине класстардан баштап эле салык салышаарын билесизби?
– Азизге окшогон "сухарлар" ушинтип баарына салык салып, баарын бузат. Ууру – бул ошондой эле президент, бирок, зонада отурган элдер тарабынан шайланат. Алар деле талапкерлерге "Ал түз жүргөн адам, өмүр бою түрмөдө отурса да, эч кимден эчтеке уурдаган эмес, эч кимди таарынткан эмес" деп баа беришет. Башкача айтканда, бардык өмүр баянын карап, анан өздөрүнө лидер тандашат. Ошентип, ал ууру болот, баары аны угушат жана ал чектен чыгуулар болбошу үчүн тартипти сактайт.
– Экинчи жолу эмнеге соттолдуңуз?
– Бир келесоо Спорт ордосунун алдында элдин көзүнчө өзүнүн курсагын өзү жарып алыптыр. Мен да ал жерде элем. Мени аны өлтүрдү деп күнөө­лөштү.
– Сиз аны таанычу белеңиз?
– Спортсмен катары таанычумун. Жагымсыз кырдаалдардын баарын мени менен байланыштырышат. Мисалы, жакында Олимпиада комитетинде отурсам менден бир орун кийин олтурган адам каза болуп калды. Дагы жакшы бир орундан кийин отуруптур, жанымда отуруп калганда мени өлтүрдү деп айтышмак.
– Үчүнчү жолу соттолушуңузчу?
– 3-жолу соттолгон эмесмин. Соттогонго аракет кылышты. Ушул жердеги бир капчыгайдан төрт чечендин өлүгүн табышыптыр. Аларды да мени өлтүрдү деп айтышты.
– Абдулинден жана Батукаевден өч аласызбы?
– Аны жакында көрөсүңөр.
– Бакиевди күчтүү президент деп ойлойсузбу?
– Ойлогонго да үлгүрө элекмин. Ага иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Анан мен аны кантип күчтүү же алсыз деп айта алмак элем?
– Канча балаңыз бар? Аларга кандай келечек каалайсыз?
– Беш балам бар. Намаз окуган сайын Алла Тааладан сураганым: балдарым жакшы сыноо, жакшы өмүр берсин. Тагдырыбызды Алла Таала гана чечет эмеспи.
– Аябай динчил адам экенсиз. Канча жылдан бери диндесиз?
– Мен диним менен туулгам. Ар бир адам эртеби, кечпи динге кайтып келет. Аркы дүйнөдөгү сот абдан катаал, мына ушундан коркуш керек. Биздин депутаттар, премьерлер мындан коркушпайт. Мындан коркуш керек, анткени, Алла Таала качан кааласа, ошондо каалаганын алып кете алат.
– Меккеге баргансызбы?
– Жок. 20 жылдан ашык издөөдөмүн. Уморого баргым келет, бул кичинекей ажылык (кичинекей Мекке) болуп эсептелет. Өзүм менен кошо аябай ишенип, бирок, барууга мүмкүнчүлүгү болбогон эки самолёт кишилерди ала бармакмын. Алар менен кошо ажы болгум келет.
– Тарыхый адабияттарды көп окуйсузбу?
– Ооба, мен Эр-Табылды баатырдын тукуму болом. Манастагы Кошой чыккан Катаган уруусунан болом. Ата-бабаларымдын баары жоокер, баатыр болушкан. Мен эмнеге болбошум керек? Тарыхый адабияттарды жана кинону жакшы көрөм. Менимче, ал мезгилде калп-жалганчылык азыраак болуп, эрдиктер көбүрөөк болгон. Анда адамдар бири-биринен эр жүрөктүүлүгү менен айырмалангылары келген. Азыр болсо ким куу болсо, ошол айырмаланат.
– Акыреттик жашоого баары эле ишене бербейт да?...
– Бул чоң ката, биринчи кезекте акыреттик жашоону ойлош керек, анткени, ал жакта жашоо түбөлүктүү. Эгер аркы дүйнө жөнүндө ойлобосок, бул дүйнөдө эчтекеге жете албайбыз.
– Күнөө кылган адамды эмне кү­төт?
– Баары Алла Тааланын эркинде. Алла Таала абдан кечиримдүү. Мени мынча адам өлтүрүптүр, тигил мынча адамды алдады, силерди мынча жаман нерселерди жазды деген жалаалар элди аралап жүрөт. Кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин биз чече албайбыз. Бизди Алла Таала жараткан соң, биз ага баш ийебиз, андан коркобуз. Ким бейишке, ким тозокко бараарын ал чечет. Бирок, биз сурана алабыз. Мен баары үчүн, силер үчүн, баарыбыз бейишке түшөлү деп суранып жатам. Булардын баары Куранда да, Библияда да бар. Чыныгы үч ишеним бар: иудейлик, христиандык жана мусулмандык. А калгандары ойдон чыгарылган. Мисалы, ваххабиттер, хизбуттар, ахмадилер – булардын баары мусулмандыкка каршы идеологиялык согуш болуп эсептелет.
– Сиз адам өлтүргөнсүзбү?
– Мен жөнүндө ошентип жазышат. Бул чындык эмес. Адам өлтүрүүнүн чыныгы инстинкти саясатта. Оппозиционерлерибиз ким бийликте болбосун өлтүрүүгө, жеп салууга даяр. Чыныгы жырткычтык жогору жакта.
– Парламентке келгениңизде оппозицияга каршы кадамдарды жасайсызбы?
– Мен эч нерсеге каршы кадам жасабайм. Мен ал жакта топ түзөм да, оппозиция бүгүнкү күнгө чейин кыргыздарга эмне жасады деген конкреттүү суроо берем. Бай бизнесмендердин баары укмуштуудай кооз особняктарда жашашат да, газ менен светке акча төлөш­пөйт. Менин адамдарымда кимдин газ, свет боюнча канча карызы бар экендиги боюнча такталган эсеби бар. Башкасы турмак миллион акчасы бар Байболовдун да карызы көп. Ушул сыяктуу "карызга баткан" көп байларды билем. Мен ал жакка барсам андай байларды кысмакка алмакмын да, Кыргызстандын 2 миллиард долларды түзгөн тышкы карызын төлөп, кутултмакмын. Анан өзүбүзчө чыныгы эркин мамлекетке айланмакпыз.
– Сиз 2 миллиард тышкы карызды төлөй аласызбы? Качан?
– Опоңой. Алла Таала ыраазы болсун.
– Эки ай депутат болгонуңуздан кийин эле сизди жок кылып салышат деген маалыматты уктуңузбу?
– Ай-иий, чын элеби?! Мен Алла Таалага пайдалуу иш жасап өлсөм кубанам. Алар жада калса эшикке чыгуудан коркуп отурушса кантип мени өлтү­рүшмөк эле? Ооба, алар мени өлтүрүү үчүн киши өлтүргүчтөргө акча да төлөшөт, бирок, алар каалагандай болбойт. Эгер өлүм маңдайыма жазылган болсо, өлөм. Бирок, балким, мени өлтүрөбүз дешкендер менден биринчи өлүп калышаар.
– Өзүңүздү улуттун лидери катары карайсызбы?
– Мен аябай катаал адаммын, алтурсун өзүмө да катаал мамиле жасайм, лидер болгум келбейт.
– Тобуңузда канча адам иштейт?
– Аябагандай көп. Ар бир областтын эки-үч районунда, ар бир райондо эң аз дегенде 50-60 адам бар. Алар күчтүү, аракетчил, жакшы балдар, районду багышат, жер-жерлерге спортзал, мечит курууга жардамдашышат. Алар жаштардын ичкилик ичпөөсүнө, карыларга жардам беришине көз салышат.
– Муну эмне максат менен жасап жатасыз?
– Биздин максатыбыз бирөө эле, улутуна карабай ар бир жашоочу аркы дүйнөдө бейишке баруусу үчүн бактылуу болсо. Бул үчүн Алла Тааланын бардык буйругун аткарыш керек: ичпеш керек, чекпеш керек, мүмкүнчүлүккө карап биз да жардам берүүдөбүз. Бул жакшы нерсе, үйбүлөң денсоолукта болот, аялың бактылуу болот. Үйүмдө спирттик эч нерсе жок, үйбүлөбүздө эч качан уруш-талаш болбойт. Спорт – биздин келечегибиз. Биздин солдаттарга карасаңар, алтурсун, Улуттук Гвардиядагы солдаттарды шапке менен урсаң кулап түшүшөт. Бизге ушундай солдат керекпи? Дагы жакшы, кошуналарыбыз ынтымактуу, душман жок. Проблемабыз эмнеде? Бийликте коркоктор отурушат. Алар Кытайдан абдан корккондуктан, Үзөңгүкуушту сатып жиберишти. Өзбектерден корккондуктан, нефтибизди берип коюшту. Бул жашоодо коркпош керек. Аркы жашоодон коркуш керек.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Osh.Alai
2015-04-01 08:19:41
ушундай инсандар керек
+2
Rakyl12
2015-07-10 14:21:12
ээх омуру кыска экен...
+2
kanat.ozgorush
2015-08-29 18:33:11
Чыныгы патириот кыргызда ушундайдар, бир кылым да бир жолу жаралат.
+2
Patriot...kg
2016-01-19 22:09:09
Эх ичим аябай ачышат. Чыныгы патриот эле
+2
ArGeN4iK
2016-04-22 05:24:24
Жалка азыркы жеп жутарлардан пайда жок
+2
Atas
2017-03-02 01:54:48
Ehh chynygy Patriot adam ele ...
+2
Farhad.baku
2017-09-26 17:52:33
Эх Байке арман кылам сиз жок .бейиштен орун алыныз ниетиниз жакшы эле ажал алып кетти
+2
№ 185, 19-25-май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан