Пандемия маалында элге жардам берген ыктыярчыларды өткөн аптада президент Сооронбой Жээнбеков кабыл алган. Бул жолугушуудан кийин коомчулукта түрдүү ой-пикирлер айтылды. Анын бири алпаруучу Айзада Жамгырчиеванын ыктыярчылардын катарына кошулуп калуусу болду. Муну айрымдар адилетсиздик деп сындашты. Ал эми алпаруучу өзү мындай деп жооп берди:
– Мен сындарга көнүп деле калыптырмын, териккен деле жокмун. Болгону ата-энеме катуу тийди. Ажобуздун кабыл алуусуна мен өзүм кирип алган жокмун, мени чакырышты. Карантин учурунда Таластагы туулган айылымдын медпунктуна акчалай жардам бердим. Абал курчуганда эки концентратор алып бердим. Кечки стационарлар ачылганда ага да акчалай жардам бердим. Айырмасы – элден алып, элге берген жокмун, өз чөнтөгүмдөн колумдан келишинче жардам берип жаттым. Дагы өлкө башчысына алыскы райондогу, айылдагы абал менен таанышуу сунушун киргиздим. Акылдуулар айтып жаткандай, президенттин кайда барары алдын ала пландалат. Бирок менин сөзүмө дал келип калышы да жөн нерсе эмес деп ойлойм.