АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА ӨМҮР БОЮ СТИПЕНДИЯ АЛАТ

Кыргыздын кызыл байрагын бийик көтөрүп, дүйнөгө өз элинин даңкын чыгарган спортчу кызыбыз, Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою айына 20 миң сомдон стипендия алмакчы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул стипендия чоңдор арасында олимпиадалык спорттун бардык түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунан биринчи орунду камсыздагандарга берилет. Азыр мындай спортчу Кыргызстанда жалгыз Айсулуу Тыныбекова. Спортчу айым 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалдын ээси болгон. Мамлекеттик агенттиктен Айсулуу Тыныбекова өмүр бою бериле турган каражатты учурдагы стипендиясынын мөөнөтү бүткөндөн кийин алып баштаарын айтышты. Андан кийин спортчуда бир нече стипендияны бир учурда алууга мүмкүнчүлүк болорун кошумчалашты.

Жолдубек Качкынбаев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан