МАЙК ТАЙСОН МЕНЕН РОЙ ЖОНС РИНГДЕ КЕЗДЕШЕТ

Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлер, Дүйнө чемпиондору, атактуу Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде кездешет. Эки мушкердин беттеши 12-сентябрда АКШнын Калифорния штатында өтөт. Бул таймаш Калифорниянын спорттук комиссиясы тарабынан макулдашылган жана беттеш 8 раунддан турары айтылган.

"Ооба, Майк легенда. Аны менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатканда баш тартып коюу акылга сыйбаган нерсе. Мен бул мүмкүнчүлүктөн баш тарта албайм. Аны менен беттешкиси келгендердин ичинен ал мени тандады. Анан кантип баш тартмак элем?",- деген Рой Жонс.

54 жаштагы Майк жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүн жеңсе, ал эми 51 жаштагы Рой Жонс 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан