Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэтжинин беттеши ушул жылы 24-октябрда болорун UFC уюмунун президенти Дана Уайт билдирди. "Хабиб-Гэтжи беттеши 24-октябрда өтөт. Хабибдин абалын түшүнүп турабыз, ал оор учурду башынан кечирип жатат. Эң жакын адамы болгон атасын жоготту",- деген ал беттеш өтө турган жерди айткан эмес.
3-июнда Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов дүйнө салгандыгына байланыштуу UFC орусиялык мушкерге аза күтүү үчүн убакыт берип, сентябрь айына белгиленген Гэтжи менен болгон беттешти жылдырган.
Хабибдин кезектеги атаандашы америкалык Жастин Гэтжи эки ай мурда дал Хабибдин ордуна Тони Фергюсон менен беттешкен. Анда Гэтжи Тонини мөөнөтүнөн мурда нокаут менен утуп, жеңил салмак чениндеги убактылуу UFC чемпиону болгон.
Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз социалдык тармактагы баракчасына "даяр болгула" деп жазып, мушкердин машыгууларды баштаганын билдирген.
Динара Акимова
sport@super.kg