Канатбек Маматов, Кыргыз Футбол союзунун президенти:

ЗАМАНБАП СПОРТТУК КОМПЛЕКС

Коронавирус эпидемиясы жакшы иштерди токтотууга шылтоо эмес экенин айрым инсандар иш жүзүндө көрсөтүүдө. Жакында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында заманбап спорт комплексинин курулушу старт алды. Бул иштин демилгечиси – Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов. 28-июлда комплекстин курулушуна капсула салуу аземи болуп, ага демилгечи өзү, “Мырза-Аке жаштар биримдиги” коомунун өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты.

Ошондой эле Канатбек Маматов тарабынан Өзгөн районунун Мырза-Аке, Ак-Жар, Салам-Алик, Көлдүк, Алтын-Булак жана Дөң-Булак айыл өкмөттөрүнө 15 даана кычкылтек концентратору тапшырылды. Бул айыл жерин коронавируска каршы турууга даярдоодогу маанилүү иштердин бири экени түшүнүктүү.

Аймактарда абал, элдин маанайы кандай? Айылдарда спортту колдоонун жана өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу суроолор менен учурда кичи мекенинде жүргөн Канатбек Маматов мырзага кайрылдык.

"ЭЛГЕ ЗАРЫЛ ЖАРДАМ"

– Мырза-Аке айылында дагы COVID-19 илдети менен ооруган адамдар чыгып, ооруканаларга жаткырылып жатат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Мырза-Аке айылынын активдүү жарандары, жеке ишкерлери менен биргеликте “Мырза-Аке жаштар биримдиги” жарандарга кайрылуу жасап, тез аранын ичинде ооруканаларга керектүү медициналык каражаттарды, дары-дармектерди жана “Тез жардам” унаасын сатып алуу үчүн атайын эсептер ачылып, акча чогулта башташты. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы, Орусия, Казакстанда иштеген мигрант жердештер кол кабыш кылып 1 миллион сомго чукул каражатка Москвадан дары-дармек, бет кап жана кычкылтек концентраторлору алып келинип, ооруканага тапшырылды.

Мындан тышкары айылдыктарга Хонда Степ үлгүсүндөгү автоунааны “Тез жардам” унаасы катары пайдалануу үчүн тапшырышты. Буюрса, дагы каражаттар топтолуп жатат, жакынкы күндөрү дагы бир “Тез жардам” унаасын сатып алууну пландап жатышат. Оорунун алдын алуу максатында айыл өкмөт тарабынан ачылган күндүзгү стационар да иштеп жатат. Негизги иштер алдын ала жасалууда.

"КИЧИ МЕКЕН КЫМБАТ"

– Ооба, кайрымдуулук иштерин такай жасап келем. "Айылым – алтын бешигим" дегендей, төрөлүп, балалык чагың өткөн жерди сагынбай койбойт экенсиң. Кичи мекениң жүрөгүңдүн төрүнөн орун алат турбайбы. Ошон үчүн туулган айылыма колумдан келишинче жардам берип келе жатам. Айылда жашаган тууган-урук, тааныштар, санаалаштарым, ага-инилер менен дайым кабарлашып турам. Бүгүн болсо элибиз COVID-19 илдетине байланыштуу оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Бир аз болсо да жардам болсун деп өзүбүздүн Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жана коңшу Салам-Алик, Көлдүк, Ак-Жар, Алтын-Булак, Дөң-Булак айыл өкмөттөрүнө 15 кычкылтек концентратор жеткирип, өз колум менен тапшырып чыктым.

"БЕРГЕН УБАДАМДЫ АТКАРДЫМ"

 

– Быйыл 23-февраль майрамына карата айылда футбол, волейбол, аламан улак спорт түрлөрүнөн мелдеш өткөрүп бергем. Мелдеш аябай кызык жана бийик деңгээлде өтүп, Мырза-Аке жана башка көптөгөн айылдардын командалары катышкан. Ошондо ушундай оюндарды өткөрө турган бир спорт комплекс куруп берем деп убада бердим эле. Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу оору азайса баштайын деп күттүм, бирок андай болбоду. Учурда кайсы жакты караба, ал ооруду, бул ооруду, мынча адам кайтыш болду деген жалаң негативдүү маалыматтар. Албетте, оорунун алдын алып, сактаныш керек. Бирок ооруга көп маани бере берсең ал күчөй берет. Ага каршы позитивдүү, жакшы иш баштайын, элдин маанайын көтөрөйүн деп аксакалдардын батасын алып спорттук комплекстин курулушун "Мырза-Аке жаштар биримдигинин", досторумдун жардамы менен баштап жибердим. Айыл өкмөт жер бөлүп берди, ага терең ыраазычылык билдирем. Бул комплексти иштетип тыйын өндүрүү деген максат жок, элиме, айылдын жаштарына кызмат кылайын деген ой. Алар ден соолуктарын чыңдап, туура жолдо тарбияланышса бул долбоор максатына жеткен болот.

"АЙЫЛ ЖАНА СПОРТ"

– Айыл жерлеринде көп тургундар сезондуу жумуштар менен гана тиричилик кылышат. Бош убактылары көп. Убактысы көп болгондон кийин бир нерсе менен алек болуш керек, болбосо терс көрүнүштөр көп болот. Айрыкча жаш балдарда жаман адаттар пайда болот, мисалы, ичимдик ичмей, чылым тартмай... Ошого байланыштуу бардык айылдарда спорт менен машыга турган аянтчалар, комплекстер болушу зарыл. Тез-тез ар кандай деңгээлде мелдештер уюштурулуп турушу керек. Айылдык балдарда салыштырмалуу кара күч көп болот, ошондой эле таланттуу балдар көп. Эгерде чын дилинен спорт менен машыгып, туура шарттар түзүлүп берилсе, көптөгөн күчтүү, өлкөбүздүн аброюн эл аралык мелдештерде коргогон спортчулар чыгат. Ошого мүмкүн болушунча айылдарда шарттар түзүлүшү зарыл. Өкмөт тарабынан спорт комплекстерди куруу, машыктыруучулар менен камсыз кылып ар кандай спорт секцияларын ачуу, айыл, район, облустук деңгээлде мелдештерди жандандыруу, жер-жерлерде спорт мектептерин, академияларды түзүү, программасын иштеп чыгып ишке ашыруу абзел.

Мисалы футболду алсак. Футбол бүгүнкү күндө кесип болуп эсептелип калды. Жаш кезинен баланы жакшы машыктыруучуга футбол секциясына берип, бала бул спортту жакшы өздөштүрсө, анда 17-18 жашынан футбол клубдарына кирип жакшы маяна алып өзүн-өзү каржылап баштайт. Жакшы натыйжаларды көрсөтсө чет жактагы клубдарга ойноп жакшы киреше табат. Футболчулар абдан бааланат азыркы күндө. Бир жерде окуп же иштеп, ошол эле учурда футболду кошумча кесип кылса дагы болот.

"МЫРЗА-АКЕ ЖАШТАР БИРИМДИГИ"

– Бул уюмду Мырза-Аке айылынын жаштары чогулуп түзүшкөн экен. Бул уюмдун катарына “айылым”, “Кыргызстаным” деген чыныгы патриот, мекенчил жаштар кириптир. Чын дили менен, өздөрүнүн ак кызматы менен элге, айылга кызмат көрсөтүп жүрүшөт.

Кээ бир иштерин атай кетсем, бул уюм айылдыктарга социалдык жактан ар кандай жардам берип келишет. Маселен, акысыз социалдык дүкөн. Ал дүкөн аркылуу бүгүнкү күнгө чейин 5000ден ашуун жаран акысыз кийим-кече менен камсыз болушкан. Бул дүкөнгө коңшу район, айылдан да келип жардам алгандар жок эмес. Ошондой эле ар кандай спорттук, маданий-интеллектуалдык иш-чараларды өткөрүп турушат. Кээ бир жашоо шарты оор тургундарга гуманитардык жардамдарды көрсөтүп турушат. Билишимче, айылга коомдук транспорт күтүү үчүн аялдамаларды куруп беришкен. Айылда мен жасап жаткан иштер дагы алар менен биргеликте ишке ашырылып келүүдө. Ошондой эле өздөрү көптөгөн иштерди жасап жатышат.
 

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан