Атасы бар адам кандай учур болбосун таяп, кайра тургузуп коё турган адамы бар экенин сезип жашайт. Аталар барда күчтүүбүз, эркебиз, коопсуздуктабыз. Атасынын эрке кызы болгон каарманым Кенже Дүйшеева бүгүн таянар тоосу болгон атасы Шамшы Дүйшеев тууралуу айтып берет.
“КЕНЖЕНИН ӨЗҮ ЖОК БОЛСО ДА ПАЙДАСЫ ТИЕТ ДЕП КУБАНЫПТЫР”
– Атам менен апам 10 баланы тарбиялап өстүрүштү. Мен үйдө жетинчи баламын. Бир туугандарымдын арасынан атамдын мүнөзүн алган мен болдум. Калгандарынын мүнөзү жумшак, апамды тартышкан. Атам кайраттуу, чындыкты коркпой бетке айткан адам болгон. Мен да бардык жерден “тарс” этип бетке айтам. Атам баарыбызды калп айтпаганга, ушак сүйлөбөгөнгө, бирөөнүн мээнетин жебегенге үйрөттү. Анан бирөөдөн карыз сураганды жаман көрчү. Ошого үйрөнүп калган экенбиз, мен да эч кимден карыз сурай албайм. Ата-энеден көргөн тарбия биздин пайдубалыбыз болуп, аң-сезимибизге сиңип калат экен. Азыр да бир нерсе жасап жатканда атамдын сөздөрү эсиме келет.
Мен атам кайда болсо, жанында кыбырап жүрө берчүмүн. Ал аңчылыкка барса да, талаага барса да эшегине учкашып алып кошо барчумун. Кээде талаага барбай калсам, атайын кечинде атам менен үйгө кайтыш үчүн атама тамак көтөрүп алып түштө барчумун. Кечинде асманга жылдыз толгон мезгилде кайтчубуз. Мен арабанын үстүнө жыйылган чөпкө отуруп алып жылдыздарды карап, атама ар кандай суроо берип келчүмүн. Ушул мен үчүн бакыт эле.
Ал күнү эмне болгонунун баарын атама төкпөй-чачпай айтып берер элем. Ал да ырахаттанып укчу.
Атам мени бир жакка ээрчитпей кетип калса таарынчумун. Мен капа болсом, таарынсам, аны жумуштан чыгарат элем. Бир жолу жиним келгенде кышкыга тезек даярдамай жумуш таап алдым. Былтыркыдан калган көмүрдүн калдыктарын уйдун кыгына аралаштырып жайып, капка салып, тамдын башына ыргыта бердим. Кийин мен окууга кетип калдым. Ошол жылы кыш эрте түштү, үйдөгүлөр көмүр ала электе суук болуп калды. Атам менин кыбырап жүргөнүмдү көргөн экен. “Кенже тамдын башына бир нерселерди ыргытып жаткан. Карап көргүлөчү” дептир. Тамдын башына чыгышса, бир тоннадай көң бар экен. Атам “садага болоюн, Кенженин өзү жок болсо да пайдасы тиет” деп аябай кубаныптыр. Көмүр алганга чейин ошол көңдүн пайдасын көрүштү. Бул окуяны атам көпкө айтып жүрдү. Ал жумуштарды өзүмдү маанилүү көрсөткүм келип жасачумун (күлүп).
Башкалардан кезиктирбеген атамдын дагы бир сапаты – кыздарын “энем”, балдарын “атам” деп айтчу. Мисалы, кызы келе жатса “энем келе жатат” дечү, уулдары келе жатса “атам келе жатат” дейт эле.“АТАМ МЕНИН ИДЕАЛЫМ БОЛЧУ”
– Атам тайманбаган адам эле. Бирөөнүн туура эмес кылып жатканын көрсө бетке айтчу. Айылга аким келсе, чогулуштарга сөзсүз барчу. Бир ирет ошондой чогулушта элдин баары үндөбөй отурса, атам ордунан туруп акимге “туура эмес кылып жатасыңар” деп катуу айткан экен. Эч ким эч нерсе деп сүйлөй албай, аким да унчукпай калыптыр. Аны угуп алып апам “сүйлөбөй эле келе бербейт белең” деп кабатырланган. Атам болсо “мен жалган айткан жокмун. Кемчилигин айттым. Аны айтпай койсом, түнү менен уктабай чыкмакмын. Бирок ал катасын моюнуна алды” деди. Бирок кийинки чогулуштарга атамды киргизбей коюшкан. Атам бир жакка барарда апам “ашыкча сүйлөбөй кел” деп жиберет эле. Ошол тайманбаган мүнөз менде да бар. Көргөнүмдү көргөндөй фактыга таянып айтып коём.
Атамдын жамбаштап жатканын көргөн жокмун, мээнеткеч эле. “Көп кыймылдаган адам карыбайт” деп айтчу. Иштин да майын чыгара жасачу. Байкелерим, инилерим да атамдай эпчил, эмгекчил болуп чоңоюшту.
Атам экөөбүз дайым бир тарапта болчубуз. Бардык балдары каршы чыгышса да, мен атам тарапта элем. Мага атамдын бардык нерсеси, ар бир кыялы, бардык кылган иши жакчу, мен үчүн идеал болчу. Мүнөзүндө катуулук бар эле, ошонусу жакчу. Бирок балдарын уруп-сабаган жок. Бир эле сөзү таяктан да жаман тийчү. Мисалы, “бечел болуп ушуну жасай албай койдуңбу?” деп койсо, намыстанып баатырга айланып кетчүбүз. Атам менен апамдын урушканын, бири-бирине кыйкырганын көргөн жокпуз. Экөө эрте таңда турушуп дасторкон жазып, биздин курсагыбыздын камын көрүшчү эле. Экөө кобурашып ар нерсени сүйлөшүшчү. Биз алардын сүйлөшкөнүнөн ойгончубуз. Көрсө, бактылуу көз ирмемдер ошол тура.
Атам кийимине такыр көңүл бурчу эмес. Бир жакка чакырып келсе, жумуш кылып жаткан жеринен кетип калчу. Кетип баратса, апам артынан чуркап барып кийимин котортчу. Атам жөнөгөндө эле артынан чуркап дарбазадан чыгарбай кармап калышыбыз керек эле. Болбосо “атаңарды карап койбойсуңар” деп апам бизди урушчу.
“АПАМДЫН ООРУГАНЫН КӨТӨРӨ АЛГАН ЖОК”
– Атам мени “макелдек кызым, данек кызым, баатыр кызым” дечү. Чоңойгондо “жактоочу кызым” деп калды. Мени "тилинен да, колунан да келет" деп жакшы көрчү. Атам баарыбызга ар башка мамиле кылчу экен. Азыр байкасам, бир нерсе болгондо бир туугандарым “атам болсо мындай кылмак” деп айтып калышат. Демек, ал баарыбызга мээрим берүүгө жетишиптир. Атамдын менден башка кыздарынын баарын 11-классты аяктаганда эле ала качып кетип, турмушка чыгышкан. Атам мени “жактоочу болот” дей берчү. Мектепти бүткөндө “ырдагым келет” десем, атам “кызым, сага ишенем” деди да, чечимдериме кийлигишкен жок. Кийин да мага “сага эч акыл үйрөтө албайм. Өзүң түз жүрөсүң. Жашооңду өзүң бил, өзүң каалагандай чеч” деди.
Атамдын каза болгонуна 20 жылдай болуп калды. Ал күйүттөн кетти деп ойлойм. Менден улуу эжем Орусиядан киши колдуу каза болуп калды. Ошондо атам менен апам өздөрүн таштап салышты. Андан кийин бир жылга жетпей атамдын жакшы көргөн тууганы каза болуп калды. Анда да атам аябай жаман болду. Кийин апам рак болуп ооруп калды. Күйүт атам үчүн күчтүү болду. Карыганда жубайлар аябай жакындашып калат экен. Апама дайыма “сенден калган күнүм курусун, алдыңда кетейин” дей берчү. Оорубай жакшынакай жүрүп эле 72 жашында кетип калды. Апамдын ооруганын көтөрө алган жок. Атам каза болгондон 15 күндөн кийин апам кетти. Азыр жыл сайын атам каза болгон күнү бир туугандар чогулуп ата туракка барып куран окуп турабыз. Азыр да көңүлүм түшкөндө атам түшүмө кирет. Анан мени эстеп жатыптыр деп ойлоп коём.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg