КОЙ (21.03-20.04)
Өзүңүз менен өзүңүз калгыңыз келип, түшүнүксүз абалда болосуз. Ушундай учурдан пайдаланып баш аламан ойлоруңузду иреттеп алыңыз. Жумушта ийгиликтер жылмаят. Жетекчиликтен мактоо күтпөй, ишиңизди кыла бериңиз. Айтылган сындарга терикпөө керек.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үйдө да, жумушта да эбегейсиз күч керек болот. Андыктан энергияңызды пайдасыз нерселерге чачпаңыз. Акча жаатында тартыштык жаралбасын десеңиз, үнөмдүү болуңуз. Бул аптада пайдасыз сатып алуунун азгырыктары болушу мүмкүн. Сүйүү жаатында жаңылыктар болот.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аягы кандай болоруна көзүңүз жетпеген ишти кылышка туура келет. Жакындардын кеп-кеңешин угуп жасай берсеңиз, жыйынтыгы жаман болбойт. Банктын кызматтарына муктаждык жаралат. Каржы маселесин жөнгө салуу үчүн чуркайсыз. Убагында тамактанууну, эс алууну унутпаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үйдө конфликт жаралуу тобокелчилиги жогору. Пикир келишпестик жаратпаганга аракет кылыңыз. Эмне баштасаңыз да ийгиликсиз аяктайт. Андыктан пландаган нерселерди кийинкиге жылдыра турган оң. Апта соңунда түшкөн сунуштардан баш тартып, эс алуу сунушталат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Маанайыңыз өзгөрүлмөлүү болгону айланадагы адамдарга ыңгайсыздык жаратат. Бирөөнүн жинине тийип уруш чыгарып албайын десеңиз, тилди тишке ката туруңуз. Аптанын экинчи жарымында үй ичине өзгөртүү киргизүүнү каалайсыз. Бул сиздин эс алууңузга жакшы таасирин бермекчи.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көйгөйлүү маселеңиз болсо, аны бирөөгө айтпай туруңуз. Куру сөз менен колдомуш болуп, көйгөйүңүзгө кубангандар чыгат. Жеке жашоого өзгөртүү киргизүү тууралуу ойлоносуз. Көз салып жүргөн адамыңыз болсо, ачык сүйлөшүүгө барыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жаңы романдын башталышы. Бойдоктордо келечектеги түгөйүн жолуктуруу мүмкүнчүлүгү чоң. Өзүнүн үстүнөн иштөө, дүйнө таанымды кеңейтүүгө ылайыктуу апта. Үй-бүлөнүн бекемдигин чыңдай турган окуя орун алат. Жакындардын баркын сезесиз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Көңүлүңүзгө жакпай келген, негативдүү маанайды шарттаган адамдарды жашооңуздан чийип салыңыз. Шейшемби жана жума күндөрүнүн ортосунда сизди чарчаткан маселелер көп болот. Физикалык күч келтирген иштерден баш тартыңыз. Тамак-ашты күчтөп ичүү сунушталат.
Уюштуруучулук сапатыңызды колдонуп жакшы иш жасайсыз. Жакындарга жана айланадагыларга жардамыңыз тийип, кубанасыз. Кызматыңыз үчүн жумуштан мактоо угуп, сыйлыкка татыйсыз. Сүйүү жаатында өзгөрүү күтпөйт. Бирок күтүүсүз жаңы таанышуу орун алат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзүңүзгө ишенүү абдан керек болуп турган учур. Бардык жакшы дагы, жаман дагы нерселер өзүңүздүн колуңузда экенин унутпаңыз. Жумушта бирөөнүн ишин да кошо жасап, көп энергия сарпталат. Алдын ала анализдеп алып анан кошумча ишке жоопкерчилик алган оң.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Каржылык жоготуулар күтүүдө. Буга капа болбостон тер төгүп иштеп, каражат топтоону улантыңыз же көп акы төлөнчү жумушка умтулуңуз. Тууган-урук менен кабарлашып, ал-жайын сураңыз. Үйдө жаралган чыр-чатак маанай түшүрүшү мүмкүн. Аны басуу сиздин колуңузда.
Ден соолугуңузда маселе жаралса, кабатыр болбоңуз. Оңой өтөт. Жумуштун көптүгүнөн жакындар менен баарлашууга убакыт таппай каласыз. Буга карабай балдардын эмне менен алектенип жатканына кызыгыңыз. Апта соңунда баарын таштап, эс алуу сунушталат.