БИР БҮРКҮМ. АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ 5-АВГУСТТАН БАШТАП ЖОГОРУЛАЙТ

  • Июнь окуясына айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров ооруп каза болду.
  • Мэрия: “Бишкекте оору басаңдап, убактылуу стационарларга кайрылгандардын саны азайды”.
  • Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды.
  • Өмүрбек Текебаевди райондук сотто күнөөлүү деп тапкан сот Айбек Эрнис уулунун судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.
  • БШК: “Шайлоочу катталган жеринен тышкары добуш бере алат. Шайлоого 15 күн калганга чейин шайлоочу №2 форма боюнча арызын тийиштүү шайлоо тилкесине тапшырышы зарыл”.
  • Билим берүү министрлиги: “Абитуриенттер керектүү документтердин түп нускасын окуу жылы башталганда тапшырышат”.
  • Ноокенде 10 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалган 20 жаштагы жаран күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
  • Өзгөндө таксистти өрттөп, денесин дарыяга ыргытып жиберишкен деп шектелип 5 өспүрүм кармалды.
  • Казакстанда карантинди дагы эки аптага узартуу чечими кабыл алынды.
  • Австралияда 2019-2020-жылдагы токой өртүнүн кесепетинен 3 миллиард жаныбар жабыркаган.
  • Премьер-министр Ысык-Көлдө эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан