1-АВГУСТТАН ТАРТА ОРУСИЯГА КИРҮҮНҮН ТАРТИБИ ӨЗГӨРДҮ

Ушул жылдын 1-августунан тарта Орусиянын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымдап, ал кандай эрежелер экенин жарыялады.

Жаңы тартипке ылайык, чет өлкөдө жүргөн Орусиянын жарандары учакка отурганга чейин атайын форманы толтуруусу зарыл. Орусиянын аймагына учуп келгенден кийин 3 күн ичинде ПЦР ыкмасы менен коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы мамлекеттик кызматтардын порталына жүктөлүшү зарыл. Ал Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун көзөмөлдөө кызматына жөнөтүлөт.

Ал эми Орусиянын аймагына кирүүнү каалаган Кыргыз жарандары коронавируска карата ПЦР-анализинин жыйынтыгын (оору жок деген) жанына алып жүрүүсү кажет. Анализ Орусиянын аймагына киргенден 3 күн мурун тапшырылышы шарт.

Орусияга иштөө үчүн барган чет элдик жарандар мурдагыдай эле өлкөнүн босогосун аттагандан кийин 14 күндүк обочолонууда болууга тийиш.

Кыргыз элчилиги Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда туруктуу авиакаттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алына электигин эскертет.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан