Орус-Казак чек арасында Бузулук аймагында жаткан Кыргыз жарандарын мекенине өткөрүүгө Казакстан макулдук берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка таянсак, Кыргыз жарандары бир нече этап менен автобус аркылуу мекенине алып келинет. ТИМ ошондой эле Орусиядагы Кыргыз жарандарын Орус-Казак чек арасына келип албай, ошол жакта жашап турууга чакырат. Мындай чакырууну ТИМ коронавирус пандемиясы башталгандан тарта айтып келе жатат. Чет жерде жашоосу оорлоп, аргасыз миңдеген мекендештер эскертүүлөргө карабай Орус-Казак чек арасын көздөй агылууда. Алардын Казакстан аркылуу Кыргызстанга өтүүсүнө тоскоолдуктар болуп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Орус-Казак чек арасында топтолгон мекендештерди өткөрүүгө Казакстан 2 жолу коридор түзүп берген. Чек арада жаткан мекендештердин абалын өткөн аптада “Супер-Инфо” гезити да жазган. Ал жердегилер “аялдар чатырда төрөп коймой болушту” деп даттанышкан эле.
Расмий маалыматка таянсак, COVID-19 илдети боюнча түзүлгөн республикалык штаб Кыргыз мигранттарын мекенине алып келүү үчүн Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө чартердик каттамдарды көбөйтүү чечимин кабыл алды.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg