КУБАТБЕК БОРОНОВ ӨЛКӨ КАЗЫНАСЫН ТОЛТУРУУ АКСАП ЖАТКАНЫН АЙТТЫ

Эпидемиялык шартка байланыштуу өлкө бюджетин толтуруу аксап жатканын 4-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Бул тууралуу ал өкмөттүк жыйында айтты.

"Быйылкы жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча, белгиленген пландан артта калып жатабыз. Учурдагы жоготууларды жабуу жана кийинки жылдын бюджетин түзүү иштерин активдештирүү зарыл. Республикалык бюджетти толтурууда негизги милдет Салык жана Бажы кызматтарына жүктөлгөн. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен катар эле негизги милдеттерибизди да унутпашыбыз керек",- деди Боронов.

Өкмөт жетекчиси “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу маанилүү экенин белгиледи. “Анткени жүктөрдүн 65 пайызы ошол жактан өтөт. Товарларды импорттоо, экспорттоонун алгоритмин бекитүү боюнча Кытай тарап менен иштерди тездетүү зарыл”,- деп кошумчалады.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкө экономикасы кыйынчылыкка учурап, өкмөт чет элдик уюмдардан жардам алып келет.

Кыргызстан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан жардам катары алган каражаттардын саны бүгүнкү күндө 333 миллион 300 миң долларды түздү. Бул тууралуу 5-августта финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин маалымдады.

Коомчулук сырттан алынган грант, насыялардын кайда жумшалып жатканы боюнча элге так маалымат берүүнү талап кылууда.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан