“Исмаил Матраимов” атындагы кайрымдуулук фонду Бишкектин тургундарын акысыз рентгендик текшерүүдөн өткөрүүдө. Бул тууралуу 4-августта Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов интернеттеги жеке баракчасы аркылуу жарыялады.
Дарыгерлердин көчмө бригадасы 2 күндө Алтын-Казык конушунун 100 жашоочусун акысыз текшерип, аларга кеп-кеңеш берилгени айтылат маалыматта.
“Жаңы конуштардын көпчүлүк тургундарынын Бишкектин борбордук бөлүгүнө келип акча төлөп рентгенге түшүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошол эле учурда ооруканаларда узакка кезек күтүү көйгөйү, коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдиги бар. Буга байланыштуу “Исмаил Матраимов” атындагы фонд рентген аппаратын сатып алган, көчмө бригада шаардан четтеги конуштарга барып тийиштүү жардамды көрсөтүүдө”,- дейт депутат.
Айта кетсек, буга чейин аталган фонд тарабынан уюштурулган көчмө бригада Ош аймагында иштеп келген.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg