Азыр амбициялуу, тартынбаган жаштар өсүп келе жатат. Мына ушундай жаш ырчылардын бири НурЧолпон аптабыздын каарманы болду. Тайманбас, эрке, уйкучу ырчы менен маек сизге сөзсүз кызыктуу болот деп ишенем.
– НурЧолпон, башында сен үчүн ырчы болуу кыял беле же реалдуулукпу?
– Ырчы болуу башында кыял болчу. Кичине кезимде сыналгыдан ырдап жаткан кичине кыздар, балдарды көрүп калсам ыйлачумун. «Эмнеге мен сахнага чыкпайм, мен дагы булардай эле ырдай алам, бийлей алам да?» деген балалык таарыныч бар болчу. Кийин өзүмдүн аракетим менен бул реалдуулукка айланды.
– Бардыгы эмнеден башталды?
– 4-классымда телевизордон опера ырчысы ырдап жатканын көрүп калдым. Аябай таасир алганым эсимде. Апамдан «мен дагы чоңойгондо ушинтип ырдай аламбы? Ырчы боло аламбы?» деп сурадым. Ал мени карап туруп «жок, кызым, сенин эжелериңде үн бар, талант бар. Алар, балким, боло алышат, сенин үнүң жок, ырчы боло албайсың» деп койду. Менин намысыма ушул сөз өтө катуу тийди. Ички сезимимде сонун үнүм бар экенин билчү элем. Ички чыйралуум менен өз алдынча машыга баштадым. Өзүмчө аспаптарды үйрөнө баштадым. Музыкалык окуу жайда окучу элем, сынактарга катышып, башкы байгелерди жеңип көзгө түшө баштадым. Ошондо мугалимдерим апама чалып «кызыңыз аябай таланттуу экен» деп мактай баштады. Апам мени «ырчы боло албайсың» деп койгондон 3 жыл өткөндөн кийин болгон окуя бул. Бир күнү апам «кана ырдап көрчү, мугалимдериң мактап жатат» деди. Мен фортепианого отуруп Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» деген ырын аткарып бердим. Апам толкунданып ыйлап жиберди, ошондон баштап мага ишене баштады. Учурда чыгармачылыгымдын эң чоң күйөрманы, колдоочум апам десем болот. Ишенгенден кийин апам мени Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга алып барды. Ал жакта эки кесипте окудум, опера ырчысы жана музыка изилдөөчү. Экөөнү тең кызыл диплом менен аяктагам. Азыр Улуттук консерваторияда композитордук бөлүмдө окуйм. Мугалимим белгилүү композитор Муратбек Бегалиев.
– Амбициялуу кыз экениң билинип турат, дүйнөнү багындырам деген ойлоруң да болсо керек.
– Албетте, дүйнөнү багындырам деген оюм бар, өзүмө эч кандай чектөө койгон эмесмин, койбойм дагы. Көп тилде ырдайм. Ички туюмум менен Кудай берген талантыма да, эмгегиме да ишенем. Даярдыктар боюнча айтсам, окуумду жакшы бүтүрүп жатам, кесибимди терең изилдеп жатам, кандай жанр болсо да, кандай стиль болсо да өзүмдү сыноону жакшы көрөм. Кааласам опера, кааласам эстрада, кааласам фольклор же рок, айтор, бүт жанрда ырдай алам. Майкл Жексон, Уитни Хюстон, Димаш Кудайберген өңдүү легендага айланган ырчылар бүт жанрда ырдай алышат эмеспи. Дүйнөнү багындыруу үчүн универсал болуш керек. Мен ошого өзүмдү таптап жатам. Бул мен үчүн жаңы нерсе деле эмес, анткени кичинемден ырдоо менен бирге бийди алып кеттим, Гапар Айтиев атындагы окуу жайда сүрөт боюнча сабак алгам. Өзүмдү көп жактан өнүктүрдүм.
– Кыргызда кайсы жактын кулунусуң деп сурайт эмеспи...
– Мен Кара-Кулжанын кызымын, ал эми Алайдын жээнимин. Өзүм Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин 8-класста Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ошол себептен борборго үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Ата-энем кесиби боюнча экөө тең адвокат. Биздин үй-бүлөдө музыканттар болгон эмес, бирок музыканы терең түшүнгөн адамдар. Атам комузда ойнойт, апамдын укмуш кооз үнү бар. Апамдын үнү менин музыкага болгон табитимди тарбиялады. Эки эжем бар, мен кенжесимин. Эки эжем тең музыкалык мектепте окушту. Бирок ырчылыкты кесип катары мен гана тандап кеттим.
– Сенин атыңды жасоодо кимдердин салымы бар?
– Атымды жасоого эң чоң салымы бар адам – апам. Ал менин продюсерим. Продюсер кандай мыкты иш алып барса да, эмгектин жаратуучусу менмин. Мотору менмин десем болот. Бирок апамдын да эмгеги зор. Ал жанымда жүрөт, эркелигимди көтөрөт, ар дайым таламымды талашат. Бактыма жараша, апамдын колдоосу менен менин чыгармачылыгым тынымсыз өйдөлөп бара жатат. Башында продюсер катары башка адамдар менен иштешчүбүз. Апам продюсерим болгонуна көп деле болгон жок, бирок болгондон тартып чыгармачылыгымда эң чоң өзгөрүүлөр, ийгиликтер болду. Атымды жасоого көп эле адамдар жардам берди. Алардын катарына режиссёр Сүйүн Откеевди кошуп кетсем болот.
– Чет тилде ырдап жүрөсүң, канча тил билесиң?
– Кыялымда дүйнө жүзүндө канча тил болсо, ошолордун популярдуу чыгармаларынын баарын ырдап чыксам дейм. Мен үч тилде кыргыз, орус, англис тилинде эркин сүйлөйм, түркчө, итальянча да билем, бирок эркин сүйлөйм деп айта албайм. Тилдерге аябай кызыгам. Жүрөгүм бардык тилдер үчүн ачык, бирок биринчи орунда дайым эне тилим жашайт.
– Турмушта көп сыноолор бар, ырчы болуу үчүн кандай курмандыктарды кылдың же курмандыктарга даярсың?
– Өзүмдү ырчы эле деп эсептебейм, көп өнөрлүү кыргыз маданиятынын чебери деп эсептейм. Анткени чыгармачылыгым ыр менен эле чектелип калбайт. Билим алган кесибим да көп тармактуу болуп кетет. Эң чоң курмандыгым – бул убактым. 13-14 жылдан бери музыка дүйнөсүнүн ичинде келе жатам. Курмандыкпы билбейм, бирок эл адамы болгондуктан, элдин алдында өзүмдү көзөмөлдөп туруу мага бир аз оор. Жогоруда айткандай, үйдүн кенжеси болуп өтө эркелеп чоңойгом, андыктан өзүмдү кармоо кыйла оор болуп кетет. Бир нерсе жакпай калса туруп басып кетким келет, бирок анте албайм, каалагандай сүйлөй албайм. Эл мени туура эмес түшүнүп калбашы үчүн аракет кылууга туура келет. Кесибимди сүйөм. Андыктан анча-мынча нерселер көп деле ойлондурбайт.
– Жүрөгүңдө чыгармачылыктан башка нерсеге, мисалы, жигитке орун барбы?
– Жеке жашоом тууралуу эч нерсе айткым келбейт, менин күйөрмандарым бул тандоомду сыйлоо менен кабыл алат деп ишенем.
– Өзүңдү, мүнөзүңдү сүрөттөп берсең.
– Жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, адилеттүү, ошол эле учурда эрке, жалкоо, уйкучу кызмын. Көчмөн калктын тайманбаган эр жүрөктүгү менде да бар.
– Ырларды тандоодо кимдин кеңешине таянасың?
– Бир көргөндө сүйүп калуу деген нерсе бар го. Ошол нерсе ырларга карата колдонулат менде. Андыктан өзүмдүн жүрөгүм тандайт деп айтсам туура болот. Эгерде менин жүрөгүмө жетпесе, ал ырды башканын жүрөгүнө жеткире эч аткара албайм. Менин тандоом болгондон кийин апама айтам. Апам жактырышы же жактырбашы мүмкүн. Бирок мен ал ырды сүйүп калсам, эч кимдин оюна карабай эле ырдап чыгам.
– Казактардан Димаш Кудайбергенов менен кыргыздардан сени дуэт аткарса деген көп комментарийлерди окудум.
– Ооба, бул тууралуу казактар көп жазышат. Албетте, мени кубандырат.
– Максаттуу жаштар өсүп келе жатканы кубандырат. Келечек пландарыңды айта кетсең.
– Карантин учурунда мен үчүн чоң чыгармачыл ачылыштар болду. Өзүмдүн автордук «Чаңырык» деген чыгармамды жараттым. Сөзү, обону меники. Азыр клип тартылып бүтүп, элге тартууладык. Кыйналып турган элге дем-күч берүү максатында ырды жараттык. Күйөрмандардын колдоосуна ээ болот деп ойлойм.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg