ЭМИ ФУТБОЛ ТАЛААСЫНДА ЖӨТӨЛҮҮГӨ БОЛБОЙБУ?

Мындан ары Англия футбол чемпиондугунун калыстары оюн талаасында каршылаштарына карап атайлап жөтөлгөн оюнчуларга чара көрүшөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, англиялык футбол ассоциациясы коронавирус пандемиясына байланыштуу оюн талаасындагы эрежелерге өзгөртүү киргизди.

Жаңы киргизилген эрежеге ылайык, эгер оюнчу футбол талаасында атайлап эле каршылаштарына карап жөтөлсө оюн талаасынан чыгарылат. Калыстар оюнчуларга кызыл же сары айып кагазын тапшырат.

Англиялык футбол жетекчилери атайлап жөтөлүүнү муштум менен бир сокконго барабар деп эсептешет.

Эскерте кетсек, Англиянын футбол боюнча жаңы сезону 12-сентябрда башталат.

Жолдубек Качкынбаев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан