Футбол боюнча Улуттук курамдын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт “Дордой” футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты маалымат жарыялады.
34 жаштагы футболчу Улуттук курам менен бирге көптөгөн мамлекеттерге каршы беттештерде Кыргызстандын намысын коргогон. Ал Германия, Нидерландия, Финляндия жана Польша өлкөлөрүндөгү ар түрдүү деңгээлдеги Лигаларда ойногон клубдардын курамында да ойноп келген. Футболчу 2015-жылдан баштап Улуттук курам менен 38 оюнга катышып, төрт жолу гол киргизген. Тransfermarkt чыгарган акыркы рейтингге таянсак, Эдгар Бернхардттын баасы 100 миң еврону түзөт.
Жолдубек Качкынбаев
sport@super.kg