Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку Лигасы саналган Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндары 7-августта жанданат. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-Лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Нурболот уулу массалык маалымат каражаттарына билдирди.
“4-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку Лигасы саналган Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндарын улантууга уруксат берди.
7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында “Алай” менен “Абдыш-Ата”, “Илбирс” менен “Кара-Балта” командалары беттешет”,- деп билдирди Нурболот уулу.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышкан.
Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку Лигасы саналган Кыргыз Премьер-Лигасында 8 клуб ойнойт. Алар: «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары.
Жолдубек Качкынбаев
sport@super.kg